Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши муфтияттын каржылык иштерин текшерген комиссиянын корутундусун жарыялады. Маалыматка таянсак, былтыр зыяратчылар берип, муфтиятта сакталып турган акчага учурда 1 миллион 894 миң 115 доллар же 157 миллион сомдой жетпей жатат.
– 2020-жылы ажылык сапарга баруу үчүн 9586 адам катталган. Мунун ичинен 5519 адам 3350 доллардан, 4172 адам 500 доллардан берген (105 адам базага катталган эмес). 3350 доллардан берген 3092 адам, 500 доллардан берген 3411 зыяратчы акчасын кайтарып ала элек. Жалпы сумма 12 миллион 116 миң 200 долларды түзөт,- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 2020-жылы пандемиядан улам өлкөдөгү зыяратчылар ажылык сапарга барбай калышкан. Алардын акчасы муфтиятта сакталып турган. Бул арада муфтият “каржылык жардам” деп бир нече ишканаларга, жарандарга карызга акча берип, кайра кайтарып алып турганы, доллардын курсуна карап мекеме зыян тартып да калганы жазылган корутундуда.
Быйыл февралда УКМК муфтияттагы каржылык мыйзам бузуулар тууралуу жарыялаган. Аталган мекеменин кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланган деп маалымат тараткан. Быйыл апрелде 10 адамдан турган комиссия түзүлгөн.
Жолдубек Качкынбаев