КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ ЖАБЫЛЫП, “МАНАС” АЭРОПОРТУНА УЧУП КЕЛГЕН ТАЖИКСТАН ЖАРАНДАРЫ АРТКА КАЙТАРЫЛДЫ

Кыргыз өлкөсү Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапты. 24-майда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Кыргыз-Тажик чек арасын толук жабуу чечими кабыл алынганын, чек ара талашы чечилмейинче ачылбай турганын” билдирген эле. УКМКнын Чек ара кызматы 21-майдан тарта Кыргыз-Тажик чек арасына убактылуу чектөө киргизилгенин маалымдады. Маалыматка таянсак, Тажикстан жарандарынын Кыргыз өлкөсүнө кирүүсүнө, Кыргыз өлкөсү аркылуу башка мамлекетке өтүүсүнө тыюу салынды. Ошондой эле “Кулунду”, “Кайрагач”, “Кызыл-Бел”, “Бордөбө” жана “Карамык” өткөрүү пунктарынан Тажикстандын жүктөрүн жана автоунааларын өткөрүүгө жана ал өлкөгө жүк киргизүүгө уруксат берилбейт. Ал эми Тажикстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары, Кыргызстанда жүргөн Тажик жарандары өз өлкөлөрүнө өтүп кете алышат. Эки өлкөнүн дипломатиялык кызматкерлери, расмий кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чек арадан тоскоолдуксуз өтө алышары айтылат маалыматта.

25-майда Тажикстандын борборунан Бишкекке учуп келген тажикстандыктар өлкөгө киргизилбей, артка кайтарылды.

– 25-майда саат 23:11де Бишкектеги “Манас” аэропортуна Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын чартердик каттамы келип конгон. Учакта 186 жаран болгон. Мунун 177си Тажикстандын, 9у башка өлкөнүн жарандары. Тажикстан жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө убактылуу тыюу салынгандыктан алар өлкөгө киргизилген жок. Калган 9 жаран киргизилди. Тажикстандын жарандары отурган учак саат 03:17де кайра Дүйшөмбү шаарына жөнөтүлдү,- деп билдиришти аэропорттон.

Бул жагдай боюнча Тажик тарап “Кыргыз-Тажик чек арасы жабылганы тууралуу Кыргыз тарап расмий эскерткен эмес” деп жатат.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан