ТУУЛГАН КҮНҮҢ МЕНЕН, “СУПЕР-ИНФО”!

Кыргыз тилдүү ММКлардын арасынан суурулуп чыгып, өзүнүн тарыхын алтын тамгалар менен жаза алган “Супер-Инфо” гезити 19 жашка чыкты! Нускасы 120 миңге жетип, апта сайын маалыматка суусаган элибизди камсыздап туруу озуйпасын ар бир кесиптешим аркалады. Бул бакытты сөз менен жеткире албайсың. Бир дем менен биригип, бир муштумдай түйүлгөн күчтүү, жаш, энергиялуу команда менен бирге “Кыргызстандагы америкалык кыял” атка кондук. Заманбап жазуу стили, өзгөчө баяндоо, жаңыча дизайн, күнүмдүк турмушта колдончу кеңештер, айтайын деген ойду так, кыска, даана жазуу “Супер-Инфо” гезитинин “фишкасы” болуп келе жатат. Жаңычылдык менен элдин жүрөгүнөн ордун таап, шоу-бизнес, маданият, спорт жаатын жаңы тепкичке көтөрдү. Ооба, башка ММКлар кызаңдап кетиши мүмкүн. Бирок нусканы, тарыхты эч ким оңдоп, өзгөртө албайт. Мурун этектей-этектей жазылган макалалар кыскартылып, көздү кубандырган көркөм дизайн менен шөкөттөлгөн гезиттин ар бир санын ашыгын күткөндөй күтүп окуган ар бир окурмандын эсинде сакталуу.

Туулган күнүң менен, сүйүктүүм! Сен аша турган бел, багындыра турган Эверест, жарата турган ийгилик алдыда! 19 гана жаштасың, бирок кылган ишиң опол тоодой чоң, жоопкерчилигиң ат көтөргүс. Сен эч ким тааныбаган таланттарды жылдыз кылдың, элдин сүйүктүү гезити болдуң, кеңеш бердиң. Буга чейин эч ким жасай элек жаңычылдыкты коркпой, тайманбай, кыйынчылыктарды тээп өтүп жасадың! Мамлекет бере турган (бирок бере албаган) наамдарды берип, өнөр ээлерине дем болдуң. Адилеттикти таппай кыйналгандарга чырак болдуң. Гезитке акыйкат издеп келип, таап батасын берип ыйлап кеткендер, ыраазылыгын айтып бүтүрө албагандар болду. Ар бир инсандын үнүн уга турган, аны жогору жакка жеткирген көпүрө боло алдың. Сени духу күчтүү жоокерлерге окшоштурам! Сени эркиндиктин символу – бүркүткө салыштырам. Дагы бийикте, уч! Элиңе кызмат кылганды унутпа! Көп жаша, жолуң узун, асманың ачык болсун, окурманың миллиондоп өссүн!

Сыймык Бейшекеев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АЙЫЛДА СИЛЕРДИ КҮТҮП ОКУШАТ»

– «Супер-Инфочулар», майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Түйшүктүү жумушуңарда түмөн ийгиликтер болсун. Азыр деле айылдарда силердин гезитиңерди апта сайын күтүп окуган окурмандарыңарды гастроль учурунда көрүп калам. Ийгиликтерди багындыра бергиле!

Аскат Сулайманов, актёр: «АНДА ЖАПЖАШ АСКАТ БОЛЧУМУН»

– Мен башкы бетиңерге чыккан жылым так эсимде жок, бирок бир жерде сакталуу, издесем табылат болуш керек. Көк көйнөк кийгем, анда жапжаш Аскат болчумун. Дубовой деген орус сүрөтчү тарткан болушу керек эле. Менимче, ЦУМ жактагы студиядан түшкөм. Андан кийин көп жолу башкы бетке чыктым. Кечээ жакында эле чалгы чаап сүрөткө түшүп бербедимби сонун болуп (күлүп). Азаматсыңар, кыргыз элинде эң көп нускалуу силер эле болушуңар керек. Атам, таякелерим “мага “Супер-Инфо” ала кел” деп айылдан буюртма кылып калышканын көп угуп келем. Чыгармачыл инсандар менен элдин ортосунда көпүрө болуп жүрө бергиле!

Нурлан Насип, ырчы: «10 ЖЫЛДАН БЕРИ КЫЗМАТТАШЫП КЕЛЕ ЖАТАБЫЗ»

– “Супер-Инфонун” окурмандары, күйөрмандары жана жалпы кызматкерлери, туулган күнүңөр кут болсун! Менин чыгармачылыгымда өтө чоң ордуңуздар бар. Башкы бетке чыкканымды азыр жакшы эстей албай калдым. Бирок 10 жылдан ашуун убакыттан бери кызматташып келе жатабыз. “Супер концертте” эң көп “Жылдын ырчы мырзасы” статуэткасын алган мен болдум окшойт (күлүп). 2019-жылы “Заманыбыздын супер ырчы мырзасы” деген ардактуу наамга ээ болгом. Бул мен үчүн сыймык! Мамлекет бере турган наамдарды сиздер берип, дем, стимул берип келе жатасыздар. Дагы сонун ийгиликтерди бирге жасайбыз!

Каныкей, ырчы: «КӨП ЫРЧЫНЫН БАКТЫСЫН «СУПЕР-ИНФО» АЧКАН»

– 2009-жылы, күз айларында жалбырактардын арасында биринчи жолу башкы бетке чыккам. Ал кезде фамилиясы жок Каныкей деген ысым менен мен эле чыксам керек. Журналисттерге “фамилиямды жазбай эле койгулачы” десем таң калышкан. Менин жылдызым жанган учурда гезит, азыркынын сөзү менен айтканда, “в тренде” болчу. Көп ырчылардын багын ачкан. Биздин муундун учурунда өзүнчө эле “жылдыздар фабрикасы” эле. Азыр айрымдар социалдык тармактардан же Ютубдан таанылып жатышпайбы. Биздин учурда “Супер-Инфо” менен гана элге тааныла алчубуз. Мен чыгармачылыгым башталгандан бери үзгүлтүксүз кызматташып келе жатам. “Супер концерттерден” эң көп статуэтка алган ырчы менмин (күлүп). “Заманыбыздын ырчы айымы” сыйлыгын да алгам. “Нью-Йорк таймс” гезитиндей дагы көп жыл элди маалыматка байытып, дагы далай жылдыздарды чыгарат деп ишенем. Тарых жасадыңыздар, тарыхта каласыздар! Терең ыраазычылык билдирем.

Анжелика, ырчы: «ТҮСТҮҮ БАШКЫ БЕТКЕ МЕН БИРИНЧИ ЧЫККАМ»

– Мен кичине кезимден сахнада жүргөнүмө байланыштуу эрте эле “Супер-Инфо” менен кызматташа баштагам. Тактап айтканда, 6-класста башкы бетке чыккам. Мурун гезит кара-ак түстө басылчу. Эң биринчи түстүү бет болуп жаңыланганда мени башкы бетке сүрөткө тартышып, маек бергем. 19 жылдан бери сиздер менен келе жатам жана сиздер менен болмокчумун! Эл, чыгармачыл инсандар менен бирге болуп, жакшы маалыматтарды бөлүшүп жүрө бериңиздер. 19 гана жаш эмес, 40-50 жылдыкты өткөрөлү. Сиздерди куттуктайм!

Кайрат Примбердиев, ырчы: «СҮРӨТКӨ МЫШЫК МЕНЕН ТҮШКӨМ»

– “Супер-Инфо” гезитинин башкы бетине алгачкы жолу 2007-жылы март айында чыккам. “Сагынганда” деген ырым популярдуу болуп жатканда сунуш түшкөн. Мен үчүн бул чоң окуя болгон. Анткени ал кезде гезиттин башкы бетине чыгуу “сен жылдыз болдуң” деген түшүнүк болчу (күлүп). Биздин муун билет, гезиттин башкы бетине чыгуу оңой эмес болчу, өзгөчө даярдык керек эле. Оригиналдуу образ менен чыгайын деп ойлогом. Көк жынсы шым, ак футболка кийип чыксам керек. Журналистке мышыкты жакшы көрөрүмдү айтып мышык таап келип, кучактап түшкөм. Валерий Дубовой деген фотограф бар болчу, ошонун студиясына барып түшчүбүз. Мен эле эмес, катарымдагы кесиптештеримдин көбүн “Супер-Инфо” жылдыз кылды. Эл жылдыздарды гезиттин башкы бетине чыкканына карап жылдыз деп кабыл алышчу. Азыр да чоң милдетин аткарып келе жатат. Туулган күн кут болсун!

Аваз Акимов, ырчы: «СҮРӨТҮМДҮ ТӨШ ЧӨНТӨГҮМӨ САЛЫП КЕТКЕМ»

– Алгач “Тааный жүрүңүз” деген рубрикага чыккам. Эң биринчи маекке чакырылганда сүрөткө түшүп, аны төш чөнтөгүмө салып алып баргам. Флешка деген нерсе жок эле анда. Кеңсеге келип журналист эжени күтүп отурсам, ырчынын баары эле ошол жерде экен. Роза Шакирова чыгып келе жатса оозумду ачып карагам. Анткени аны бетме-бет көрө элек болчумун (күлүп).

2013-жылдын жай айларында башкы бетке чыккам. “Айганыш” ырым менен жаңы тааныла баштагам, сейил бакка барып шляпа кийип, колума шар кармап сүрөткө түшкөм. Кийин көп эле чыктым окшойт. Рахмат сиздерге, суперчилер! Айдана кечээги эле кыз да, ме, өзүң айтчы башкы бетке качан чыкканыңды (күлүп)...

Айдана Дека, ырчы: «КӨЛГӨ ЧЕЙИН БАРЫП БАШКЫ БЕТТИ ТАРТЫП КЕЛГЕНБИЗ»

– Мен алгачкы бетке 2017-жылы чыккам. “Ысык-Көлдүн сезонун ачып бер” деп журналисттер сунуш кылганда тартуучу топ менен Тамчы айылына барып тартып келгенбиз. Көлдүн жээгине фотосессия жасап, маек уюштуруп сонун маанайда тараганбыз. Аябай сыймыктанып, толкундангам. Так, жоопкерчилик менен иштеген команданы, журналист, оператор, фотографка таң калгам. Анткени ал жылдары мындай фотосессияны “Супер-Инфо” эле уюштура алчу. Ошондон бери кызматташып келе жатам. Команданын жоопкерчилиги аябай жагат. Иштеген ар бири бир организмдей ынтымакта иштешет. Сиздерди жакшы көрөбүз, майрамыңыздар менен!

Нуржамал Жийдебаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
suban78
2021-06-07 10:54:36
Супер инфо чыныгы супер гезит даа. Менин да чыгармаларым ушул супер гезит аркылуу чыкты да. Бул гезит болбосо кантип чыгармак элем. Рахмат силерге супер инфо. Биринчи жолу чыгармам чыкканда Москвада элем, жанымдагы орустарга мактана берип жадаткам. Ошол менин биринчи чыгармам чыккан гезиттин санын бекитип койгом, омур бою мени менен болот.
Гезитинердин сапары байсалдуу болсун, окурмандарынар коп болсун. Дагы коптогон чыгармачыл адамдардын тушоон кесип журо бергиле.
Бар болгула, бай
+2
Afrodita1993
2021-06-07 18:45:00
Биздин үйдөда толтура супер инфо гезити бар тайкем топтойт.
+1
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан