Быйыл 11-апрелде өткөн Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Мындай чечимди 11-майда БШК кабыл алды.
Буга чейин Ош шаарындагы 78 шайлоо тилкесинин 27синде шайлоо жыйынтыктары жараксыз деп табылган. Жумушчу топтун бул сунуштамасы БШКнын жалпы жыйынында колдоо тапты. Ош шаардык кеңешине шайлоодогу үгүт кампаниясы учурунда айрым партиялар тарабынан массалык мыйзам бузуулар болду деген пикирлер айтылып, талкуу жараткан.
Эми Ош шаардык кеңешине кайрадан шайлоо өтүүгө тийиш. БШК президент Садыр Жапаровго кайрадан шайлоо өткөрүүнү жарыялоо жана ага өткөн шайлоодо добуш сатып алуу, шайлоо күнү үгүт жүргүзүү, административдик ресурсту колдонуу өңдүү мыйзам бузууларга аралашкан талапкерлерди катыштырбоо өтүнүчү менен кайрылды. Кайрадан шайлоо кайсы күнгө дайындалары азырынча белгисиз.
11-апрелде өткөн шайлоодо “Ата Журт Кыргызстан”, “Улуттар биримдиги”, “Ыйман нуру” жана “Ынтымак” партиялары жеңишке жетти деп жарыяланган.
Ал эми Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгы 17-майда жарыяланары айтылды.
Жолдубек Качкынбаев