КЫЗ-КЕЛИНДЕР КУРАМА КОМАНДАСЫ ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИРГЕ КАТЫШАТ
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда 2021-жылдын 8-14-июнь аралыгында Польшанын борбору Варшава шаарында өтө турган "Poland Open" рейтингдик эл аралык мелдешине катышат. Спортчулар бул турнирге даярдануу максатында 22-майдан тартып Эстониянын Таллин шаарында окуу-машыгуу жыйынына катышууда.
Курамда төмөнкү балбандар бар: Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм, Айпери Медет кызы 76 килограмм, Мээрим Жуманазарова 68 килограмм, Нураида Анаркулова 59 килограмм, Назира Марсбек кызы 59 килограмм.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.