Байэл Момунов: “АПАМДЫ ЖУМШАК ДЕГЕНДЕР ЖАҢЫЛАТ, ЧЫНЫГЫ МҮНӨЗҮН МЕН ЭЛЕ БИЛЕМ”

“Туяк” рубрикасынын бул жолку каарманы ырчылар Байыш Момунов менен Клара Алибекованын уулу Байэл болду. “Атам да, апам да чыгармачыл адам болгону үчүн чыгармачылыктан алыс кете албайм го”,- дейт ал. Ачык мүнөз жигит менен маегибиз назарыңыздарда.

– Байэл, салам! Жакшы жаңылыгың бар экен, бөлүшүп кетсең...

– Саламатсызбы? Моделдик агенттик тууралуу айтып жатат окшойсуз. Моделдик агенттиктин жетекчиси Аскар Думанаев апам менен тааныш экен. “Кызыксаң келип катыш” деп мага сунуштап калды. Ага чейин моделдик кесип тууралуу түшүнүгүм жок болчу. Бардым, окуп жатам. Окууну бүткөндөн кийин сертификат берилет. Мени агай “сен даярсың, азыр деле иштей берсең болот” дегендей кылды. Азыр жагып жатат. Кызыктуу экен, өзүм да сүрөткө ар кандай образда түшкөндү жакшы көрчүмүн. Сүрөткө түшүү, туура басуу, беттеги эмоциялар менен иштөөнү үйрөтүп жатышат.

– Канча жаштасың?

– 17 жаштамын. Былтыр 9-класстын базасы менен колледжге тапшырайын дегем. Пандемия болуп калып пландар “өлдү”, анан документ тапшырууда кечигип калыптырбыз. Буюрса, ушул жылы тапшырам. Программист кесиби жагат, ошол жаатка тапшырайын деп турам.

– Негизи сага эмне менен алек болгон жагат?

– Спорт жагат. Футбол ойнойм.

– Ырчылыкка такыр кызыккан жоксуңбу?

– Тескерисинче, кызыктым. Ата-энеме айтпай Жаныш абама (ред.: ырчы Жаныш Момунов) баргам. “Ырдагым келет, ыр жаздырып бериңиз” дегем. Ал менин үнүмдү, жөндөмүмдү текшерди. Атам менен апам угуп алып “ушундай каалооң бар беле?” деп таң калышкан. Каалоом болгону менен, үнүм жок окшойт деп ойлоп калдым.

– Жаныш абаң айттыбы “үнүң жок” деп?

– Жок, ал болот деди. Өзүмө эмнегедир ушундай баа бердим. Аракет кылып вокалдан сабак алсам чыгат болуш керек. Ата-энем ырчы болуп, мен төрөлгөндө ушул чөйрөдө жүрүшкөнү үчүн да кызыгып жатат окшойм. Алып баруучу, актёр, ырчы иши кылып чыгармачылык жактан өзүмдү көрөм.

– Ырчылардын баласы болгон кандай сезим?

– Бой көтөрүп деп жатасызбы? Жок, менде такыр андай сезим жок. Мектепте ата-энем ким экенин айрымдар эле билчү, билсин деп аракет кылчу эмесмин.

– Сыймыктанасыңбы?

– Болот, кээде сыймыктанып кетем.

– Мүнөзүң атаңа окшошпу же апаңабы?

– Апам “чоңойгон сайын баскан-турганың, мүнөзүң бүт эле атаңды тартып баратат” деп калат. “Окшошуп баратсам ал атам да” деп коём. Өзүм байкаштырсам апама ишенчээк, ак көңүл жактарым окшоп кетет. Кээде шустрый” болуп кетем, кээде жоош болуп калам. Менде экөөнүн тең мүнөзү бар.

– Клара кандай апа?

– “Мощный”. Бирок кээде жиниме тиет, катуу урушат. Силерге жумшак көрүнгөнү менен, мага келгенде жини жаман. Апамды жумшак дегендер жаңылат, чыныгы мүнөзүн мен эле билем.

– Атаң урушпайбы?

– Ушуга чейин атам катуу урушуп же уруп көргөн эмес. Урушуп коюшу мүмкүн, бирок апамдай болуп чыбык менен секиртпейт (күлүп). Колдоо көрсөткөн жерден колдоо көрсөтөт, жаман-жакшы жагымды айтат. Кыскасы, экөө тең жакшы.

– Сүйлөшкөн кызың барбы?

– Ушул жерден ачыгын айтайынбы (күлүп)? Сүйлөшкөн кызым жок. Эки жыл мурун бир кызды жактырып, бирок жакшы көрөрүмдү айта албай калгам. Азыр бетине эле айтмакмын. Бирок ал азыр кайда, эмне кылып жүрөт билбейм.

– Азыр “духуң” жетеби?

– Ал кезде “дух” жок болчу, азыр “дух” “вагон”. Ал кыздын мүнөзү, сулуулугу жакчу.

– Апаң жаш, 38 эле жашта, кайра турмуш курам десе макул болосуңбу?

– Мен каршы эмесмин. Апамдын өзүнүн тандоосу, жашоосу. Мен кирише албайм.

– Кичине кезиңде таенеңдин колунда чоңойдуң, ага жакынсыңбы?

– Апам (ред.: таенеси тууралуу) жүрөгүм да. Таене-таятамды ата-апа дечүмүн. Өзүмдү чын эле алардын баласымын деп билчүмүн. Анткени төрөлгөндөн тартып 40 күндөн кийин эле алар Көк-Жаңгак айылына алып кетип багышкан экен. Эс тарткандан баштап менин чыныгы апам Клара Алибекова, атам Байыш Момунов экенин билдим. Кларага тилим келбей “Кава” деп айтчумун. Ошол боюнча эле азыр деле “Кава” деп калам. Апам “Клара келди, телевизордон Байыш атаң ырдап жатат” деп калчу. Таятамды “ата” деп, өз атамды “Байыш ата” дечүмүн. Кийин өз ата-энемди да жакшы көрүп кеттим. Апам айылдан келип турат, аябай жакшы көрөм. Ал да мени башка неберелерине караганда жакшы көрөт.

– Атаңдын эсте калган белеги?

– Атам айылда жүргөндө көп белек алып келчү. Тез-тез келип турчу. Кичине болгонум үчүн атам Байыш экенин деле билчү эмесмин. Туулган күнүмдө велосипед алып келгени эсимде калган. Аябай мактанып, кечке ойногом.

– Ини-карындаштарыңдын арасынан кимге жакынсың?

– Атамдын башка үй-бүлөсүнөн ини-карындаштарым бар. Бир эле уул, калганы кыз. Инимдин аты Султан. Султанды жакшы көрөм. Ал дагы мага жакын, “байке” деп чалып турат. Карындаштарыма караганда экөөбүз жакынбыз.

– Кандай максаттарың бар?

– Аны эми убакыт көрсөтөт, балким, чыгармачылык жагына кетем, же башка жагына. Ошентсе да максаттарым көп.

– Маегиңе рахмат. Максаттарыңа жетет деп ишенебиз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Jaka1978
2021-05-24 11:07:32
Клараны көтөрүп,сыйла,колундан келишинче.Эн мыкты апаң бар...
+4
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан