Аптанын жаңылыгы
Шайлоодон бери эки апта өткөнүнө карабай, анын расмий жыйынтыгы дале жок. “Эртең чыгат, жок, эки күндөн кийин чыгат” деген сөздөргө эч ким ишенбей калды көрүнөт. Бирок коалиция курмай, ага кайсы партиялар кирери тууралуу кептер кайрадан элдин көңүлүн бурду.
Бул аптада КСДП менен “Республика” партиялары коалициялык өкмөттү куруу үчүн биригүүгө макулдашканы маалым болду. “Бабанов алыс барбайт, ушул Атамбаевге эле кошулат” деген кептер чын чыкты. Анын үстүнө Өмүрбек Бабанов бир кезде ушул партиянын курамында болчу. 2007-жылкы парламенттик шайлоодо “Республиканын” “атасы” өзүнүн мандатынан өлкөнүн азыркы “энеси” Роза Отунбаева үчүн баш тартып, депутаттык креслосун бошотуп бергени да эсибизде.
Ачык болбосо да, акыркы окуялар “Ар-намыс” “Ата Журтту” колдой тургандыгын, экөө кошулар күн алыс эмесин билдирип койду. Ташиевдин айланасындагы ызы-чуулуу окуяда Феликс Кулов “ата журтчуларга” жан тартарын жашырбады. “Ата Журт” эки күн бою митингде жүргөндө, “ар-намысчылар” да аянтка чыкмакчы болушту. Бирок ал күнгө жетпей “Ата Журт” митинг өткөрүүдөн баш тартса, көп өтпөй Куловдун партиясы да “кетсин” деп кыйкырбай тургандыгын жарыялады.
Жыйынтык чыга элек болсо да, парламенттик даярдык кызуу жүрүүдө. Ошентип, биздин саясий талаада эки топ түзүлдү. Көпчүлүк “экинчи революциянын ээси” иретинде “Ата Мекен” менен КСДП биригет деп күтүшкөн. Бирок мындай “туугандашуу” негедир кечеңдеп жатат. Ага жетпей эле КСДП менен “Республика” кол кармашты. “Экөө тең орусиячыл маанайдагы партиялар, ал эми Текебаевдин партиясы тышкы саясат боюнча маанайы башка болгондуктан, кошулбай жатат” дешүүдө. Бирок “Ата Журт” менен “Ар-намыска” үчүнчү болгондон көрө Өмүрбек Текебаев идеясы жакын жана санаалашы Атамбаев менен Бабановду тандаарына көбүрөөк ишенсе болот.
Балким, андай болбой калышы да ыктымал. Кантсе да топтор түзүлдү, “оюнчулар” белгиленди. Эми “Ата Мекендин” тараза ташы кай жакка оой тургандыгын күтө туралы.