“Баягылар” тобу: “БИЗГЕ КОШУЛАЙЫН ДЕГЕНДЕР КӨП, БИРОК ТАМАШАБЫЗГА ЧЫДАШПАЙТ”

Жандуу үн менен 6 адам кыргыз кайрыктарын созуп киргенде уккан эч бир адам кайдыгер калбайт. Шаңдуу, кызыктуу, таланттуу топтон маек алып жатып күлкүгө тоюп чыктык. “Адам чыдай албай тургандай тамашалайбыз, ошол үчүн бизге эч ким чыдабайт” дешет алар. Анда бул жолу “Баягылар” тобу баяны менен алдыңыздарда.

– “Баягылар” тобу, куш келдиңиздер! Шаңга бөлөп, шатырап кирип келдиңиздер. Топтун атынан баштайлы, эмнеге баягыларсыңар?

Адилет Кожобергенов: – Рахмат, жакшы келдик. Эми “Баягылар” деп атаганыбыздын себеби – тээ баягы-ыдан бери жүрөбүз да. Топтун түптөлгөнүнө 10 жыл, өзүбүздүн түптөлгөнүбүзгө асты 50 жылдай болуп калды (күлүп).

Талант Сыдыков: – Биз шеринелешпиз. Топтун жетекчиси, элдин атактуу уулу Жеңишбек Жумакадыр азыр АКШда жүрөт. Ошол башыбызды кошкон. Талант Асаналиев деген досубуз Төө-Ашуу жабылып келе албай калды. Алтообуз жашоодо кан достордонбуз. Ылдыйда өбөк, өйдөдө жөлөк болуп чогуу жүрөбүз. Шеринелерде чыгармачыл адам болгондуктан ырдап калчубуз. Жеңишбектин Айфону бар эле, ал видео тартып, ал социалдык тармактарга тарап кетти. Эл көрүп “баягылар ырдап жатыптыр”, “аа, баягылар турбайбы” деп жатып атыбызды эл коюп салды. Өзүбүз ойлоп тапкан эмеспиз, ошентип “Баягылар” болуп калдык.

– Кантип чогулуп калдыңар? Тайпалашсыңарбы, классташсыңарбы?

Аман Мамбетакунов: – Жок, биз ар кайсы жерденбиз, тайпалаш да эмеспиз. Жеңишбек элдин уулу да, көп жерди кыдырып жүрөт. Өнөрлүүнү тээ алыстан көргөн сапаты да бар. Кочкордон Адилетти, Нарындан мени көрүп концертине чакырып сахнадан башыбыз кошулду. Жылдызыбыз келишип калды. Көп нерсе аялдардан да көз каранды экен. Жубайларыбыз да бири-бирине жагып катышып калышты. Ошентип шеринелеш болуп жүрүп топко айланып кеттик.

– Тобуңар аябай кызыктуу, жандуу, шаңдуу, силерге кошулабыз дегендерди кошосуңарбы?

Адилет Кожобергенов: – Кошулабыз деген эркектерди мындай коёлу, кыз-келиндер бар, айланайын. Араң жүргөндө жөн эле койгулачы деп жатабыз (күлүп).

Абир Исраилов: – Бизге кошулабыз дегендер көп. Бирок тамашабызга чыдай алышпайт. Ич ара катуу тамашалашабыз. Ошондон эле коркуп келе албай жатышат окшойт. Сапарда көп жүрөбүз да, тамашалап бирибизди чечинтип туруп бакка таңып кетип калабыз (күлүп). Ал кантет, ким чечет, башыбыз да оорубайт. Анан бири-бирибизге таарынбайбыз.

– Талант ага, сиз “Жеңишбек мага табыштап кеткен” деп тамашалап калдыңыз, сиз атамансызбы?

Талант Сыдыков: – Ии, мен заммын, ээ (жанындагыларга карап)? Сени койгон, бирок сен иштей албай коюп түшүп калдың, ээ? Силерге маекке келе турган жоопкерчиликти Аман алган. Байкуш, таң атпай жазып жатты. Эфирлерге чакырып калганда бирөөбүз ушинтип милдетин алсак, алган киши байкуш куурайт. Кээде тамашалап “барбай коёлубу, ыя?” деп жинине тиебиз.

Абир Исраилов: – Тамашабыз күчтүү, кээде “барбайбыз” деп жатып алсак, жоопкерчилик алып алган байкуш үйүбүзгө чейин барып терип келген учурлар болот. Эркелеп туруп алабыз. Кечээ жакында чакан концерт бердик. Ар бирибиздин күйөрманыбыз бар да. Түзүк акча таап алдык. Пандемияда жукара түшкөн чөнтөктү толтуруп алдык.

– Топтун артыкчылыгы жандуу үндө жана тамашаларыңарда окшойт?

Аман Мамбетакунов: – Биздин артыкчылыгыбыз – жандуу үн, аккордеон, комуз, шалдырак. Аппаратуранын деле кереги жок. Электр жарыгынын деле кереги жок. Жаан жааса деле туруп алып ырдай беребиз (күлүп). Анан интермедияларыбыз бар. Эки жарым саат концерт берсек да эл “эми эле башталды го, дагы” деп отуруп алышат.

Абир Исраилов: – Кайдагы эки жарым, үч жарым саатка созулуп кетет кызыганда.

– Азыр жандуу үн бааланып, эл фольклор жакка ыктап жаткан кез ээ?

Талант Сыдыков: – 10-15 жыл мурун фонограмма деген шумдук болчу. Эл азыр фонограммадан тажап, биздей жандуу ырдаган ырчыларга ыктай баштады. Ошондон биз утуп жатат окшойбуз. Чоң концертибизди 2013-жылы Спорт сарайында бергенбиз. Батир, 3 унаа утушка коюп, билет баасын кымбат кылганбыз. “Ким келмек эле?” дегендерди таң калтырып Спорт сарайы мелт-калт болуп толуп калган. Айфон, телефон майда-бараттардан бери ойнотконбуз.

Абир Исраилов: – Үйдөгү майда-чүйдөнүн баарын алып келип өткөргөнбүз деп кой (күлүп).

Талант Сыдыков: – Эл тааныш-билиши жок таза утуп алып ыраазы болушкан. Кийин филармонияда концерт бердик, анда эл ыраазы болгон.

– Шеринеден башталган деп айттыңыз, азыр деле уланабы?

Адилет Кожобергенов: – Ошону ырас эстетип койбодуңбу. Кимге келди эле?

Талант Сыдыков: – Кезек мага келген, карындашым, эстетпей турсаң болмок да. Берем, айланайындар, берем. Келинчегим бир аз сыркоолоп жатат, айыкса эле өткөрөм. Бизде чоң шерине, манты шерине, аш шерине, чай шерине деп бөлүп алганбыз. Айланып эле жүрө беребиз.

– Музыкалык билим кимде бар?

Аман Мамбетакунов: – Элден чыккан өнөрлүүлөрбүз. Мен Искусство институтунун режиссёр бөлүмүн бүтүргөм, комузда ойногонду кичинемден эле билем. Жеңишбек Жумакадыр Москвадан Щепкинди бүтүп келген, музыкалык билим Талант Сыдыковдо эле бар.

Адилет Кожобергенов: – Калганыбыз өнөрдү дипломсуз үйрөнгөндөрдөнбүз.

– Тойго ставкаңар кымбат окшойт, ээ?

Талант Сыдыков: – Алтообуз тең чогуу азыраак чыгабыз. Анткени алтообуздун ставкабызга чыдаган, жандуу үн угам дегендер азыраак болот. Андан тышкары алтообуздун өзүнчө ставкабыз бар, тамада, ырчы, куудул катары кете беребиз.

Абир Исраилов: – Алтообузга акчасы чыдабагандар төртөөбүздү. Төртөөгө чыдабагандар экөөбүздү же жалгыздан деле чакыра беришет. Акыры чакырттырабыз да (күлүп). Бирок алтообуз барсак башка ырчынын, тамаданын, куудулдун кереги жок.

– Ырдап жатканда экинчи үн, үчүнчү үн деген болот эмеспи. Кандай бөлүштүрөсүздөр?

Адилет Кожобергенов: – Мына бул үн бөлүштүргүч (Талант Сыдыковду көрсөтүп).

Талант Сыдыков: – Жакшы үндөрдү өзү алып алат деп койбойсуңбу?

Абир Исраилов: – Мурун хор ырдай берчүбүз, коркутуп жатып эле бөлүп салды (күлүп). Такем музыкант да, аңгыл-дөңгүл кылбай, сапаттуу кылып шөкөттөп үн бөлүштүрүп койду.

– Эски ырларды көп ырдайсыздар. Башкача бир өзгөчөлүк киргизели деген идея болду беле?

Адилет Кожобергенов: – Кечээ жакында өзгөчөлүк киргизип, интермедияга индия ырын коштук. Эски ырдан да индиянын ретро ырларын ырдап баштадык. Кыргыздыкы бул жакта эле калды. “Ача-ача” болуп ачылып кеттик.

Абир Исраилов: – Жана “топко кыз-келиндерди албайсыңарбы?” деп калдың го. Адилет турганда кыз-келинге муктаждык жок, өзү эле кемпирден баштап келинге чейин сонун туурайт.

– Тамашабыз катуу дедиңиздер. Бир сонун окуяны айтып берсеңиздер.

– Адилет Кожобергенов: – Катуу тамашабы? Сиз мага экинчи аял болгонго макулсузбу (баары каткырышып)?

– Жок, мага эмес, топтун арасында болгон окуя дегеним.

Адилет Кожобергенов: – Тамаша, карындашым, биздин тамашалар эми гезитке туура келбей калат го, өтө эле курч, болбосо айтып бермекпиз.

– Араңыздарда жеңебизден коркпой “кечиккен сүйүү” тууралуу айтып бере алган эр жүрөк барбы?

Талант Сыдыков: – Ий, Кудай, ай, жүрөктү оорутасың да.

Абир Исраилов: – Баарыбыз эле коркпой айтып бере алабыз.

Аман Мамбетакунов: – Кана айтчы анда? Мунун келинчеги Москвада да, ошого коркпой жатат (күлүп).

Абир Исраилов: – Айтып эле берем. Мурунку жумадабы, Кудай акы, айтор, жакында эле келди. Мамлекеттин тынчтыгы үчүн тажиктин бирден кызын алсаңар уруш токтоп калат экен деген жарыя чыкканынан тизмеге жазыла койгом, токтосун деп. Бирок тандалып отуруп жок калыптыр. Ошентип сүйбөй калбадымбы. Тамаша, карындашым, кечиккен сүйүү эмес, алып алган сүйүүнү деле анда-мында ээрчитип калдык. Карыганда бизде кайдагы сүйүү?

– Топ катары кандай наамдарды алдыңар?

Адилет Кожобергенов: – Көп эле алдык, гезит, радиолор сыйлап эле жатышат. Силердикин эле ала элекпиз, бүгүн берип койсоңор ала кетели. Барган жерден эле кружка беришет.

– Тобуңардын идея тапкычы ким?

Аман Мамбетакунов: – Уктап ойгонгону эле идея айта берет.

Адилет Кожобергенов: – Берки Талант Асаналиев бар го, ал азыр айылда, көп идея ошондон келет. Айылдын аурасы таза болот да.

– Топтун иштерманы ким?

Аман Мамбетакунов: – Адилет чарбачыл. Үйүндө 150дөй балапан бар. Жарыкка кактап эле чыгара берет.

Абир Исраилов: – Тоок баспай койгон жумуртканы өзү баса коюп эле чыгарып алат. Анча-мынчасына короз да болуп жибереби (каткырышып)?..

Талант Сыдыков: – Баары эле түрдүү жаатта иштерман. Баарыбыз чогулганда бир нерсе чыгат. Ага чейин топко идеяларды ыргытып коёбуз, концерт болуп калганда жан талашып кара терибиз чыкканча иштейбиз. Топтун намысы дегенде баш-отубуз менен кирип бир үйгө чогулуп алып азык-түлүгү жок калганча иштейбиз. Аны түгөтүп, экинчисиникине жөнөйбүз. Ошентип 6 үйдү кыдырып чыкканча концертке даяр болуп калабыз.

– Жылдыз болуу кимге кандай таасир берди?

Аман Мамбетакунов: – Жөн эле жүрөбүз, жылдыз болбой эле.

Адилет Кожобергенов: – “Баягылардын” бири келди, ырдап жатат десе толкунданып калабыз. Бирок кыр көрсөтүп укмуш болгон жокпуз. Же силер болдуңарбы?

Талант Сыдыков: – Биз жашыбыз өтүп калганда чогулуп калдык. Ошого токтоо эле кабыл алдык окшойт. Өтө жаш болсок, балким...

Абир Исраилов:– “Баягылардын” бири” деп көчөдө таанып шыбырашканда эле боюңду түз кармап басып калбасаң, билинбейт деле.

– Сонун маек болду. Маек соңунда сиздерге эркин микрофон...

Адилет Кожобергенов: – Чакырганыңарга рахмат! Биз гезитиңиздерге чыгып жатабыз, эми тиражыңар мындан да өсөт.

Абир Исраилов: – Жаркырап-жайнап, эл менен биздин ортобузда көпүрө болуп жүрө бериңиздер!

Аман Мамбетакунов: – Рахмат, силер менен биздин жолубуз бир. Силер да элдик гезит болуп калдыңар. Аман бололу!

Талант Сыдыков: – Мен айтайын дегенди булар айтып салышты. Мен атамдын башын айтамбы дегендей, баарына кошулам. Аманчылык болсун элибизде!

Талант Асаналиев: “АДИЛЕТТИ АЛДАП САХНАГА ЧАКЫРЫП...”

– Биз шеринелеш достордонбуз. Чыгармачылык жолдо чогуу жүрүп, кийин топ болуп калганбыз. Мени эл шылдыракчы катары тааныйт, бирок топто баарыбыз ойноп көрүп “сен шылдыракты жакшы, ритмди туура алып кагат экенсиң” дешип мага ыйгарышкан. Топтун сонун энергиясы бар, чогулганда кадимкидей эс алып эргүү келип калат. Чогулганда боорду эзген окуялар толтура, бир окуя эсиме түшүп кетти. Биз бир жолу Бишкекте концерт берип жатабыз. Арабызда Адилет куудулубуз аябай ишенчээк жигит. Биягынан алданып калса, биягынан ишене берет. Жеңишбек ырдаганы сахнага чыгып кеткен. Адилет телефонун карап отурса Талант Сыдыков ары жактан келе калып эле “сени сахнага чакырып жатпайбы, эмне отурасың?” десе чуркап чыгып кетти. Жеңишбек экөө сахнада бирдеме деп сүйлөшүп калышты. Келгенде Жеңишбек айтат, “сүйлөп жатсам эле эл дуу кол чаап ийди. Капырай, ушунча сонун сүйлөп салдымбы десем, артымда туруп алып Адилет жүгүнүп жатыптыр. Чочуп кетип эле “сен эмне чыктың, эмне болду?” деп шыбырасам, “сен чакырган турбайсыңбы?” деди. Тигилер алдаган экен деп сатира кылып бир нерселерди айтып элге билдирбей кеттик” деп айтып берип жатпайбы. Алданып калганын көрүп алып боорубуз эзилип күлгөнбүз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aimani
2021-06-01 16:08:45
Тамашалары кыжырды келтирет го.Мага экинчи аял болосунбу деген кантип кулкулуу болсун.же жаш балдар эмес.А так ырдагандары жагат.
+2
Nina.alex
2021-06-01 18:34:19
Жалжактап суйлогон немелер экен
-2
Nina.alex
2021-06-01 18:37:09
Эч купулума толгон жок маек. 13-15 жаштагы акылсыз балдар суйлоп жатканжай болуптур
-2
Jaka1978
2021-06-02 09:08:46
ошо орунсуз суйлоп коюшуптур
-1
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан