Альпинист өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Эверест чокусун 23-май күнү саат 8:35те багындырганын айтты. Альпинист бул ийгилигин мекенине, элине арнаарын билдирип, “эгемендигибизди, касиеттүү жерибизди сактап калалы, антпесе кул болуп калабыз” деген кайрылуу жасады.
Эдуард Кубатов Эверестти багындырган экинчи кыргызстандык болуп калды. Буга чейин 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.
Динара Акимова