“Апамды издеп-2” тасмасындагы Даниярдын сүйгөнү Алия деген кыз эсиңиздеби? Ошол кыздын ролун бүгүнкү биздин каарманыбыз модель Адель Кадиева аткарган. Каарманым менен ушул тасма, моделдик кесип жана өзү тууралуу сүйлөштүк.
МОДЕЛЬ ТУУРАЛУУ
Туулган жери: Бишкек шаары
Туулган жылы: 1996-жыл, 16-октябрь
Бою: 173 сантиметр
Салмагы: 58 килограмм
Хоббиси: Ырдоо, бийлөө, моделинг
Фобиясы: жөргөмүш
Учурда: фриланс модель
Бойдок
– Адель, саламатсызбы? Көпчүлүктү улутуңуз кызыктырат экен...
– Саламатчылык. Ооба, менден да сурай беришет. Кыргызстанда “оруссуң” дешсе, Орусияда “кыргызсың” дешет. Чындыгында менде казак, кыргыз, татар, немистин каны бар. Ага карабай жан дүйнөмдө нукура кыргызмын.
– Ата-энеңиз эмне менен алектенет?
– Апам сүрөтчү-модельер, жогорку окуу жайда сабак берчү. Атам жок. Таежемди да апа дейм. Ал врач. Туугандарым дайыма мага “актрисасың” дей беришчү. Анан мына, актриса болуп калдым (күлүп). – Моделдикке аралашканыңызды кандай кабыл алышты?
– Алар кандай иш кылсам да колдоп турушат. Эч качан “кой, уят” дешкен эмес. 15 жашымда моделдик агенттикке барып окуп, сертификат алгам. Ошентип бул тармакта иштеп жүрүп азыр профессионал модель болдум.
– Моделдердин арасында атаандаштык күчтүү болот дешет. Кыздар менен мушташкан учур болгонбу?
– Атаандаштык болот. Бирок мушташка чейин жеткен эмес. Мен өзүм конфликттен качкан адаммын. Көптөр “модель болуу оңой, жасанып сүрөткө түшүп коёсуң” дешет. Бирок андай эмес. Модель болуу оор. Биринчи кезекте камера менен достошуп, көтөрүмдүү, эрктүү, чыдамдуу болушуң керек. Эртеден кечке бийик така кийип жүрүүнүн өзү эрдик. Анан да көпчүлүк моделдер тамак жешпейт. Албетте, бул дагы ден соолукка зыян. Мен тамак жебей өзүмдү кыйнаган моделдерге кирбейм. Босо лагман, самса, бургер, пиццанын баарын жейм. Негизи туура тамактаныш керек. Спорт менен да машыкпайм. Бирок машыккым келет. Буюрса, дүйшөмбүдөн баштайм (күлүп).
– Кээде ачык кийинип сүрөткө түшүү керек болот...
– Мага ич кийимчен сүрөткө түшүүнү көп жолу сунушташкан. Макул болгон эмесмин. Уялгандан эмес, өзүмдү ич кийимчен камеранын, тааныш эмес фотографтын алдында ыңгайсыз сезгенден улам баш тартам. Максимум ачык көйнөктөрдү кие алам. Бул да көбүнчө Израилде тартылган фотосессиялар. Мага чыгармачылык менен уюштурулган фотосессиялар жагат. Азыр кийим, косметика дүкөндөрүнө лукбук (товардын ичинен негизгилерин тартып, анын артынан сатууну көбөйтүү) көп талап кылынат. Ушул меники. Мындан тышкары кайсы бир образды ачып берип, сырткы сулуулукту гана эмес, кайсы бир атмосфераны чагылдырган фотосессиялардан ырахат алам. Бир фотограф, бир визажист курбум бар. Үчөөбүз чогулуп алып кээде сонун образдарды чыгарабыз. Анан биздин артыбыздан башкалар туурап башташат. – Израиль деп калдыңыз. Азыр ошол жакта жашайт экенсиз...
– Ооба. Жигитим ошол жакта иштейт. Мени кошо ала кеткен. Экөөбүз 5 жылдан бери кыз-жигитпиз. Мен ал жакта дагы моделдик бизнес менен алекмин. Көбүнчө ар кандай образды жана макияжды тартуу иштери болот.
Израилде жашоом кызыктуу. Кыргызстандагы көнүмүш жашоомдон такыр башкача. Ал жакта аба ырайы дайыма жылуу, пальмалар өсөт. Мен пальманы алгачкы ирет ошол жактан көрдүм. Бирок баары бир мекенимди, туугандарымды, досторумду сагынам. Кыргызстанды аябай жакшы көрөм. Керемет жаратылышыбыз, тоолорубуз бар, боорукер, ынтымактуу элибиз бар.
– Пластикалык операция жасаткансызбы?
– Жок. Жасаткандан корком, оорутат да. Баары өзүмдүкү. Бирок пластикалык операцияга каршы эмесмин. Ар ким өзүнүн денесине, бетине каалаганын кыла берсин. 60ка чыкканда, балким, бырыштарымды тарттырам.
– “Апамды издеп-2” тасмасына кантип тартылып калгансыз?
– Инстаграмдан кастингге чакырып калышты. Эмне бар, эмне жок деп барып көрдүм. Ошол күнү жүдөп, чачым майланышып жүргөм. Ошол бойдон бардым. Андыктан мени албайт деп ойлогом. Анан эле 2 күндөн кийин “сиз өттүңүз, жакында тартуу иштери башталат” деп чалып калды. Мага киного тартылган жакты.
– Андан кийин тасмага тартылуу сунуштары түштүбү?
– Андан башка тасмага тартылган жокмун. Эпизоддук ролдорго сунуштар болду. Бирок убактым болгон жок. Чындыгында тасмага тартылгым келет. Коркунучтуу киного арбактын ролунда же комедияга тартылгым келет.
– Маегиңизге рахмат!
Перизат Музуратбекова