Бул ирет каарманыбызга суроону биз эмес, балдар беришти. Актёр Актан Рыскелдиев суроолорго “булар жарат турбайбы” деп каткырып жатып жооп берди. Анда балдардын кызыктуу суроолоруна жооп берген актёрдун кызыктуу маегин окуңуздар.
АРУУКЕ ИШЕНБАЕВА, 6 ЖАШТА:
– Кандайсыз, Актан байке? Сиз балдарыңызды майрамдарда кантип майрамдатасыз? Атам бизди паркка, тоого алып барат.
– Мен жакшы, рахмат. Өзүң жакшыбы? Мен да майрамдарда балдарымды паркка алып чыгам, аттракциондорго түшүрөм, каалагандарын алып берем. Башка күндөрү каалагандарын алып бербейм.НУРИСЛАМ КУДАЙБЕРГЕНОВ, 13 ЖАШТА:
– Биринчи жолу кантип акча таптыңыз эле, канча жашта элеңиз? Аны эмнеге короттуңуз эле?
– Биринчи жолу 16 жашымда акча тапкам. Базарда пирожки сатып иштечүмүн. Ошондо 40 же 20 сом тапсам керек. Ал кезде тапканыбызга күндө үйгө азык-түлүк алып барчубуз. Бир күнү 1 килограмм кумшекер алсак, экинчи күнү макарон, үчүнчү күнү күрүч дегендей. Байкем, бөлөлөрүм болуп базарда иштечүбүз. УЛУКБЕК ТӨЛӨГӨНОВ, 11 ЖАШТА:
– Мушташканда алыңыз жетпей калганда эмне кылчу элеңиз? Качып кетчү белеңиз же туруп берчү белеңиз?
– Каччу эмесмин. Алым жетпей калса жөн эле жеңилүү ызасын тартып калчумун. Андай учур кээде эле болчу. Өзүм курактуу балдар менен жакшы эле мушташчумун. Бирок мушташуу жаман. Колдон келсе мушташпай, сөз менен эле чечиш керек. Эң биринчи сен кечирим сурасаң Кудайга жакыныраак болосуң. Мушташкың келип жатса анда спорттук ийримдерге катыш. Мелдештерден күчүңдү чыгарып аласың.АМИНА УРКЕМЕЛОВА, 9 ЖАШТА:
– Сиз айткан тамашага эч ким күлбөй койсо эмне кыласыз?
– Андай учур аз болот. Эч ким күлбөсө башкача тамашаларды айтып күлдүргөнгө аракет кылам же ыңгайлу учурду күтөм. Эл тамашага даяр болуп, мага көнүп баштаганда тамашалап баштайм.СЫРГАК КАЗАКБАЕВ, 10 ЖАШТА:
– Актан, кандайсыз? Жашооңуз кандай? Сиз менен каяктан сүрөткө түшсөм болот?
– Атың сонун экен. Жашообуз жакшы. Ата-энем, бир туугандарым, келинчегим, балдарым аман-эсен, Кудайга миң мертебе шүгүр. Мени менен Бишкектен чалышып, жолугуп сүрөткө түшсөң болот. Эгер ошол убакта мен бош болсом, ээ?САДЫК КУРМАНБЕКОВ, 12 ЖАШТА:
– Мен тааныган бир кыз узун чачын корей кыздардыкындай кылып кырктырып, сыя, күлгүн, ар кандай түскө боёп салды. Чоңойгондо кыздардын баары ушундай жинди болуп калышабы же “нормальныйлары” барбы?
– Ха-ха. Туура, мен да жүйөлүү себеп болбосо кыз бала чачын кырктырбаш керек деп ойлойм. Кыздардын узун чачын кырктырганын, боёгонун жактырбайм. Өткөөл куракта балдар кумир издешет. Ошондо ата-энеси үлгү болбосо балдар башкаларды ээрчип кетиши мүмкүн. Ата-энелер балдары менен сүйлөшүшү керек. Мен да убагында Эминемдин ырлары менен “ооругам”. Кийин чоңойгондо ырларында сөгүнгөн сөздөр бар экенин билип, саналуу гана ырларын угуп калгам. Кыздар деле ал курактан өткөндөн кийин акыл-эсине келишет. ХАМЗА ЭРНИСОВ, 11 ЖАШТА:
– Бир жакка чогуу барып келбейлиби. Мен нарындыкмын. Сиз көбүрөөк каякта жашайсыз?
– “Бир жакка чогуу барып келбейлиби” дегениң “ха-ха” болуп жатпайбы, Хамза. Мен көбүрөөк Бишкекте, Учкун кичи районунда жашайм. Жайкысын Чолпон-Атага каттап турам. Мен да Нарын шаарында чоңойгом. Ал шаарды аябай жакшы көрөм. САЙКАЛ МАТКЕРИМОВА, 10 ЖАШТА:
– Боюңуз узун болгондо эмне жумуш кылмаксыз?
– Боюм узун болгондо баскетболду жакшы ойномокмун. Боюм узун болгондо маршруткаларга батпай калмакмын. Боюм узун болгондо тойлордо жакшы көрүнмөкмүн. Бою узун тамадалар чоң болуп көрүнүп турса эл көңүл бурат деп ойлой берем. Бирок боюм өзүмө жагат.АЗИРЕТ ИСРАИЛОВ, 10 ЖАШТА
– Актан байке, канча акча табасыз бир айда?
– Эсептебептирмин. Жетиштүү эле болот. Ар адамдын ырыскысы болот экен. Тытынып иштесең да, көп иштебесең да маңдайыңа канча акча жазган болсо ошону табат экенсиң. Эми санап көрбөсөм, бир айда канча болорун.СУМАЯ МОҢОЛДОРОВА, 7 ЖАШТА:
– Мен чоңойгондо сүрөтчү болгум келет. Сиз мендей кезиңизде эмнени кыялданчу элеңиз, ким болгуңуз келчү?
– Мен да сүрөтчү болгум келчү, сүрөттү жакшы тартчумун. Анткени атам сүрөт сабагынан мугалим болчу. Кичинемде сүрөтчү, ырчы болом дечүмүн. Ал кыялыма жетпей калдым. Бирок сахнада жүрөм деген кыялыма жеттим. Сен жакшы окуп билим алсаң чоңойгондо мыкты сүрөтчү болосуң деп ишенем. Сага ийгилик каалайм, максаттарыңа жет. Кыргыздын керегине жараган кыздардан бол!ЧОЛПОНАЙ МУРАТОВА, 7 ЖАШТА:
– 1-класска сизди ким алып барды эле?
– Мен 1-класска 5 жашымда, февраль айында баргам. Бала бакчага барган жакпай, байкемди мектепке ээрчий бергенимден улам атам алып барган. Эжекеге “Балам жакшы окуйт. “Алиппени” жатка билет, гезит окуйт. Мектепке барам деп жатат, карап көргүлөчү” деген. Мугалим эжеке “Алиппени” окутуп көрүп, “окуй алат экен” деп 1-класска алган. Анан жазуу, математикадан артта калып кыйналгам.
Перизат Музуратбекова