Жыйындын алкагында эл аралык жана республикалык эстрада жанры боюнча фестивалдарды жандандыруу, окуу жайлардагы эстрада бөлүмдөрүнүн окутуу программалары, дегеле бул багыттагы приоритеттүү жагдайлар талкууланды.
Кайрат Иманалиев жолугушуу учурунда эстрада тармагынын өкүлдөрүнө буга чейин тиешелүү көңүл бурулбай келгендиги, мамлекеттик сыйлык маселелери, автордук укуктар жаатында ой бөлүшүп, Маданият министрлиги менен тыгыз байланышта иш алып баруу демилгесин көтөрдү.
Мындан сырткары министр эстрада тармагында жасала турган иштер арбын экендигин баса белгиледи. Аны менен бирге аймактардагы таланттуу жаштарды алып чыгуу жана гастролдорду уюштуруу сындуу иштери жолугушуу учурунда колдоо таап, алгачкы кадамдар башталды.