Түркиялык профессор: "БАЛАЛУУ БОЛО АЛБАЙ АЖЫРАШКАНДАР КӨП!"

Бишкектеги “Анкалайф” аялдардын ден соолугуна кам көрүү жана экстракорпоралдык уруктандыруу клиникасынын негиздөөчүсү Жихангир Чакыжы менен ЭКО ыкмасы тууралуу маек курдук.

ПРОФЕССОР ТУУРАЛУУ

Жихангир Чакыжы 1959-жылы 12-июнда туулган. 1983-жылы Түркиядагы Хажеттепе университетинин медицина факультетин аяктаган. 1985-жылдары Гази университетинин гинекология кафедрасында, 1996-жылдары Анкара ооруканасында эмгектенген. 1999-жылдан бери Жихангир Чакыжы жеке клиникасын негиздеп, миңдеген үй-бүлөгө бала жытын искетип, кубаныч тартуулап келет. Көптөгөн сыйлыктардын, илимий наамдардын ээси.

– Клиника тууралуу айта кетсеңиз. Бүгүнкү күнгө чейин канча наристе ЭКО жолу менен жарык дүйнөгө келди?

– «Анкалайф» айымдардын саламаттыгын сактоо жана ЭКО борборун ачканыма 6 жыл болуп отурат. 6 жыл аралыгында 500дөн ашык наристе жарык дүйнөгө келди.

– Башыңыздан өткөн кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз.

– Ооба, албетте, андай окуялар кездешпей койбойт. Бир пациентим эки жолу TESA (эркек уруктугунун бел суусунда жоктугу) кызматына кайрылып, бирок эркек уруктугу чыкпай, бул жакка келгенде гана андай мүмкүнчүлүккө ээ болгон. ЭКО тармагы Түркия мамлекетинде алда канча өнүккөн, бирок Түркиянын Стамбул, Анкара жана башка шаарларында ЭКО жасатып боюнда болбогон пациенттердин арасында Кыргызстанга келип кош бойлуу болгондор көп. Иш тажрыйбамда башка мамлекеттерге салыштырмалуу бул жакта бир төрөгөндө эгиз, үч эм төрөө (многоплодная беременность) көп катталат.

– ЭКО жолу аркылуу балалуу болуу үчүн бардык эле каалоочулар кайрыла берсе болобу?

– Ооба, кээ бир учурда биопсия кызматын колдонгондон кийин уруктук чыкпай калуусу да мүмкүн. Мындай учурда донор кызматын сунуштайбыз. Климакска чалдыккан айымдарга да донордун уруктугун сунуштайбыз. Бул жерде баса белгилеп айта кетчү нерсе, Кыргызстанда донор кызматын колдонуу мыйзамдаштырылган. Кээ бир айымдардын кандайдыр бир себептерден улам жатыны (маткасы) жок болот. Мисалы, тубаса жок туулган же кийин эндометриоз, же миома оорусунун айынан операция жолу менен алынып салынган. Ушундай учурларда карын эне (суррогатная мама) кызматы сунушталат. Мындай мүмкүнчүлүктөр башка мамлекеттерде жок.

Биз медициналык туризм кызматын дагы ийгиликтүү ишке ашырып келүүдөбүз. Ошол эле Түркия, Өзбекстандан айына 10дон ашык пациенттерим донор кызматын колдонуу үчүн бул жакка келишет.

– ЭКОну кайсы жашта жасатса натыйжасы жакшыраак?

– 35 жаштан баштап аялдардын жумурткасы азайып баштайт. Жумуртка азайганына байланыштуу бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү дагы төмөндөйт. Эркектердин 50 жаштан кийин уруктугунун саны азаят. Ошондуктан пациенттер убагында дарыгерге көрүнүп, тиешелүү анализдерди тапшырып, убакыттан уттурбоолору керек.

– Кыз же уул каалагандардын каалоосу орундалабы?

– Жок, тилекке каршы, кыз же уул деп жыныс тандоого мыйзам жол бербейт. Ал эми кээ бир учурда тукумунда майып төрөлүү коркунучу болсо биз аларга ПГД (имплантацияга чейинки генетикалык диагностикалоо) анализин сунуштайбыз.


– Ал эми эгиз кааласачы?

– Айымда канчалык жумуртка көп болсо, ошончолук үч эм, эгиз балалуу болуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Бирок көп түйүлдүктөрдүн эрте төрөлүү коркунучу бар.

– ЭКО жана табигый жол менен төрөлгөн балдардын айырмасы барбы?

– ЭКО аркылуу төрөлгөндөр менен табигый жол менен жарыкка келген балдардын эч кандай айырмачылыгы жок. Биз табигый жол менен болбой жаткан нерсени медицина ыкмасы менен ишке ашырып жатабыз. Пациенттер берген эң көп суроолордун бири: ЭКО ыкмасы менен төрөлгөн балдар кийин өздөрү балалуу боло алабы? Албетте, боло алышат.

– Орто Азия боюнча эң алдыңкы ЭКО клиника экениңиздер талашсыз. Мындай ийгиликке кантип жеттиңиздер?

– ЭКО ийгиликтүү болушу үчүн заманбап технологиялар, өз ишин мыкты билген ЭКО адис, эмбриолог, репродуктологдор керектелет. Биздин клиникада Түркиядан келген профессор, мыкты эмбриолог, медицина илимдеринин кандидаттары, жогорку квалификациядагы адистер иш алып барышат.

– Тукумсуздуктун айынан ажырашкан үй-бүлөлөр көп болсо керек?

– Ооба, аябай көп. Эң өкүнүчтүүсү, Кыргызстанда аялы төрөбөсө кайненелери кийлигишип, башка аял алып беришет экен. Анын да боюнда болбосо, башка дагы бирөөнү алып беришет. Аягында гана тукумсуздук эркектен экендиги аныкталат. Ошондуктан эрте жыйынтык чыгарбастан, көйгөй болсо эки тараптуу карап, тийиштүү адистерге кайрылуу зарыл. Балалуу болуу жалгыз гана аялдан көз каранды эмес. Азыр интернет кулач жайып турган мезгил. Мурдагыга салыштырмалуу тажрыйбалуу адистер да көп. Тартынбастан дарыгерге көрүнүп маселени чечсе болот.

Биздин клиниканын эшиги ар дайым ачык. Сиздерге колубуздан келген жардамды көрсөтүүгө даярбыз.

Клиниканын дареги: Бишкек шаары, Горький көчөсү, 21

Телефондор: 0770 220 157, 0701 220 175

www.ankalifebishkek.com

Instagram
: ankalife_official

Facebook: Ankalifebishkek


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 962, 13-19-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан