Темир Дамирбеков, ырчы: «БЕК БОРБИЕВ МАГА МОТИВАЦИЯ БЕРГЕН»

Кыргыз сахнасында өз ордун таап, талыкпай эмгектенип келе жаткан ырчы Темир Дамирбеков менен баарлаштык. Бул аны менен болгон биринчи маегибиз. Ырдап гана тим болбостон, ыр жазып, обон чыгарган таланттуу мырза менен таанышып алыңыз.

Туулган жери – Баткен, Сүлүктү шаары

Туулган жылы – 1991-жыл, 4-сентябрь

Билими – жогорку, программист

Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын кенжеси, бойдок

Репертуарындагы ырлары – “Туулган жер”, “Жүрөгүңдү ач, ач”, “Ак тилек”, “Жаным”, “Энекебай” жана башка

– Темир, саламатсызбы? Сиздин чыгармачылык жолуңуз алып баруучулук кесиптен башталган экен...

– 2011-жылы жаңы радио ачылып калды. Кастингге барып өтүп кеттим. Максатым – тааныш арттырып чыгармачылыкка аралашуу эле. Ди-джей болуп иштеп дикциямды оңдодум, тааныш күттүм, кийин телевидениеге алып баруучу болдум. Азыр той-топурларда алып баруучу болуп калам.

– Өзүңүз ыр жазып, обон да чыгарат экенсиз?

– 2015-жылы “Туулган жерим” деген биринчи ырымды жараткам. Сүйүү, махабат тууралуу эмес, туулган жериме арнап ыр чыгаргым келди. Борбор калаабызга студент болуп келгенден бери туулуп-өскөн Сүлүктү шаарыма көп барбай калгам. Балалыкты, көчө чаңытып ойноп жүргөн кезимди сагындым. Алгач сөзүн жаздым. Бир айдан кийин обону чыкты. Бек Борбиевдин студиясына ырды жаздырганы барсам Бек агай “бери келчи, сен кимсиң?” деп жанына чакырды. “Чыгармачылыкка жаңы аралаша баштадым, ырдап чыгайын дегем” десем. “Бул ыр кимдики?” дейт, “өзүмдүкү” десем, “ырың жакшы экен, “Сүлүктү” десең бир гана ошол жерге арналып калат. “Туулган жер” деп чыгар, бардык жерге арналсын” деген кеңешин берди. Анан студияда иштеген балдарга “ушундай таланттуу жигитке жардам берип койгула” дегени чоң мотивация берди. Ыр жакшы чыгып, радиолордон жаңыра баштады. Ошол ыр менен чыгармачылык жолум башталды. 2018-жылы кастингден өтүп, Лутфилла Бусурманкул уулу менен иштешип баштадым. Бүгүнкү күнгө чейин продюсер-шакирт эмес, бир туугандай болуп иштешип келебиз. Келишимибиз башында 3 жыл болчу, кийин 5 жылга узарттык. Азыр “келишимибизди өмүр бою кылып койбойлубу?” деп калам (күлүп).

– Ыр тандоодо ким менен кеңешесиз?

– Бир ыр чыгарганга 1-2 жыл кетет. Ырдын сөзүн улам оңдоп акындарга көргөзөм. Продюсерим менен кеңешем. Кээде ыр менен обон бири-бирине төп келип, бирок ырчыга туура келбей калса ыр хит болбой калат. Жаңы ыр жазып бүттүк, клиби менен кошо элге сунуштайлы деп турабыз. Ал дагы “Жүрөгүңдү ач, ач” ырым сыяктуу элдин жүрөгүнөн түнөк табат деген ойдомун. Ырчылар ыр жаздырганда продюсерибизге, сахналаш досторубузга угузуп кеңешебиз. Анча эмес ыр болсо “жакшы, жакшы” дешет, жакшы ыр болсо “мындан хит жыттанып жатат” деп калышат. Жаңы ырым тууралуу жакшы сөздөрдү угуп жатам.

– Хайп темасына кандайсыз?

– Хайпка чыдабайм. Продюсерим менен жаңы иштешип баштаганда “продюсер балдарын сабайт экен” деген хайп чыгып кеткен. Аны угуп апам сарсанаа болуп улам чалат. Байкелерим да чалат “эмне болду?” деп. Ошондо продюсериме “мен мындайга чыдабайт экенмин” дегем. Ошон үчүн хайп жаратпайм. Атың чыкпаса жер өрттө эмес, үлгүлүү тарабым менен таанылгым келет.

– “Жүрөгүңдү ач, ач” деп ырдайсыз. Бирөө жарым жүрөгүңүздү багынта алдыбы?

– Азырынча жүрөгүмдүн ээси жок. Бирок издеп жүрөм. Кыргыз кыздары татынакай, сулуу болгондуктан кимисин сүйүштү билбей башым айланып жүрөт (күлүп). Ошол сулуулардын арасынан өмүрлүк жарым болчу бийкеч табылса керек. Тапсам эле сиздер аркылуу жар салам.

– Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз...

– Алгач туулган жерим тууралуу баштайын. Мен Исхак Раззаковдун киндик каны тамган, өрүк зарлуу, көп улуттуу, кенчилердин шаары болгон Сүлүктүнүн кулунумун. Ошол жакта балалыгым өттү, мектепти бүтүрдүм. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын эң эркеси, көкүрөк күчүгү менмин. Байкем, эжем бар. Бир туугандарым да чыгармачыл адамдар. Замир деген агам музыкант. Экөөбүз дуэт жаздырып, жеке концертимде ырдап чыктык. Эжем да ырга жакын эле, турмушка чыкканда жездем уруксат бербей ырдабай калды. Буулукканда, үйдө эч ким жокто кыйкырып-кыйкырып ырдап алса керек (күлүп).

Атам музыкант, аспаптардын бардык түрүндө ойнойт. Ал мени бала бакчадан баштап ырдата баштады. Окуучу кезимде “Жаш талант” кароо-сынагына катышып жүрчүмүн. Бүгүнкү күн менин кыялым болчу. Кыялым орундалып, ушул күнгө жеткениме ата-энемдин салымы чоң, аларга ыраазымын. Элге кызмат кылган, элдин батасын алган уулду тарбиялашты. Апам врач болуп иштейт. Башында ырчы болгонума каршы болуп, “башка кесиптин ээси болбойсуңбу?” деп жүрдү. Анткени мамлекеттик кызматта иштегендер эртең менен 8де үйдөн чыгып кетип, кечинде 5те келген жумушту гана олуттуу жумуш катары эсептешет. Ыр жазып, обон чыгарып, дуэт жаздырып элге көрүнгөндөн кийин апам да колдоп баштады. Ырымды угуп, клиптеримди көрүп “дагы кандай ыр чыгарып жатасың?” деп сурап турат.

– Сыймыктанганы байкалабы?

– Апамдын сүрөтүн интернетке чыгарып койсом, кечинде чалып “бул Темир Дамирбековдун апасы деп таанып гүл беришти, үйгө жеткирип коюшту” деп калат. Ичинен сыймыктанса керек. Бирок эдиреңдеп кетпесин дейби сыймыктанганын ачык айтпайт. “Жакшы жүр, бирөөгө катуу сүйлөбө, көп сүйлөбө, жылмайып жүр” деп кулагыма куюп турат.

– Кимге окшошсуз?

– Бала кезде атама окшош элем, чоңойгон сайын апама окшошуп баратам. “Эр жигит тайын тартат” дегендей, тай тарапка окшошуп баратат окшойм.

– Бала кезиңизден да кеп салып берсеңиз?

– 6-класска чейин жоош бала болчумун. Арык, боюм кичинекей эле. Бою узун классташ кыздарым артымдан чуркап жетип келип кар менен урганы дагы эле эсимде. 9-класста дене тарбия сабагында тизилгенде эң акыркы турсам, 10-класста 2-болуп туруп калдым. 1 жылда боюм өсүп кетти. Ошондо кыздарга эмес, өзүмдөн кичүү балдарга кыйын болуп тийише баштадым. Чүкөнүн “атасы” болчумун. 1 сомго 2 чүкө сатып бизнес кылчумун (күлүп). Мыкты окуучу болчумун деп айта албайм, 4-5ке окудум.

– Кимди кумир тутчу элеңиз?

– Ырчылардын арасында эң жаш болгону үчүн Ильяз Абдыразаков кумирим болчу. Жаш болсо да Мирбек Атабеков, Султан Садыралиевдин ырларына аранжировка жасаганын угуп, аны жанынан көрсөм деп кыялданчу элем. Чыгармачылыкка аралашып, иниси Нияз Абдыразаков менен достошуп калганда Ильяз агабыздын үйүнө барып таанышкам. Өзүнө да “сизди кумир тутуп чоңойгом” дегем.

– Сөз соңунда окурмандар менен бөлүшө турган жаңылыгыңыз барбы?

– Марттын башында Баткендин Лейлек, Сүлүктү шаарларына барып жеке концертимди берип келгенбиз. Эми кыргыз өлкөсүн түрө кыдырып, гастролго чыкканы жатабыз.

– Маегиңизге рахмат! Концертиңиз ийгиликтүү өтсүн!

Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
Темир Дамирбеков: “Ильяз Абдыразаковду кумир тутчу элем”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 962, 13-19-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан