Бул айым учурда ушул жылдын апрелинде Баткенде куралдуу кол салуудан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарын Ысык-Көлдө эс алдыруу камын көрүп жүрөт. Пандемия күчөп турган маалда автоунаасын сатып, мекендештердин дары-дармек, азык-түлүк алуусуна акчалай жардам берген. Алгылыктуу иштери менен мактоого арзыган белгилүү коомдук ишмер, Евразия телеакадемиясынын академиги, "Ассоль" кайрымдуулук фондунун президенти, Чыңгыз Айтматов атындагы “Ысык-Көл форумунун” башкы катчысы Ассоль Молдокматова менен кайрымдуулук иштери, жеке жашоосу тууралуу баарлаштык.
– Ассоль айым, саламатсызбы? Маек берүүгө убакыт бөлүп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындан 1 ай мурун Баткендеги окуядан улам Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга кат жолдодуңуз эле. Кат дарегине жеттиби? Так маалыматты өзүңүздөн уксак.
– Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Баткендеги окуяга реакция кылганын ар бир кыргызстандык көрдү. Мамлекетке гуманитардык жардам көрсөттү, ишкерлерге Кыргызстанга мектеп куруу боюнча сунушун айтты. Бул жөнөтүлгөн катка жооп болду. Мени менен дайыма байланышта болуп, жардам берген президенттин жээни, Түркиянын коомдук ишмери Омер Эрдоганга ыраазымын. Экөөбүз сүйлөшүп жаткан маалда ал Режеп Тайип Эрдогандын командасынын жанында болчу, кат ошол учурда окулган.
– Жакында Адил аттуу баланын өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолугушуусуна мүмкүнчүлүк түзүп бердиңиз...
– Жолугушуулар кокустуктан боло бербейт. Баткендик 12 жаштагы Адил Абдурахимов жапжаш болсо да жашоосунда көп кыйынчылык көрүптүр. Адилге жардам берүүмдү суранып, кайдыгер эмес жарандардан келген 7 миңден ашуун кат аны менен жолугууга түрткү берди. Адил чоң кишидей ой жүгүрткөн, акылдуу көздөрү бар өзгөчө бала экен. Президент менен жолугушуу анын жашоосун өзгөрттү. Өлкө башчынын тапшырмасы менен учурда Ички иштер министрлиги Адилдин атасын абактан бошотуу боюнча иш алып барып жатат. Ата менен баланын башы биригет деп ишенем. Учурда Адилди лицейге жайгаштыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам.– “Ассоль” кайрымдуулук фонду пандемияда муктаждарга кол сунду, элге жардам берүү үчүн автоунааңызды сатканыңыз да айтылды эле...
– Фонд көп жылдардан бери иштейт. Пандемияга чейин эле балдар, карылар үйлөрүнө, зомбулукка кабылгандарга моралдык, материалдык жардам берип келген. Пандемияда Жип унаамды сатып, мекендештеримдин керектөөлөрүнө жумшаганым чын. Күн сайын "кызыл зонага" кирип дары-дармек жеткирип жүрдүм. Ойлонууга убакыт жок болчу. Кыргызстандыктардын өмүрүн алган “кара июлду” эч качан унутпайм.
– Учурда Баткен элине жардам берип жатасыз. Каргашалуу окуя сизге кандай таасир этти?
– Угарым менен Баткенге барууну чечтим. Жардам бере аларыма көзүм жетип турганда кайдыгер карап тура албайм. Командамды топтоп, эртеси эле учуп кеттик. Биздин фонддун түштүктөгү өкүлүнө байланышып, 300 миң сомдой акча жиберип, тамак-аш, дары-дармек сатып алууну тапшырган элем. Ал жүк менен биринчи Арка айылына жөнөдүк, ала келген 200 миң сомду айылдагы ар бир үй-бүлөгө тараттым. Каза болгон чек арачы Бекзод Юлдашевдин үй-бүлөсүнө барып көңүл айттым. 70 миң сомду Лейлектеги аскер гарнизонунун командирине тапшырдым. Биздин Баткендеги гуманитардык миссиябыз ушундай башталды. Экинчи жолкусунда 550 миң сом алып барып, ар бир жабырлануучунун колуна тапшырдым. Жалпысынан 1 миллион сом акчалай жардам, 100 тонна гуманитардык жардам көрсөтүлдү. – Бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундар эмне деп жатышат? Алардын абалы кандай?
– Биринчиден, тез арада үйлөрдүн, мектептердин, бала бакча жана ооруканалардын калыбына келтирилишин, чек ара маселесинин акыйкат чечилишин күтүп жатышат. Жергиликтүү тургундардын өз жерин таштап кеткиси жок. Бирок коюнунда котур ташы бар коңшунун жанында жашоо кооптуу. Алар гуманитардык жардамдан тышкары психологиялык жардамга муктаж.
– Мындай окуя кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?
– Эч кандай "жогору" жактын атайын чечимдери менен коррупцияны, кесипкөйсүздүктү жеңе албайбыз. Буга саясаттагы эрктүүлүк, терең акыл, кенен дүйнө тааным, иш-аракеттердин так планы керек.
Жакында болгон Баткен окуясы, мекендештерибиздин каза болгону, Референдум жарыялоо менен өлкөнүн тагдырын чечүү укугуна ээ болгондорду шашылыш билдирүүлөрдөн жана шашылыш чечимдерди кабыл алуудан алыс кылат деп ишенем.
Мен Баткенде курман болгон 3 чек арачынын ысымдары мектептерге, көчөлөргө, заставаларга берилишин каалайм, суранам жана талап кылам. Душмандын огунан үзүлгөн өмүрлөр спектаклдердин, тасмалардын, ырлардын негизи болуш керек. Эсентур Кубанычбеков, Бекзод Юлдашев, Нурсултан Манасбек уулунун ысымдары биздин “Өлбөс полктун” катарын толукташы зарыл.
– Жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдө эс алууну күтүп жатышат. Мындай долбоорду ишке ашыруу кыйын болсо керек?
– Жабыр тарткан үй-бүлөлөрдөн 150 бала реабилитацияны күтүп жатышат. Ушул оор жана каргашалуу күндөрдө жапа чеккен үй-бүлөлөрдү чын жүрөктөн колдогону үчүн кыргыз элиме жана өлкө башчысына ыраазычылыгымды билдирем. “Атын атаса куту сүйүнөт” дегендей, бул ысымдарды белгилеп кетпесем болбос. Канадада жашаган мекендештерибиз балдарга керектүү нерселерди сатып алууга жардам беришти. Ишкер Алмазбек Шарабидинов, “Silk Road” эл аралык мектебинин ээси Шелли Гупта, менеджер Махабат Ажибаева 1 миллион сомго балдарга кийим алып беришти. “Сапат” билим берүү мектеби 550 миң сомго балдарды тамак-аш менен камсыз кылышат жана Кадамжайдагы лицейде 15 күн окууга мүмкүнчүлүк алышат. “American School” лагеринин ээси Эрлан Усубакунов лагерин берди, болгону тамак-ашка гана акча котордук. “AviatraFfic” авиакомпаниясы балдарды аба майданы менен жеткирет, ал эми “АККА” ЖЧКсы акысыз күйүүчү май менен камсыз кылат. “Bigser” компаниясы футболкаларды, “Sajda” спорт костюмдарын, “Куликовский” таттууларды беришти. Ысык-Көлдүн ыйгарым укуктуу элчиси, мэри экскурсияларды уюштурушат. Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алымбаев да жакшы иштеди. Ал балдардын медициналык көрсөтмөсүн бүтүрүүгө көмөк көрсөттү. Балдарды Ошко алып баруу үчүн чартердик рейс уюштурду. Мен тиш жуугучтан баштап, шампунь, ич кийим, күрмө, спорт костюмуна чейин салынган 150 саякат сумка даярдадым. Бул саякатка балдарды өз балдарымдай даярдап жатам. Мен үчүн Кыргызстандын бардык балдары өз баламдай!
– Сизди “Элдик дипломат” деп да аташат. Кезинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду ушундай аташчу. Миссияларда окшоштук барбы?
– Залкар жазуучунун элдик дипломатиясы Оштогу кандуу окуялар мезгилинде башталган. Чыңгыз Айтматов абалды турукташтырып, тынчтык орнотууга салым кошкон. Сыягы, мындай миссия мага жогору жактан берилген окшойт. Оор күндөрдө чечкиндүүлүк, кайраттуулук менен бирге, толеранттуулук жана активдүүлүк керек. Атам Абдыкалый Молдокматов өлкөдөгү эң алгачкы журналисттердин бири болгон. Чыңгыз Төрөкулович Айтматов менен Москвадагы Горький атындагы Адабият институтунда бирге окуган. Алар дос болуп, бирге жүрүшкөн. Атамдын көзү өтүп кеткенден кийин Чыңгыз Айтматов үй-бүлөмө жардам берген. Инилеримдин атын Чыңгыз жана Ильгиз деп койгом.
Бир нече жылдан кийин жазуучунун уулу, Чыңгыз Айтматов атындагы “Ысык-Көл форуму" коомдук бирикмесинин жетекчиси Аскар Айтматов мага вице-президент болуу сыймыгын тапшырды. Мен үчүн Аскар Айтматов улуу ага, кеңешчи, дипломатиянын бийик устаты.
– Коомдук ишмер, психолог, мода эксперти жана башка... Ушул тармактардын кайсынысы жан дүйнөңүзгө жакын?
– Мен үчүн бийиктикке багыт алган саякаттын өзү сыйлык. Коомдук, социалдык маселеби же башкабы, айырмасы жок. Жашоомдун эң жакшы бөлүгү – бул көтөрүлүүгө багыт алган ар бир тепкич. Жашоо процессинин өзү жыйынтыктан маанилүү. Тузу ушул жерде!
– Кийинки суроо жеке жашооңуз тууралуу болсун. Аты жаман илдет менен күрөшүп жатканыңызды айткан элеңиз. Ал дартты толук жеңе алдыңызбы?
– Мен уулдарымдын апасымын, энемдин кызымын, инилеримдин эжесимин. Чет өлкөдө дарыланып жүргөндө бир туугандарым жана жакындарым Жараткандан ден соолугумду тилеп жатышты. Ар бир алты ай сайын абалым туруктуу экенин билиш үчүн Түркиянын бир клиникасына барып, толук текшерүүдөн өтүп турам. Бүгүнкү күндө кооптуу учур артта калды деп айта алам.
– Дайыма ден соолукта болуңуз! Ишиңизге ийгилик каалайбыз!
Динара Абдыкадырова