Гезитибиздин 19 жылдык мааракеси болгон күнү “Супер-Инфо” менен тең жарыша атактуулуктун жолун баскан ырчы Ильяз Абдыразаков менен маек курдук. “Малыш” аты “маэстро” болуп алмашканы, үй-бүлөдөгү аталык орду жана башка толтура кызыктар менен бөлүштү.
– Салам, Ильяз! Сонун күнү маекке келдиң, гезитибиздин 19 жашын белгилеп жатабыз. Гезиттин чыгармачылыгыңда чоң орду болсо керек?
– Саламатсыздарбы? Мааракеңиздер менен куттуктайм. Биз менен тең муундун чыгармачылыгы “Супер-Инфо” менен катарлаш болду. Эсимде, ак формам менен 1-бетке чыгып, аябай толкундангам. Анда “Арманым” деген ырым популярдуу болуп жаткан эле. Кийин концерт уюштуруп, эмгегибизди баалап статуэтка тапшырдыңыздар. Ошондо толкунданып айта албай калган сөздөрүмдү азыр айтып алайынчы, ээ (күлүп)? Сиздер маданият, шоу-бизнес жаатына эң биринчи жол салган чоң медиа болдуңуздар. Ал кезде социалдык тармактар жок болчу. “Супер-Инфо” азыркы Инстаграмдын ролун аткарчу. Биздин жаңылыктар, жаңы ырларыбыз, жаңы сүрөттөрүбүз, маектерибиз биринчи силерге гана жарыяланчу. Эч кимге бербей туруп гезитке чыгарып, анан башка ММКларга барчубуз. Сиздерди баалайм, жакшы көрөм, Инстаграм баракчаңыздарда да катталуумун (күлүп). – Рахмат! Биз да сени жакшы көрөбүз. Өзүң айткандай, чыгармачылыгыңдын башында катар-катар хит ырларды чыгардың эле. Азыр тыныгуу алып жаткандайсың...
– Хит ырлар “мени алып кет” деп бир жерде тура бербейт экен (күлүп). Азыр деле аракет кылып жатам. Хит жаратуу убакытты талап кылат. Үй-бүлө, бала-чака менен алаксып чыгармачылыкка толук өзүмдү а рнай албай жатамбы, билбейм. Азыр композитор, аранжировкачы болгонум үчүн да өзүмдүн чыгармачылыгым бир аз артта калгандай сезилип жатса керек. Заман өзгөрдү, концерттер жокко эсе, той көбөйүп кетти. Ушунун баары хиттин чыгуусуна тоскоол болсо керек. Бирок өзүмө аябай иштеп жаткандай сезилем.
– Анжелика экөөң дуэт ырдап чыктыңар. Кимдин демилгеси болду?
– Бактыгүл Бадыева, Сайкал Садыбакасова менен дуэт ырдагам. Бул жолу Анжелика мага ыр жаздырмакчы болуп калды. Ошондо “чогуу ырдайлы” деген идея келип, ырдап калдык.
– Кайсы жанрдагы ырларды угасың?
– Классика угам. Чет элдик, жергиликтүү ырчылардын ырлары хит болсо, мелодиясында өзгөчөлүк болсо уга берем. Көп учурда өзүмдүн ырларымды угам (күлүп).
– Көптөгөн музыкалык аспаптарда ойносоң керек?
– Кичинемде комуз, ооз комуз үйрөнгөм. Кийин гитара, клавишалык аспаптардын бир тобун үйрөндүм. Жөндөм болсо аспап чертүүнү үйрөнүш оңой.
– Тубаса музыкант жигит катары билебиз. Ушуну диплом менен бекемдеп койсом деген ой болду беле?
– Диплом алыш керек. Жаштарга окугула деп кеңеш айтат элем. Менин жагдайым башка болуп калды. Музыкага берилип кеткениме байланыштуу мектепти да аягына чейин бүтүрө албайм калгам. 5-6-класстарга чейин жакшы окуп, кийин ырдаганга кызыгып, окууга такыр көңүлүм жок качып калдым. Апам “сен окууну жыргатпайт экенсиң” деп мени Абдумалик Шерматовго кошуп туруп гастролго жиберип салган. Айтор, 9-классты бүтүп, шаарга келдим. Гастролдо кыйын музыканттар менен жүрүп сабак алганым үчүн университетти бүтүргөн адамдан да көбүрөөк билим алдым десем туура болот го. Мен турмушта үйрөнгөн музыкалык сабактарды эч бир университет окута албаса керек. Азыр 33 жашка чыктым. Башка нерсе менен алек болуп көрсөмбү деп ойлонгондо эле кайра музыка өзүнө тартып кетет. Бизнес жаатын сураштырып аракет кылып көрсөмбү дейм, бирок колдон келбейт окшойт. Ушинтип жүрө берейинчи деп жөн коём.
– Устатым деп кимди айта аласың?
– Негизги 2-3 адамды айта алам, бирок бул жаатта жардам берген көп адам болду. Абдумалик Шерматов, Гүлшайыр Садыбакасова, аранжировка жагынан Мирлан Ниязов устаттарым. Апам музыкадан сабак берчү. Кичинемде кулак-мээсин жеп “нотанын бул жери кандай? Мындай кылып ойноп койсом эмне болот?” деп үйрөнүп алып, эртеси мектепте ойноп берчүмүн. Атам да музыка чөйрөсүнөн. Кыскасы, ушул адамдардын баарынан чыккан “продуктмун” (күлүп).
– “Малыш” деген лакап атың ошол жылдардан калса керек?
– Гастролдо жүргөндөрдүн эң кенжеси элем, эркелетип “малыш” деп жүрүп кийин ошондой ат жабышып калган. Ямахадан араң эле башым чыгып турса “тиги баланы жөн эле коюп койдуңарбы, кантип чертсин?” дей беришчү. Мен кадимкидей эле чертчүмүн. Ал кездеги “малыш”, эми “дядя” (күлүп). Азыр деле ошол учурдагы адамдар “малыш” деп кайрылып калышканда аларга “азыр малыш эмесмин” деп айта албай калам. Кээ бири “маэстро” деп да калат.
– Кел, сүйүү тууралуу сүйлөшөбүз.
– Сүйүүнү сөз менен айтып бере алгандардын катарына кирбейм. Бир жакшы ырымды уксаңыз, обон болобу, мелодия болобу ошол жерде сүйүүнү өз тилимде айтып берип жаткан болом. “Өлөм, сен үчүн баланчанчы кабаттан секирем” дегендин баары ошол жерде
(күлүп). Мен музыка менен эле айта алам. Сөзгө жокмун.
– 11 жылдан бери үлгүлүү үй-бүлө болуп жашап келе жатасыңар. Аялдар бир нече жылдан кийин “желекти” алып коюшат го билдирбей. Силерде жагдай кандай?
– Хм, желекпи? Желек сандыкта эле жатат, көрсөтүш керек болсо сурап көрсөтүп туруп, кайра өзүнө берип коём (күлүп). Тамаша, желек менде эле. Кыскасын айтканда, күйөө-аял бири-бирин түшүнүшсө сонун жашай беришет.
– Балдарга кандай атасың?
– Жумшак атамын, апасы дайыма жанында болгондуктан бир аз катуураак кармап урушуп калат. Мен болушуп “болду, уруша бербечи” дейм. Такыр болбой баратса “азыр өзүңдү үйдөн чыгарып коёбуз” деп тамашалайм. Балдарды уруп, катуу айтып тарбиялоо эски заманда калды окшойт. Менин ыкмам бирөө эле, өзүм жакшы жүрүп, үлгү болсом балдарым да тарбиялуу болушат.
– Ким кызганчаак, сенби же келинчегиңби?
– Экөөбүз тең эмес, анткени “повод” жок (күлүп). Тынч элебиз.
– “Малыш Ильяз” чын эле токтолуптур. Үй-бүлөң менен бактылуу бол! Сенден толтура хит ырларды күтөбүз, маэстро!
Нуржамал Жийдебаева