Дамира Жолдошева: "КЫЗЫМДЫН АСЫНЫП ӨЛГӨНҮНӨ ИШЕНБЕЙМ, КҮЙӨӨ БАЛАМ..."

Сузак районунун 24 жаштагы тургуну, 5 баланын энеси өз жанын кыйды деген маалымат чыккан. Келиндин денеси сарайында асынып турган абалда табылды. Маркумдун ата-энеси кызынын өлүмүнө күйөө баласынан шектенип, милицияга арыз менен кайрылды. Алар эмне үчүн "өз өмүрүнө кол салды" дегенге ишенбей жатышат?

“КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ”

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат таратты:

– 2021-жылдын 23-апрель күнү саат 19:30 чамасында Сузак районунун Таш-Булак айылынын 1996-жылкы тургуну Э.К. өз короосундагы сарайда асынып каза болгон. Сузак РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып кароо жүргүзүп, тиешелүү материалдарды чогултту. Бул окуя Сузак РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 136-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

“КЫЗЫМДЫ 16 ЖАШЫНДА АЛА КАЧЫП КЕТКЕН”

Тун кызын жоготуп кан жутуп турган Дамира Жолдошева ичиндеги муңун айтты:

–Кызымды 9-класста окуп жатканда өзүнөн 13 жаш улуу жигит, башкача айтканда, биздин кошунабыз ала качып алган. Ал биз көрүп-билип жүргөн бала эле. Үйлөнүүгө 3 жыл кыз издеп жүрүп, аягында менин жаш кызымдын башын айлантып алыптыр. Куда тарап келиндерине кордук көрсөтүшчү, бир баласы азыр төртүнчү аялы менен жашап жатат. Кызымды ала качканда алардын сырын билгендиктен жолдошум экөөбүз каршы болдук. Отургузбайбыз, алып кетебиз деп ызы-чуу салдык. Туугандар, коңшу-колоңдор “алып кетпегиле” деп кызыбызга жолотпой жатышты. Күйөө балам “кызыңызды бактылуу кылам, ишениңиз” деп бутума жыгылып, жалынды. Эптеп кызымдын үстүнө кирсем, “апа, жашайм” деди. Аягында айласыздан макул болдук.

“КҮЙӨӨ БАЛАМ КҮН КӨРСӨТЧҮ ЭМЕС”

– Кызым жолдошу экөө 8 жыл ичинде 5 балалуу болушту. Күйөө балам 12 бир туугандын үчүнчүсү. Эки жыл мурун ата-энесинен бөлүнүп, өздөрүнчө жашай башташкан. Үч-төрт үй ары жакка үй салышкан. Ошондо эми тынчыраак жашашат турбайбы деп сүйүнгөм. Бирок болгон жок. Күйөө балам кызымды “түрксүң” деп кордочу экен. Анткени биздин улутубуз түрк. Кызым бизге көп нерселерди айтпай ичине катчу. Ыйлап келгенде “болду, жашабайсың” дечүмүн. Бирок биз үйдө жок учурда күйөө балам кызымды алып кетип калчу. Алдыбыздан өтүп, кечирим сурап алып кетчү эмес. Акыркы жолу өлөрүнөн 3 күн мурун сүйлөшкөнбүз. Баары жакшы деп жаткан. Биз адырдагы сарайга кеткенбиз. Интернет жоктугунан өлгөн күнү кызым менен байланыша алган эмесмин.

“КЫЗЫМДЫН БАЛДАРЫН КӨРСӨТПӨЙ ЖАТЫШАТ”

– Ошол күнү кечке жуук кайнагам келип, “тууганыбыз ооруп жатат” деп бизди адырдан айылга алып кетти. Барсак күйөө баламдын үйүндө ызы-чуу болуп жатыптыр. Кызымдын жаагын таңып, буттарын байлап жаткырып коюшуптур. Эмне кыларымды билбей нес абалда калдым. Эмне болуп өлгөнүн сурасам эч ким унчукпайт. Милиция кызматкерлери келгенде асынып алганын уктум. Кызым өлө турган кыз эмес эле. 5 баласын таштап кетмек эмес. Күйөө балам өзү эле өлтүрүп койду окшойт, өлтүрбөсө да ошого жеткирди. Эми жээн неберелеримди көрсөтпөй үйүнө камап жатышат, дарбазасын ичинен илип алышкан. Кызымдын балдарын өзүбүз багып алууга кудуретибиз жетет. Алар биздин үйдө эле чоңоюшкан. Эми алардын тагдыры кандай болот, билбейм.

“КЫЗЫМ КҮЙӨӨСҮНҮН КӨЗҮНӨ ТИКЕ КАРАЙ АЛЧУ ЭМЕС”

Маркум келиндин атасы Салахидин Эшботоев тергөө иштери жакшы жүрбөй жатат деп нааразы:

– Кызым турмушка чыккан соң окуусун бүтүрө алган жок. Ыймандуу, тартиптүү эле. Күйөөсүнүн көзүнө тик карай алчу эмес. Ал каза болгон күнү биз адырда элек, жолдун боюнда тургандыктан күйөө балам машинасын катуу айдап өткөнүн көргөм. Ошондон бир жарым саат өтпөй кызым каза болду. Өзүн-өзү асып алганына ишенбейм. Анткени ошол күнү кызым өлүмдү эмес, балдарын ойлоп, алардын кийимдерин жууйм деп казанга суу жылыткан экен. Менимче, ошол күнү талуу жерге чаап, өлтүрүп алып, айыбын жашыруу максатында кызымды өзү эле жипке асып койгон. Буга айрым жүйөлөрдү келтирип берем.

Милицияга арыз жаздык. Бирок тергөө иштери жакшы жүргүзүлбөй жатат. Күйөө баламдын бир тууганы аймактык милиция кызматкери болуп иштегендиктен ал калкалап жатат окшойт. Акыйкатты табууга жардам сурайм.

“ИНИМ КЕЛИНЧЕГИН АСЫНГАН АБАЛДА ТАПКАН”

Маркум келиндин жолдошу менен байланышуу мүмкүн болбоду. Анын бир тууган эжеси Гүлнур Омошова буларды билдирди:

– Ич-ара териштирдик. Келинибиз ооруканада жатканда ошол палатада жаткан Нургүл (аты өзгөртүлдү) деген келин экөө Айгүл (аты өзгөртүлдү) аттуу келинди ушакташат. Ал ушакты Нургүл Айгүлдүн энесине жеткирет. Келиним ооруканадан чыгып келген соң Айгүлдүн энеси "муну күйөөңө, туугандарыңа айтам" деп биздин келинди коркутуптур. Жыйынтыгында келин коркконунан өзүн асып алды окшойт. Кыскасы, бул маселе майда-чүйдө ушактан эле жаралды. Келиним каза болгон күнү иним жумуштан кийин алгач ата-энесинин үйүнө келип, андан соң өз үйүнө барганда келинчегин асынган абалда таап жатат.

Ашыкча эч нерсе билбейбиз. Калганын тергөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт.

Келинибиз өзүбүздүн айылдын кызы болгондуктан апасы жашоосуна аралашып жүрчү. Кандай сөздөн улам кызы каза болгонун апасы деле билсе керек. Келинимдин телефонун апасы милиция кызматкерлеринен алып коюптур, болбосо анын телефону аркылуу милиция ишти дыкат иликтемек.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Sezimim...
2021-05-17 14:36:21
Кайын эже сорой ушак учун 5 баланды таштап сен асынып алат белен? Доорубочу тооба кылдым... Ушакка жакын неме окшойсун бети жок,ким озу кандай болсо башкаларды озундой ойлойт болуп.
+17
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-05-17 16:16:46
16 жашта неге күйөөгө берет?!түрк болсо бок жегени үйлөнөбү?урат экенин билет экен, анан неге 5 баланы төрөп салды?!
+6
Bolotbek9191
2021-05-17 23:53:49
Жаткан жери жайлуу болсун байкуш балдарына эле кыйын болду
+6
Kari
2021-05-18 02:15:37
Bolotbek9191,Адашып басылып кетти минус.Жаткан жери жайлуу болсун.5 балалуу эне балдары учун баарына чыдап жашамак.Жакшылап текшеруу керек.Озун озу олтурбойт болчу.Балдарын бироого ,ишеничтуу колго тапшырмак,эгер ошондой эле болбой баратса.Уруп эле олтурупиалбады бекен.Анан изин жашырып асып койбоду бекен.Экспертизадан чыгат эми,акыйкат болсо эгер.
+7
kkkk3259780
2021-05-18 11:33:47
тооба кылдым.
+4
Sara1993
2021-05-18 17:12:36
Албетте иним кунолуу эмес деп айтат да, ошон учун урматтуу айымдар озунордун укугунарды билгиле, эч ким силерди таарынтканга , кол которууго акысы жок.Балдар учун жашаш керек деп журо берсенер бир куну ушунтип олтуруп койот.
+5
Sara1993
2021-05-18 17:14:13
Бала учун жашайм дегендер, баланар наоборот кайра кыйналат, силердин урушуп жатканыныарды коруп омур бою коркуп жашайт жана озуно дагы атасындар бала табат аа жашоо ушундай экен деп жашай берет , атам деле апамды урушчу деп.
+8
№ 962, 13-19-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан