Ош облусунда салмагы 440 килограммдан ашык баңгизат колго түшүрүлдү. Бул тууралуу 18-майда УКМКдан билдиришти. Бул товарды колго түшүрүү үчүн УКМК узак убакыт атайын операция жүргүзгөнү айтылат маалыматта. Тагыраагы, Борбордук Азия аркылуу Жакынкы Чыгыш, Европа өлкөлөрүнө ири көлөмдө героин ташып жүргөн эл аралык баңгизат каналы буулду дешти мекемеден.
– 13-май күнү тинтүү учурунда атайын жашыруун жерге бекитилген оор жүк ташуучу унаа аныкталып, анын ичинен 440 килограммдан ашык баңгизат табылган. Колго түшүрүлгөн героиндин учурдагы базар баасы 20 миллион долларды түзөт. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип кармалган 2 Кыргыз жараны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган баңгизат каналына тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат,- деп айтылат маалыматта.
Жолдубек Качкынбаев