Самат Муратбеков, ырчы: «ЖЫЛДЫЗДЫН ИЧКЕ БУТТАРЫН ЖАКТЫРГАМ»

Жарашкан жуптарды көргөндө көз кубанат. Алардын махабат баянын угуу да кызык. Миллиондогон адамдын арасынан бул түгөйлөр кантип табышып калышты? “Жебе” тобунун мурдагы солисти, ырчы Самат Муратбеков менен жубайы Жылдыз айымдан кызыктуу сүйүү баяны.

– Салам! Алгач эле тагдыр сиздерди кайсы чекиттен кезиктирди деп сурайынчы.

Самат: – Нуржамал деген дос кызым бар. Бишкекке жаңы келгенде ошол кыз менен дос болгом. Кеминдик болгондуктан жердеш экенбиз деп достошуп калганбыз. Жылдыз тууралуу андан угуп, сүрөтүн көрүп жүрчүмүн. Нуржамал экөө музыкалык педагогикалык окуу жайда окушчу экен. “Тааныштырбайсыңбы” десем, “жөн турчу, анын жигити бар” деп коёр эле (күлүп). Бир күнү “Жебе” тобу концерт бердик. Нуржамалга “тааныштарыңарга билет аласыңарбы?” десем, “мага 20 билет” деп калды. Көрсө, билеттерди Жылдыз алып, курбулары менен келип көрүптүр. Ал ошондо мени “байдын баласы го, орусча сүйлөгөн “балконский” болсо керек” деп ойлоптур. Кийин Жылдыз мен иштеген кафеге курбулары менен келип калды. Ырдап жатып Жылдызга көз салып жаттым. Ал мага жакты, анткени буту ичке, чачы Клеопатраныкындай кыздар жагат. Кетип жатканда “ушул кыздын номерин кантип алам?” деп айласын таппай жатам. Ошондо Нуржамалдын курбусу экенин тааныбай калыптырмын. Сүрөттөрдө чачы узун болчу, таптакыр өзгөрүп кетиптир. “Кыздар, жакшы калгыла” деп кетип баратсам, “Нуржамалга салам айтып кой” деп Жылдыз кылыктанып жатпайбы (күлүп). “Кайсы Нуржамал? Менин Нуркамбы? Аны кайдан тааныйсың?” деп коём. “Мен анын Жылдыз деген курбусумун” дегенде эстеп кеттим. Дароо номерин алып, 2 күндөн кийин жаздым. Калганын Жылдыз улантсынчы.

Жылдыз: – Негизи жигиттерге номеримди бергенден кийин бат эле жазышчу. Бул жазбайт. Анткени биз ал кафеден чыгып, башка жакта эс алып жүргөнбүз. Улам телефонумду карап “качан жазат?” деп коём.

– Эмнеге жазбай 2 күн күттүрдүңүз?

С.: – Ошол кезде бир кызды сүйүп-күйүп жүрчүмүн. Ал Москвада болчу. Ошон үчүн жазбай жүрдүм да. Анан Жылдыз менен сүйлөшүп экөөнү салыштыра баштадым.

– Жылдыз ал кызды кайсы сапаты менен чаңында калтырды?

С.: – Оокатка тың, жөнөкөй кыздарды жактырчумун. Тамакты жакшы жасаганын, меймандостугун жактырдым. Таанышкандан кийин эле “Нуржамал экөөң үйгө келип кеткиле, тамак жасап күтүп алам. Оромону жакшы жасайм” деди. Таң калдым. Анткени буга чейин мындай кыздарды көрө элек болчумун. Оромосу сонун болуптур. Азыркыга чейин “ошол оромоң менен арбап алгансың” деп айта берем.

– Саматтын сизден башка сүйлөшкөн кызы тууралуу билчү белеңиз?

Ж.: – Таанышканда эле билгем. Менин да сүйлөшкөн жигитим бар болчу (күлүп). Бирок ошол маалда ал жигит менен сүйлөшпөй, мамилени үзүп жаткам.

С.: – Жашоону жаңы барактан баштайм деп чачын кесип дегендей (күлүп).

Ж.: – Башка кызы бар экенин достору билгизип койду. “29унда учуп келет” дешкенинен билип калдым. Баарына түшүнүү менен карап, “каалаган учурда мамилебизге чекит коюп, дос бойдон калабыз да” деп сүйлөшүп жүрө бердим. Ал кызды тоскону кеткенин да билгем. Ошондо алдап койгондо “ай-ий, эркектердин баары шүмшүктөр экен. Баары эле калп айтат турбайбы” дегем.

С.: – Бир жума өткөндөн кийин Жылдыз “дос бойдон эле калалычы” деп чалды. Азыр өзүмдү кыйын сезгендей болбоюн, бирок буга чейин кыздар мени таштай элек болчу. “Ушул кыз мени таштап кетеби?” деп жиним келди.

Ж.: – Ошол учурда Көлдө иштеп жүргөн. “Дос бойдон эле калалы” десем болбой койду. Көрсө, мени биринчи таштап жатат деп нааразы болуптур да (күлүп).

С.: – Жылдыз мага чалган күнү тиги кыз Көлгө сага барам деп калды. “Макул, келе бер” десем, жарым сааттан кийин сүйлөшүп алгансып бул да келем деп калды. Нуржамал экөө чогуу келишмек. Ага чалып “кандай жол менен болсо да Жиканы келтирбе. Алып кал, тиги кыз келмек. Мамилебизди бир жаңсыл кылып, чечишип алалы, анан келесиңер” дедим. Нуржамал “ичим ооруп жатат, бүгүн чыкпай эле коёлу” деп алып калыптыр. Тиги кыз менен жолугуп, экөөнү салыштырып көрдүм. Ал кыз экөөбүз дароо бир чечимге келип, мамилени бүтүрдүк. Анан Жылдызга “эртең келе бергиле” деп чалдым.

– Саматтын кайсы сапатын бааладың?

Ж.: – Адамгерчилиги жакты, чечкиндүүлүгү таң калтырды. Башка бирөө ала качам деп жатканда “алам дедимби алам, үйлөнөбүз” деп ата-энесине айтпай эле чечип салды. Эркектин чечкиндүүлүгү жакшы го. Анан апасын сыйлаганы жакты.

С.: – Ошол кезде “Жебенин” 5 жылдык келишими бүтүп, андан ары чыгармачылыгым туман болуп калды. “Эми кандай болот?” деп өзүмдү таппай жүргөндө Жылдыз жолукту. Үйлөнгөндөн кийин жумушум жандана түштү. 2 жыл даярданып жүргөн жумушка кирдим. Бардык нерсе ойдогудай болуп кетти. Ошон үчүн ак жолтоюмсуң деп айтып калам.

– 3 кыздуу болдуңар. Эмнегедир көпчүлүк түгөйлөр кыздан мурун уулдуу болгусу келишет...

Ж.: – Саматта андай жок. Мен эле “эркек төрөйм” дей берем. “Төртүнчүсүн эркек төрөйм” десем, Самат “ушул кыздар жетет” дейт.

С.: – Эң башкысы Жараткан алты саны аман кыздарды берди. Экинчи кызыбыз боюнда бар кезде “эркек болсо экен” деп УЗИге кирип кеткен. Чыгып алып “кыз экен” деп ичин колу менен түртөт. “Эмнеге антип жатасың? Кызбы, эркекпи айырмасы кандай? Эркек төрөп бер деп талап кылып жатамбы?” дедим.

Ж.: – Кесарево болуп ичиң кесилип жатса дагы кыйналбайын дейсиң да. Болбосо 10 бала деле төрөй бермекмин.

С.: – Жашоо бумеранг дегенге ишенем. Эгерде биринчиси уул болгондо үй-бүлөмө карамдуу эмес, жубайымдын көзүнө чөп салган эркек болмокмун го. Кыздуу болгондон кийин “бирөөнүн кызына кылганым кыздарыма тийип калбасын” деп кыздарды аяп калдым.

– Пикир келишпестиктер болобу?

С.: – Албетте болот. Мен талапчылмын. Жумуштан келгенде үй жыйналуу, кыздарым таза, тамак жасалган болуш керек. Башында “эркек катары өз милдеттеримди кылып жатам, сен эмнеге жетишпей жатасың?” дей берчүмүн. Азыр жардамдашып турам.

Ж.: – Саматты кайненем деп коём (күлүп). Баарын рентгендей көрүп турат.

– Баш кошкондон кийин мүнөзүңөр өзгөрдүбү?

С.: – Баш кошор алдында “Жылдыз, жашоодо көп нерсе болот. Менин, сенин өткөн чагың жабылуу боюнча калсын. Кийин козгоп жаңжал кылбайлы. Мен өзгөрөм, сен өзгөрбө. Каалаган жериңе менин уруксатымсыз бара албайсың” дегем. Жылдыз өзгөргөн жок. Чыгармачылыкты таштатпай “иште-иште” деп турат. Клиптеги кыздарды тандап, макияж жасап берет.

Ж.: – Өзүң деле өзгөрүлөт экенсиң. Саматка өзгөргөн жок окшойм. Жашоону башкача карап калдым. Бойдок кезде бир курбумдун 2 баласы бар болчу. Ошону күтүп эле жүрчүбүз. “Эмнеге жетишпейт?” деп жиним келе берчү. Азыр ал кыздан кечирим сурагым келет. Эне болуу жеңил эмес экен.

– Жаңы баш кошкондорго кеңеш айта кетсеңиздер...

С.: – Турмушта өйдө-ылдый болот. Ошол учурда эч качан “ажырашалы” деген сөздү айтпагыла. Тил биздин душман. Кичинекей пикир келишпестиктер болгондо деле ал сөздү айта берсе акыры ошого жеткирет. Ар кимдин сөзүнө да кирбей, бири-бирин колдоп, чеп болуп туруп бериш керек.

– Маегиңиздерге рахмат! Бактылуу болуңуздар!


Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
akmanai
2021-05-24 22:08:19
Жакшы экен. Самат мырзанын акыркы создору аябай таасирлентти. Бактылуу болунуздар!
0
bulathan
2021-05-26 14:21:40
Бактылуу болушсун

0
Isikkolumkeremet
2021-07-14 00:17:00
Тоообооооооо.

Эми Саматтын тиги таштап кеткен кызы жазат окшойт....

Ии баса ичке бутун айтпай койсон олот белет.кийинчерээк бироо чыгат да мага аялымдын томпок жамбашы жаккан же тошу жаккан деп.тамтандаган галдир баштар
0
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан