“САПАТ” ЛИЦЕЙИНИН ТҮПТӨӨЧҮСҮ ДАЙЫНСЫЗ БОЛУУДА

Өлкөдөгү “Сапат” лицейлер түйүнүнүн негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси Орхан Инанды дайынсыз болууда. Милициянын маалыматына таянсак, анын автоунаасы 1-июнь күнү саат 04:20 чамасында Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунан эшиги ачык турган абалда табылды. Ал жакындары менен акыркы жолу 31-май күнү саат 18:00дө байланышкан боюнча дайынсыз.

УКМК бул окуя боюнча комментарий берди.

– 2019-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун Инандынын жакындарынан акча талап кылуу үчүн аны уурдоо ниети бар экендиги тууралуу маалыматтар белгилүү болгон. Буга байланыштуу текшерүү иштери жүргөн. Бул тууралуу Орхан Инандыга кабар берилип, жеке жан сакчы менен жүрүү сунушталган. Учурда УКМК тарабынан ИИМ менен биргеликте бул кылмыш ишине тиешеси бар адамдарды издөө иштери жүрүп жатат,- деп билдирди мекеме.

Президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны издөөгө кошумча күч тартууну тапшырды. Бул факт боюнча “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголду.

1-июнда маалымат жыйында Инандынын жактоочусу Зоотбек Кудайбергенов бул окуя боюнча бир жактуу жыйынтык чыгарууга эрте экенин айтты.

Орхан Инанды 15 жылдан бери Кыргыз жараны. Ал эч качан саясатка аралашкан эмес. Буга чейин коркутуулар деле болгон эмес,- деди Кудайбергенов. Анын кесиптештери бул окуяга Түркиянын атайын кызматтарынын катышы болушу мүмкүн деген пикирлерин айтып чыгышты.

Ушул эле күнү Бишкектеги Түркия элчилигинин алдына ондогон жарандар Инандынын тез табылышын талап кылып митингге чыгышты. Азырынча иштин чоо-жайы белгисиз. Элге таанымал адамдын “уурдалышы”, эки күндөн бери табылбай жатышы өлкөдөгү коопсуздук маселесине кайрадан коомчулуктун көңүлүн бурду.

Орхан Инанды – өлкөдөгү “Сапат” (мурдагы “Себат”) лицейин жана Ататүрк Ала-Тоо университетин негиздеген.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан