КЫРГЫЗ-ОРУСИЯ ПРЕЗИДЕНТТЕРИ СОЧИДЕ ЖОЛУГУШТУ

Президент Садыр Жапаров 24-майда Орусия лидери Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушуу Орусия тараптын демилгеси менен Сочи шаарында өттү. Маалыматка таянсак, президенттер Кыргыз-Орусия алакасын, ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуяны да талкуулашты. Путин Баткендеги кырдаалды ошол күндөрү тынчсыздануу менен байкап турганын айтат.

– Сүйлөшүүлөрдө эки тараптын ушул сыяктуу бардык талаштуу маселелерди чечүү ниеттерин колдодук. Максатка дал ушул жол менен жетүүгө болот деп ишенем. Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн бизден көз каранды болгон нерселердин баарын жасайбыз. Көйгөйлөрдү чечүүдө эки тараптын тең кызыкчылыгына жооп бере турган узак мөөнөттүү жолду табышыбыз керек,- дейт Путин.

Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү Орусия менен диалогду мындан ары да өнүктүрүүнү жана ар тараптуу бекемдөөнү көздөй турганын билдирди. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери колдоо көрсөтүп жатканы үчүн Орусияга ыраазычылык билдирди.

Көпчүлүктүн көңүлүн жолугушуудан кийин Путиндин Жапаровду узатканы тартылган видео бурду. Анда өлкө президенттери көкүрөк тийгизише кучакташып коштошуп, Путиндин Кыргыз президентине кайра-кайра кол булгалап узатканын көрүүгө болот. Көпчүлүк муну “сүйлөшүүнүн жакшы маанайда өткөнүнүн белгиси” деп жоруп жатат.

Садыр Жапаров сапар алкагында Сочи футболдук клубунун стадионуна барып таанышканы да белгилүү болду. Мындан улам өлкөдө футболго шарт түзүү, Бишкекке заманбап стадион куруу өтүнүчтөрү кайра жанданды.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан