АЯЛДАРГА СЕКСТИН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Мен жашым өтүп баратса да турмушка чыккым келбейт. Жеңелерим менен күйөөгө тийген курбуларым “турмушка чыкпасаң (эркек менен болбосоң) бат картайып, оорукчан болуп каласың” дешүүдө. Ошондуктан, мен секстин аял үчүн кандай мааниси бар деп сурайын дегем. Айка, Карабалта.

– Секстин аялзаты үчүн пайдасы чоң. Айтып өтсөк төмөнкүчө:

1. Секс аялдарды жашартат.
Жыныстык катнаштан кийин аялдардын канында «Сүйүү гормондору» көбө­йөт. Ошондуктан, аялдардын чачтары жылтылдап, терилери жумшарып, бырыштары жазылып, өңдөрүнө сулуулук кирет. Анан дагы аялдардын канында жана денесинде ар кандай ооруларга каршы туруучу күчтүү дарылоочу заттар (эндорфиндер) пайда болот.
2. Аялдарды баш оорулардан сакайтат.
Себеби, жыныстык катнаштан кийин аялдардын мээсинде «нейрон» деген жаңы клеткалар пайда болот. Бир жумада эки же үч жолу жыныстык катнашта болгон аялдарда мээге кан куюлуп кетүү (инсульт) оорусу эки эсеге азаят.
3. Секстен кийин аялдардын ооруган жерлери басылат.
Себеби, жан кумарына батаар алдында же жан кумарына батканда, аялдардын канында эң күчтүү «ээси оогончо эңсөө» деген сүйүү гормондору беш эсеге көбөйүп, оорутууну басат. Бул гормон жан кумарына баталбаган аялдарга да жакшы таасир этет.
4. Аялдарды катуу кайгырып-капалануудан улам чөгүп, алсырап кетүүдөн сактайт.
Себеби, жыныстык катнаштан кийин аялдын жыныс кынына эркектин бел суусу куюлат. Эркектин бел суусунда аялдын ден-соолугуна пайдалуу заттар өтө көп. Мисалы, простогландин деген гормон аялдын кынына сиңип, аялдын кынындагы «эси оогончо эңсөө» гормондоруна кошулуп, төп келишет. 2Аялдардын көңүлүн көтөрүп, алсырап кетүүдөн сактайт.
5. Семирип кеткен аялдарды арыктатат.
Себеби, бир эле жолку, өтө күчтүү берилген секстен кийин аялдын денесиндеги бүткүл булчуңдары жыйрыла иштеп, 150-200 коллорий өлчөмдөгү майлар «күйүп» жок болот.

ЗОРДУКТООГО КАБЫЛГАНДАР ЖЫНЫСТЫК ЖАКТАН ӨСПӨЙ КАЛБАЙБЫ?

– Мен 16 жаштамын. Азыркыга чейин этек кирим келе элек жана көкүрөгүм да өсө элек. Буга кошумча, жакында зордуктап кетишти. Зордукташкандан кийин психикалык жактан өзүмдү эптеп колго алуудамын. Бирок, буга чейин жыныстык жактан өсүп жетиле элек жаным эми биротоло өспөй каламбы деп тынчсызданып жатам. Кийин балалуу болбой каламбы деген да суроо кыйнайт. Зордуктоого кабылганымдан соң 2 күндөн кийин дене табым көтөрүлүп, ак өңдөгү суюктуктар көп бөлүнүп чыга баштаган. Апама булар жөнүндө айтсам, ал дарыгерге жетелеп барса, ошол жерде бардыгы ачыкка чыгып калабы деп корком. Эмне кылсам жана кантип дарылансам болот? Дина, Жалалабат.

– Зордуктоо жыныстык жактан өсүп жетилүүгө таасир бербейт. Сиз азыр туура эле өсүп жетилүүдөсүз. Ал эми келечекте балалуу болуу же болбоо башка маселе. Анткени, тукумсуздуктун себептери көп. Бирок, зордуктоо өзүнөн-өзү тукумсуздуктун себепчиси боло албайт. Буга сезгенүүлөр алып келет. Сиздин жыныс кыныңыздан бөлүнүп чыгып жаткан суюктуктар дал ошол сезгенүүнүн кесепети. Сезгенүүнү болсо сизге зордукчу алып келген. Эми айтаар кеңеш. Апаңызга айткыңыз келбесе, өзүңүз эле дарыгер-гинекологго барып, көрүнүңүз. Ал текшергенден кийин кеңештерин айтып, дары-дармек жазып берет. Эгер дарыланбасаңыз, анда сезгенүүлөр денсоолугуңузга зыянын тийгизип, тукумсуздукка чейин алып келиши мүм­күн.

“АЙБАНЧА СЕКС” ДЕГЕНДИ КАНТИП ТҮШҮНСӨ БОЛОТ?

– Теңтуш балдардан “айбанча секс” дегенди көп угам, бирок, түшүнө бербейм. Бул кандай секс болуп эсептелет жана төшөк катнаштарынын башка түрлөрү да барбы? Алекс, Токмок.

– Жыныстык байланышта эркек менен аялдын акылы, бири-бирине болгон сүйүү сезими жана сексуалдык маданияттары чоң ролду ойнойт. Ошого жараша аял менен эркектин ортосундагы төшөктөгү катнаш 3 түрлүү деңгээлде өтөт.
«Айбандар» деңгээлиндеги секс
Бул аялдарды жан кумарына кандыра албаган эркектердин сүйүү сезими жок туруп, күчкө салып (зордуктоо иретинде) же эптеп эле үлүлдөй үлбүрөп жасаган секстин түрү.
Экинчи деңгээлдеги секс
Бул эркек менен аялдын ортосунда бири-бирине арналган эң күчтүү сүйүү сезими болуп, жандүйнөлөрү жалындап, денелери оттой ысып-күйүп турганда ишке ашкан секс.
Үчүнчү деңгээлдеги же «императорлук секс»
Аял менен эркекте тең сүйүү сезими болуп (же сүйүү сезими болбой деле) бири-биринен эч тартынып-уялбастан, бири-биринин денелерин төбө­сүнөн баштап, бутунун учуна чейин, от чыкканча «ысытып дүүлүк­түрүп» барып ишке ашкан секс. Кээде такыр эле ойго келбеген эротикалык оюндарды ойноо менен бири-бириникин катуу козгоо менен жыныстык кошулууга жетүү.
Бул деңгээлдеги секс жубайлардын өмүрүн 10-15 жылга узарта турган секс болуп эсептелет. Маалыматка караганда, мындай төшөк катнашынын түрү Кытайда жаралып, императорлор колдонгон.

АЯЛЫМДЫКЫ КИЧИНЕКЕЙ...

– Менин “алигим” орточо өлчөмдө. Мен буга ыраазы элемин. Бирок, кеп аялымда болуп жатат. Себеби, анын бою кичинекей жана арык. Жыныстык кошулууда дайыма меники оңой менен кирбей, ага оорутуу жаратат. Ооруса да карманып, ал аягына чейин чыдайт. Анын кыйналганын көрүп, боорум ооруйт. Бирок, жыныстык жашоону жыйыштырып коё албайм да. Эмне кылсак болот? Боха, Нарын.

– Дарыканаларда сатылуучу атайын интимдик гелдерди, маздарды колдонуп көрү­ңүздөр. Бул “алигинин” киришин жеңилдетет. Анан сиз да шашпай, аялыңызды төшөккө астейдил даярдаңыз. Мисалы, өөп, кучактап, жалындуу сөздөрдү кулагына шыбырап, керек болсо буту-башына чейин өөп дегендей. Аялыңыз жакшы дүүлүксө, анан дагы төшөктө өзүн эркин сезсе эч кандай оорутууну сезбейт.

Сиздердин сурооңуздарга белгилүү дарыгер-сексопотолог
Аскаров Күлчоро менен гинеколог Дамира Жанжигитова жооп берди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
uluk92kg
2016-07-22 23:45:33
мен суро берсем сурому кайсыл жеринен жоп алаалам
0
№ 239, 1-7-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан