Шоу-бизнесте продюсер деген түшүнүк пайда болгондон бери жаңы ырчылар, жаңы толкун каптады. Ошол эле учурда продюсер менен ырчылар чыры көп кездешүүдө. Бул ирет эгиз козудай ээрчишип жүргөн ырчы Дайыр Исмадияров менен анын продюсери Канат Кадыржандын ортосунда чыр чыкты.
– Канат, Дайыр экөөң эмнени бөлүшө албай тартыштыңар?
– Байкасам, Дайыр жылдыз оорусуна кабылып калгандай.
Дайырдын кесиби психолог болгону менен, бирөө аны мактап койсо ошонун сөзүнө кирип, баарын айтып коймой адаты бар. Ошондон улам башын бирөө айландырды го деп ойлойм.
– Экөөң жакшы эле иштешип жүрчү элеңер. Кайсы кара теке сүздү дегендей...
– Дайыр менин айткандарыма көнбөдү, укпады. Ал биринчи орунга чыгармачылыгын эмес, жеке кызыкчылыгын койду. Чынында, чыгармачыл адам болгон соң баарына чыдаш керек. Мен деле үйдөгүлөргө жумалап чалбай калган күндөр болот.
– Дайырга кантип продюсер болуп калгансың?
– Алгач Дайыр экөөбүз дуэт ырдап чыкканбыз. Анан мен «ырчылыкты таштайм, сен ырдай бер» дедим. Ошондо Дайыр менден продюсер болушумду суранган. Бир жарым жылдан бери ыр жаздырганда «60 пайызы менден, 40 пайызы сенден» деп эле алакалашып иштечүбүз. Ырларга, клиптерге, кээде фотосессияга ортодон акча чыгарыш керек болгондо, мен унчукпай эле төлөп койчумун.
– Дайырдын сенден кеткенине ичиң ачышкандыр?
– Мен Дайырга өкүнөм. Анткени ал акылдуу жигит. Анан акыл-эси баарына жетип туруп, ушундай кадамга барат деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Мурда «ырчы менен продюсер урушуп кетиптир» деген сөздү укса, «бекер эле кылыптыр» деп кейип калчу. Ушундай сөздөрүнөн улам мен ага ишенчүмүн. Ишеничти актабады.
– Экөөң бири-бириңердин мүнөзүңөрдү билип бүтпөдүңөрбү?
– Менин оюмча, Дайыр жеңил ойлуулук кылып койду. Мүнөзү өзгөрсө жакшы жакка өзгөрүш керек болчу.
– Эми кандай кадамга барасың?
– Экөөбүз кагаз түрүндө эмес, оозеки түрдө иштешкенбиз. Адам болгондон кийин бети кызарса керек, «ошол ырларды ырдабай эле коёюн» деп. Азыр «Кыргызстан Обондорунан» башка радиолордон ырлары алынып салынган.
– «Кара көзүмдү» патенттеп алдыңар беле?
– «Кара көзүмдүн» автору Нурлан Насип. Мен болгон ишти айтсам, ал мен тарапта болду. Албетте, документ даярдап, өзүнө өткөрүп алганга Нурландын укугу бар.
– «Продюсер болот элем» деп жүрүп ди-джейликтен кол жууп калган жоксуңбу?
– Мен 7 жылдан бери «саламатсызбы?» деген сөздү кайталоодон тажаган болчумун. «Миң Кыял FMде» иштеп жүргөндө ыр жаздырып, клип тарттырган убакта улам сурана берчүмүн. Анан эки жакта жүрө бербейин деп өзүм эле продюсерликти тандап алгам.
Канаттын сөзүн уккан соң Дайыр Исмадияровдун оюн угалы деп чечтик.
– Дайыр, продюсериң Канат менен эмнеге иштешпей калдың?
– Биринчи эле себеби – Канаттын көп нерсени мага айтпай, жең ичинен бүтүргөнү. Бир эле мисал – ырчы Нурлан Насипти мага айтпай эле карамагына алганы. Мейли алсын, мага бир ооз айтып койсо мен каршы болбой, кайра кубаттамакмын. Ушинтип жүрсө ага болгон ишенич жок болуп калат экен.
– Кийин «бекер эле кылган экенмин» деп өкүнүп калбайсыңбы?
– Өкүнбөйм. Эмне үчүн бул кадамга барганымды ал жакшы билет. Канатты мен мыкты продюсер деп эсептебейм. Канат жаш экенине карабай, абдан жакшы пиар-менеджер. Гезит-радиолор менен кыйын иштешет.
– Анан ошол жакшы пиар-менеджериңдин кылган эмгегин танып кеттиңби?
– Мен эч качан анын эмгегин танбайм. Анан «менин акчам кетти, 60 пайызын мен төлөчүмүн» дегени болбогон сөз. Эми бул нерсе анын өз абийиринде.
Мен унчукпай эле жүргөм. Канат болсо гезиттерге барып интервью берип жатыптыр. «Эркекче сүйлөшөлү» десем, өзү качып кетти. Мен анын деңгээлине түшпөй эле коёюн дегем, болбоду.
– Продюсериң экөөңдү биз жакын бөлөлөр деп тааныйбыз. Туугандар ортосунда пикир келишпестиктердин болгону жаман болуптур...
– Жок, экөөбүз бөлө эмеспиз.
– Учурунда айтчу эмес элең го...
– Анда айткым келген эмес. Бул Канаттын пиарыбы, саясатыбы, мен түшүнбөйм.
– Айрымдар «Канаттан Дайыр улуу болгон үчүн ага баш бербейт» дегендей айтышууда...
– Балким. Канаттан улуумун. Канат радиодо жакшы сүйлөгөнү менен, адам менен мамиле курганды анча биле бербейт. Ага мен жардам берип, көп нерселерди үйрөттүм окшойт.
– Продюсер менен ырчы урушканда эле бут тосмойлор башталчу эле, сага сезилбедиби?
– Башталды. Радиолорго чалсам, «ырыңды «алып салгыла» деп айткан эле» деген сыяктуу жоопторду уга баштадым. Канаттын «бут тоспойм, жардам берем» деп айткан сөздөрү ушул экен. Эгер адамда талант болсо, анда ага продюсер да, башка да бут тосо албайт.
Анан да бир гезиттен мени чакырышты эле, барып Канаттын берген маегин окуп келе бердим.
«Кара көзүмдүн» автору Нурлан Насип экенин баары эле билишет. Нурлан автор болгону менен, ыр жаздырууга, аранжировкага, клипке менин акчам, мээнетим, эмгегим кеткен. Эгер патенттеп алса, мен деле сотко берип, укугумду коргойм. Болбой эле талашса ала берсин, ал ырдын доору деле бүттү. «Душманды алыстан издебе» деген чын турбайбы.
– Бири-бириңерди кечиришсеңер болбойт беле?
– Шоу-бизнесте бери карап күлүп, ары карап шыбагандар толтура. Канатка айттым, «эч ким мага ишенбегенде сен ишендиң, экөөбүз иштештик. Баарын кечирүүгө даярмын. Ишенгеним сен элең, эми жалгыз калдым» деп. Бирок асманда жүрөт, түшсүнчү, анан көрө жатарбыз. Мен болду, мындан ары иштеше албайм. Канат кечирим сурап келиши мүмкүн. Бирок мен кечирим суроого даяр эмесмин.
– Башка продюсер таап алдыңбы?
– Жок. Мурда деле чыгармачылыгыма өзүм чуркачумун. Өзүм иштеп көнүп калгам. Жакында «Жан эркем» аттуу ырга кымбат, сапаттуу клип тарттырганы жатам. Мындан сырткары көптөгөн жакшы пландар бар.
Бурул Исмаилова
star@super.kg