“КУМТӨР” ЧУУСУ: БАБАНОВ, ЖЭЭНБЕКОВ БАШТАГАН САЯСАТЧЫЛАР КАРМАЛДЫ

Чуулгандуу “Кумтөр” маселеси боюнча саясатчылардын жоон тобу УКМК тарабынан кармалып, бир тобу суракка чакырылды. Коомчулук бийликтин бул аракетин “тергөө адилеттүү жүрсүн” деген талап менен колдоого алганы байкалат.

ЭКС-СПИКЕР 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ

31-майда парламент депутаты, экс-спикер Асылбек Жээнбеков УКМКга суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалып камакка алынды. Тандалган баш коргоо чарасына ылайык, Жээнбеков УКМКнын тергөө абагында 31-июлга чейин отурат. 31-май күнү Жогорку Кеңештин депутаты, экс-вице-спикер Төрөбай Зулпукаров да “Кумтөр” боюнча кылмышка шектелип кармалды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, ал дагы 31-июлга чейин деп камакка алынды.

Асылбек Жээнбековдун кармалышына каршы анын адвокаттары Бишкек шаардык сотуна кайрыларын билдиришти. Экс-спикердин тарапташтары Жээнбеков менен Зулпукаровду саясий куугунтуктун курмандыгы болду деп жатышат.

Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин спикери, Төрөбай Зулпукаров 2012-2015-жылдары спикердин орун басары болуп турган. Бир кездеги күчтүү КСДП фракциясынын лидерлери эле. Алардын саясий тагдыры эми тергөөнүн жана соттун колунда турат.

БАБАНОВ ДА КЫЛТАККА ИЛИНДИ

Ушул эле күнү экс-премьер Өмүрбек Бабанов кармалды. УКМКнын маалыматына таянсак, Бабанов “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык иштер боюнча кылмышка шектелүүдө. Ал 2-июнь күнү 2 айга камакка алынды. Бабанов 2011-2012-жылдары премьер-министрлик кызматты аркалап турган. 31-майда “Кумтөр” долбоору боюнча коррупцияга шектелип Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Талант Узакбаев да кармалды. Парламенттин 5-6-чакырылыштарына депутат болгон Исхак Пирматов да кармалып, экөө тең 2 айга камакка алынды. Экс-премьер Игорь Чудинов УКМКда суракка алынды.

1-июнда парламент депутаттары Максат Сабиров, Рыскелди Момбеков, экс-спикер Дастан Жумабеков УКМКда суракка алынганы белгилүү болду.

ТАШИЕВ СӨЗҮН ИШКЕ АЙЛАНТТЫ

Ушул жылдын 17-майында “Кумтөр” талашын иликтеген мамлекеттик комиссия парламентте маалымат берген. Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр” боюнча суракка алынчулардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары да бар экенин айткан. Эл өкүлдөрүнүн “алар кайсы депутаттар?” деген суроосуна “кимдер экенин камала баштаганда билесиңер” деп жооп узаткан эле. Дагы бир топ саясатчылар, экс-чиновниктер УКМКга чакырылары айтылып жатат. 2-июнда Камчыбек Ташиев "Кумтөр" боюнча күнөөлүү саясатчылар ким экенине карабай жоопко тартыларын эскертти. "Айрым экс-президенттер да жоопко тартылышы мүмкүн" деди УКМК жетекчиси.

ЧЕЧКИНДҮҮ КАДАМ ДЕП БААЛАНУУДА

Саясатчы Өмүрбек Текебаев “Кумтөр” боюнча азыркы бийликтин аракетин колдой турганын билдирди. “Бүгүнкү бийликтин мага жакпаган жери көп, бирок “Кумтөр” боюнча чечкиндүү кадамдарын колдойм” деди саясатчы. Мындай пикирди башка саясатчылар да айтууда.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан