Спортчулар эл аралык мелдештен медаль менен кайтышты

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курама командасынын мүчөлөрү 28-30-май күндөрү Стамбул шаарында өткөн "Champions 2021" XXIII эл аралык мелдешинен ийгиликтүү кайтышты. Мелдеште Калмира Билимбекова (57 килограмм) жана Сезим Жуманазарова (59 килограмм) күмүш медаль тагынышса, Айжан Сабырбек кызы (53 килограмм) менен Бермет Нуридин кызы (57 килограмм) коло байгени ээлешти.

Ал эми 21-май-1-июнь аралыгында Дубайда өткөн Бокс боюнча Азия чемпиондугунда 4 Кыргыз мушкери коло медаль тагынышты. Алар: Азат Усеналиев, Акылбек Эсенбек уулу, Эркин Адылбек уулу, Рустам Ырысбек уулу.


Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан