БИР БҮРКҮМ. ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫ ТОЛО БАШТАДЫ...

  • Президент Садыр Жапаров майдын аягында Орусияга иш сапары менен барары белгилүү болду.
  • Быйыл Ысык-Көлдө туристтик маалда коомдук коопсуздукка 710 милиция кызматкери көз салары айтылды.
  • 10-майга карата өлкөдө 43 миңге жакын жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
  • Өлкөдө 2021-жылдын алгачкы 4 айында пенсия жана жөлөкпулдарга бюджеттен 16 миллиард 577 миллион сом жумшалды.
  • Өзгөндө 11-майда 8 жашар бала сел агызып кетип каза болду.
  • 5-9-май күндөрү Ош шаарында Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.
  • Элчибек Жантаев Ысык-Көл облусунун жетекчиси кызматынан бошотулуп, Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.
  • Ысык-Көл облусунун жетекчиси болуп Мирбек Кожоев дайындалды.
  • Токтогул суу сактагычы толо баштады, 11-майга карата анда 9 миллиард 372 миллион метр куб суу бар.
  • 11-майда Кыргыз өлкөсүнүн жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Кытайда иш сапар алкагында жолугуп, Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.
  • Базарбай Мусабеков Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды.
  • Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы башкы консулу кызматына Лира Сыдыкованын талапкерлиги сунушталды.
  • Виктория Мозгачева Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 962, 13-19-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан