Крахмал негизинен жүгөрү, картошка, күрүч, буудай, арпа сыяктуу азыктардан алынат. Чеги менен колдонулса адамга кошумча энергия берип, мээни жакшы иштетет. Крахмал ашканада нан азыктарын жасоодо, эт азыктарын бышырууда даамын арттыруу, форма берүү үчүн колдонулуп келет. Тыгыздап, коюулатуучу касиетке ээ болгондуктан кисель, пудинг жасоодо курамына сөзсүз кошулат. Кекс, бисквит, оладьи жасоодо кошулуучу ундун 10 пайызын жүгөрү крахмалына алмаштырсаңыз эки эсе көөп, сырты кыртылдак, ичи жумшак, жыттуу болуп бышат. Ошондой эле узагыраак сактоого болот.
Куймак (блинчик) жасоодо жогорудагыдай эле ундун ондон бир бөлүгүнө жүгөрү же картошка крахмалын кошсоңуз куймактын камыры көмөчкө текши жайылып, жука, чоюлчаак болуп бышат.
Каймактан жасалган кремди коюулатуу үчүн да жүгөрү крахмалын кошсоңуз болот. Эгерде даярдалчу крем 200 грамм болсо, ага 20 грамм жүгөрү крахмалын 50 миллилитр жылуу сууга эзип алып, кремди чалып жатканда кошуңуз. Даяр болгон соң жарым саат муздаткычка коё туруңуз.
Ар кандай соуска, эттен жасалган чыкка (подлив) 1-2 аш кашык картошка крахмалынан кошуп койсоңуз жакшы коюуланат. Чык даяр болгонго 20 мүнөт калганда ысык шорподон бир аз алып крахмалды эзип алып, анан кошосуз.
Ал эми этти же жашылча-жемиштерди оонатып алып майга кызарта бышырууда крахмалдын үч түрүн тең колдонуп келишет. Негизинен унга, кургатылган нандын күкүмдөрүнө оонатышат. Ошол азыктардын бештен бир бөлүгүн крахмал менен алмаштырып койсоңуз болот. Мындай жол менен бышкан эт азыктарынын, жашылча-жемиштердин ширеси сыртка чыгып кетпейт, натыйжада сырты кыртылдак, ичи ширелүү азык даярдалат.
Асел Ишенбай кызы