.
КОЙ (21.03-20.04)
Жумушта, үйдө иштер көп чыгат, бирок баарына жетишесиз. Изденүүнүн арты менен акыл-эс кампаңыз, жан дүйнөңүз кеңейет. Досуңуз сизди керектүү жаңы адамдар менен тааныштырат. Өзүмчүлдүк адат чөйрөдөгүлөргө жаман көрсөтөрүн унутпаңыз. Чач жасалганы, макияжды өзгөртүп, гардеробду жаңылаңыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жетекчиликтин сизге мамилесин жакшы жакка өзгөртүп, стандарттуу эмес сунуштарыңыз менен кызыктыра аласыз. Жеке жашооңузда позитивдер орун алат. Чырлар жана талаштар артта калды. Өз күчүңүзгө болгон ишенимди жоготпой, алга жыла бериңиз. Алыстан келгендерге сый көрсөтөсүз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эмне пландасаңыз да биринчи жолуккан кыйынчылыкта эле андан баш тартып койбоңуз. Акырындап жолго коюлуп, аягы жакшы бүтөт. Сизге кубаныч тартуулагысы келгендер чыгат. Андыктан жагымдуу сюрпризге туш болушуңуз ыктымал. Эски душмандардан өч алууну ойлоп, жакшы кырдаалды бузуп жибербеңиз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Өзгөчө идея жана чыгармачылыктын арты менен тапканыңыз көбөйөт. Үйдө гармония орун алат. Бирөөлөргө белек сатып алууңуз ыктымал. Алыс жакка барып келүүгө сунуш түшөт. Эски таанышыңыз кайсы бир иш боюнча сизди айыптайт. Туурасын айтып, ордуна коюу керек. Күтүлбөгөн чыгымдар чыгат.
АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада үйдөгүлөр, тааныштар сизге жакшы колдоо көрсөтүшөт. Бирок "эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка калат" болбой, бир убакта бир нече ишке киришпөө керек. Өнөкөт оору козголбошу үчүн жол жүрүүдөн карманыңыз. Тапкан акчаңызды үйдөгүлөрдөн жашырбаңыз, аныңыз билинип пикир келишпестик чыгышы ыктымал.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жашооңузга өзгөртүү киргизүү тилегиңиз акырындап ишке аша баштайт. Туугандар менен үйдөгүлөр бир маселеден улам талашып-тартышат. А сиз эки жакты тең капа кылбагыдай туура сүйлөңүз. Жаман адаттардан, ашыкча акча коротуудан карманыңыз. Чакырган жерге барып, маалыматтарга байып кайтасыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жеке фирмаларда иштегендер келишимде көрсөтүлгөндөрдү сактоолору кажет, болбосо жумуштан кол жууп калышат. Ушак чыкпашы үчүн жеке жашооңуздагы маселени чечүүдө ишенимдүү гана адамга кайрылыңыз. Жакыныңыздын муктаж болуп жаткан нерсесин алып бересиз. Аллергияга кабылбоо үчүн тамак-ашты ылгап жеңиз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Чыгармачылык жана энтузиазм талап кылынган иштер жемиштүү болот. Чыр жаралган учурда компромисске барууга туура келет. Ушундан улам жашоого, өзүңүзгө нааразы болууңуз мүмкүн. Үйдө түйшүктү жеңилдетүүчү тиричилик техникасын сатып аласыз. Хоббини акча алып келүүчү булакка айлантууну ойлонуңуз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Күмөн туудурган сунуш же иш болсо макул болуудан мурун артын ойлоо керек. Аягында сиз күнөөлүү болуп калбаңыз. Айрымдар кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттатуу менен убара болушат. Социалдык тармактан табышкан адамыңыз менен жолугууңуз ыктымал. Унаа сатып алуу же гараж, сарай курууга каражат издейсиз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кызмат ордунан жогорулоо тилегиңизди ишке ашырууга далалаттанбай туруңуз. Артык кылам деп тыртык кылып алууңуз мүмкүн. Сүйүктүүңүз тууралуу жагымсыз сөздөрдү угасыз. Чычалап, жинденгендин ордуна канчалык чындыгы бар экендигин талдап көрүңүз. Коомдук унаада жеке буюмуңузга сак болуңуз, уурдатуу коркунучу бар.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Иште же окууда позитивдүүлүгүңүз жардам берип, ишиңизди алга жылдырчулар табылат. Үй буюмдарын жаңыртуу максатында базар кыдырууңуз ыктымал. Бирөөлөрдүн тилине кирип күнөөсүз адам менен урушуп кетпөө кажет. Чет өлкөдө иштеп келүү тилеги барлар чет тилин, маданиятын өздөштүрүүгө киришет.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Сиздин ашыкча ишенчээктигиңизден колдонгусу келгендер чыгат. Андыктан мактанып, калп убада бергендер менен байланышпаңыз. Жакын таанышыңыздын ийгилигин белгилөөгө катышууңуз мүмкүн. Үйдө майда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүңүз ыктымал. Карыздарыңызды кайтарып беришет.