БИР БҮРКҮМ. МИЛИЦИЯ ӨКҮЛҮ ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛҮҮДӨ...

  • Бишкек шаардык соту саясатчы Жеңиш Молдокматовду 6-июлга чейин камакка алуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
  • Бишкекте 1000 доллар пара алууга шектелип 1 милиция кызматкери кармалды.
  • Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз өлкөсүнүн Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү болуп дайындалды.
  • Мамлекеттик салык кызматы: “1-июлдан тарта өлкөдө алкоголь жана тамеки продукцияларын милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет”.
  • Нурбек Мурашев Исхак Пирматовдун ордуна “Бир бол” партиясынан парламентке депутат болуп бекитилди.
  • Коррупциялык ишке шектелип кармалган Бишкектин мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров үй камагына чыгарылды.
  • Улукбек Карымшаков президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
  • Өлкөдө жыл сайын 6 миңдей адам тамеки чегүүнүн айынан көз жумары айтылды.
  • Ибрагим Нуракун уулу Жогорку Соттун төрайымынын кеңешчиси болуп дайындалды.
  • Акылбек Жапаров экономика жана финансы министри болуп дайындалды.
  • Кытай экономиканы колдоо максатында Кыргызстанга 54 миллион доллар суммасында грант берери айтылды.
  • 2-июнга карата өлкөдө коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын ичинен 94 адамдын абалы өтө оор экени айтылды.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан