24-МАЙДАН 30-МАЙГА ЧЕЙИН

.


КОЙ (21.03-20.04)

Жашоо потенциалыңыз жогорку деңгээлде болот. Бирөөлөр алдоого аракет кылат же жаңылышып туура эмес маалымат беришет. Күтүлбөгөн кырдаал сиздин пайдага чечилет. Жаңы таанышыңыз сизди идеялар менен байытат. Баарына жетишүү үчүн убакытты туура бөлүштүрүңүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Бирөөлөргө убада да, акча да бербей туруңуз. Аткаруу жана кайтарып алуу кыйынга турат. Пландалган жолугушуу канааттануу алып келбейт. Жаңы баштаган ишиңиздин жыйынтыгы жакшы болушу үчүн тажрыйбалуу адамдын кеңешин угуңуз. Үйдөгүлөрдүн кыжырын келтирбөө үчүн "мен" дей берүүнү коюңуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Кыялдагы нерселерди иш жүзүнө ашырууга киришиңиз, жардам берүүчүлөр табылат. Келечек тагдырыңызга таасири тийчү окуя болуп өтөт. Окуяга тез, туура реакция кылуу кажет. Дарегиңизге жөндүү сындардын айтылышы да мүмкүн, маанайды түшүрбөөгө, терс эмоцияга жол бербөөгө аракет кылыңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Иште сизди жаман көрсөткүсү келген көрө албастардын ою ишке ашпайт. Анткени жетекчилик сиздин сөздү сүйлөйт. Жеке жашооңузду жагымдуу жаңылыктар коштойт. Алыстан кабар же белек келет. Азыркы учурда анчалык кереги тийбеген буюм сатып алуудан карманыңыз. Сырт келбетке эксперимент жасоодон коркпоңуз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Ойлогон пландар күтүүсүз кырдаалдан улам артка жылат. Жаман ишке аралаштыргысы келгендер чыгат, абайлаңыз. Бирөөлөргө нааразы болуп, урушуп калууңуз ыктымал. Башы бошторго сезимдерин арнаган адам чыгат, ойлонуп көрүүлөрү керек. Жакын адамыңыз үчүн бир иштер боюнча күйүп-бышасыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жашоонун чыңалган ритмине туруштук берүү үчүн жакшы тамактаныңыз, убагында эс алыңыз. Жаңылыктардын арасында жагымсызы да болот. Достор сунуш айтышат, ага макул болуудан мурда коротор убактыңыз менен акчаңызды ойлоп көрүңүз. Айттырбай келген коноктор ыңгайсыздык жаратат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Максатка умтулууда күч менен каражатты аябоо керек. Мыйзамга туура келбеген иштерге аралашпаңыз, жооп берип каласыз. Соода, искусство, спорт тармагында иштегендердин иши алга жылат. Квалификацияны жогорулатуу боюнча ойлонуу сунушталат. Туугандар бир ишиңизди бүтүрүүгө жардам берет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Маанайыңызды түшүрчү кыйынчылыктар күтүлбөйт. Иштерди жардам берүүчүлөр менен камыр-жумур бүтүрө бериңиз. Улуулардын кеңешин уксаңыз ортомчу болуп олжо өндүрүп аласыз. Бирөөдөн убактылуу колдонууга буюм алууңуз мүмкүн. Жакшы тааныштар менен чогуу убакыт өткөрөсүз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аракетиңиз үзүрүн берип, көбүрөөк акча таап баштайсыз. Жагымсыз кырдаал жеке жашооңузга өзгөртүү киргизет. Чагымчылдыкка барбай, убактылуу кызыкчылыктан баш тартуу оң. Ашыкча чыгымдын чыгуусуна жол бербеңиз, болбосо шашылыш иште акча издеп каласыз. Гепатит же коронавируска каршы эмдөө алууңуз мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Иште кадр алмашуулар жүрөт, жетекчилик менен кагышып калбоо үчүн анын айтканы менен болуу керек. Достор сюрприз тартуулашат. Өнөкөт чарчоодон арылуу үчүн көбүрөөк уктап, табият коюнуна чыгыңыз. Айрым кыз- жигиттердин мамилеси солгундайт, мамилени улантуу же үзүү өздөрүнөн көз каранды.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жаңы күч, жаңы идеялардын ээси болосуз. Максаттардын бири ишке жеңил ашат. Жумушта ичи тарлардын кысым көрсөтүүсүнө жол бербеңиз. Тартынчаактыкты жыйыштырсаңыз сүйүүдөн да жолуңуз болот. Үйдө өз кызыкчылыкты жактап жаман көрүнүүңүз ыктымал. Дем алышта чарба иштерин бүтүрүүгө көп убакыт талап кылынат.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Иште, чыгармачылыкта, сүйүүдө ийгиликтер коштойт. Жетекчилик сыйлыкка көрсөтүүсү мүмкүн. Адамдар менен тил табыша билүүңүздүн арты менен активдүү өнөктөштөрдү табасыз. Алар сизге узакка колдоо көрсөтөт. Эски достор менен жолугушуп, өткөн күндөрдү эскересиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан