БАТКЕН ЭЛИ ТАЖИКСТАНГА ЖҮК ӨТКӨРБӨӨ ҮЧҮН УНААЛАРДЫ ТЕКШЕРИП ЖАТЫШАТ

Баткендин жашоочулары Тажикстанга аткезчилик менен жүк ташууга каршы чыгып, оор жүк ташуучу унааларды токтотуп текшерип жатышат. Интернетке тараган видео тасмаларга таянсак, бул аракеттер жаңжал менен коштолууда.

11-майда Баткен аймагынан Тажикстандын оор жүк ташуучу 3 унаасы токтотулуп, андагы ызы-чуу тартылган видео жарыяланды. Анда Баткен ОИИББинин бир кызматкери жол тоскон жарандарды сөгүп, кекетип-мокотконун көрүүгө болот. Облустук милиция маалыматты тастыктап, ал кызматкер боюнча кызматтык териштирүү башталганын билдирди.

– 11-май күнү Баткенде 3 тажик жаранынын оор жүк ташуучу унаасы эл тарабынан токтотулуп, ызы-чуу салганда ОИИББдин айрым кызматкерлери тарабынан одоно мамиле жасалган. Ошол жерде турган жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видеолору таркап, милицияга карата терс пикирлер жазылды. ОИИББдин кызматкерлеринин жүрүм-турум нормаларына туура келбеген жагдайларды жаратканы үчүн кызматтык териштирүү башталды. Жыйынтыгында бул кызматкерге тартиптик чара колдонулат,- деп айтылат Баткен ОИИББинин маалыматында.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 962, 13-19-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан