АВТОУНААЛАРДЫ КАЙРА КАТТОО АРЗАНДАЙТ

Ушул жылдын 1-июнунан тарта автоунааларды кайра каттоодон өткөрүү убактылуу арзандайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы эскертти.

Унааны кайра каттоонун баасы 1360 сомду түзөт. Унаанын чыккан жылы жана кыймылдаткычынын көлөмү эске алынбайт. Эгер автоунаа үчүн жаңы мамлекеттик номур алынбаса, кайра каттоонун баасы дагы 450 сомго чейин арзандайт.

– Өкмөт бардык айдоочуларды мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, айдап жүргөн автоунааларын жеңилдетилген шартта өз атына каттатып алууну өтүнөт. Кайра каттоону арзандатуу – убактылуу акция. Мындай мүмкүнчүлүк ушул жылдын 31-декабрына чейин гана берилет,- деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, автоунааны өз атына жаздырбай, ишеним каттын негизинде айдап жүргөндөр “Коопсуз шаар” долбоорунун ишине ыңгайсыздык жаратып жатканы айтылып келет. Мисалы, жол эрежесин бузганы үчүн салынган айыптардын өз дарегине жетпей жатышы.

Автоунааларды кайра каттоо боюнча 3 айлык жеңилдик мөөнөтү 2018-жылы да берилген. Ошол учурда бир жеңил унааны кайра каттоонун баасы орточо 2500-5000 сом болсо, акция учурунда 1000 сомго чейин арзандаган. Мамкаттоонун маалыматына таянсак, бул акциядан жарандар активдүү пайдаланган эмес.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан