Быйыл январда пара талап кылууга шектелип кармалып, кийин үй камагына чыгарылган жарандык активист Улан Жураевге Бишкектин Биринчи Май райондук соту 260 миң сом айып салды.
Өлкөдө жыл башынан бери 21 адам сууга чөгүп каза болгону айтылды.
Бишкекте быйыл жалпы 6980 бүтүрүүчү мектепти аяктады.
Өлкөдө “Коопсуз шаар” боюнча айып пулдун суммасын азайтууну караган мыйзам долбоору комитетте биринчи окуудан өттү.
Абдибакыт Халмурзаев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды.
Нарын, Ноокат, Майлуу-Суу жана Көк-Жаңгак шаарларынын мэрлерин шайлоо 11-июнга дайындалды.
Темирбек Асанбеков Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз өлкөсүнүн атынан министр болуп дайындалды.
“Дело №...” гезити өз ишин токтотконун жарыялады
22-майда Орусияда Кыргыз жаранынын 4 жана 5 жаштагы кыздары өрт кырсыгынан каза болгону маалымдалды.
Баткенде чек ара окуясынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган эсепке 100 миллион сомго жакын акча чогулду.
Аксы районунда 24-май күнү аты менен кошо дарыяга кулап түшкөн 11 жашар бала изделүүдө.
24-майда Ош облусунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
Дүйнөлүк банк Кыргыз өлкөсүнө 17 миллион доллар бөлөт, бул жеңилдетилген насыя жана грант түрүндө берилет.
Жарандык активист Мелис Аспековго дагы бир кылмыш иши козголду.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.