Мекендешибиз Эдуард Кубатов орусиялык альпинист Александр Абрамовдун экспедициялык тобунун курамында дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багындырып тарых жаратты. Ал бул чокуну багындырган алгачкы кыргыз уулу. Эдуард Кубатов менен жүрүш кандай болгону, альпинизмге кантип кызыгып калганы тууралуу баарлаштык.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы – 1972-жыл, 2-январь
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Түп району, Кутургу айылы
Билими – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин жана Орусиянын Тышкы чалгындоо академиясын аяктаган.
– Арыбаңыз, Эдуард Жумакадырович! Альпинисттердин негизги максаты болгон Эверест чокусун ийгиликтүү багындырганыңызга кубанычтабыз. Учурда ден соолугуңуз жакшыбы?
– Чоң рахмат. Буюрса, баары жакшы. Азыркы тапта Непал өлкөсүнүн Катманду шаарындамын. Ден соолукту калыпка келтирүүдөбүз. Учурда Непалда карантинден улам эл аралык каттамдар токтотулган. Азыркы тапта кандайдыр бир жолун таап мекенибизге кетүүгө аракет көрүп жатам.
– Сизде альпинизмге болгон кызыгуу эмнеден улам ойгонгон?
– Эверестке чыгуу балалыктан берки кыялым. Кичинекей кезимде атам мага Хан-Теңир, Кайлас, Эверест тууралуу көп айтып берчү. 6-7 жашымда эле менде Эверестке чыгам деген кыял пайда болгон. Бул каалоо мени өмүр бою коштоп жүрдү. 2014-жылдан тартып кыялым иш жүзүнө ашып, Эверестке чыгууга даярдык башталды. Дал ошол жылы Кыргызстандагы эң бийик чокулардын бири болгон Ленин (7134 метр) чокусуна чыктым. Ошондо орусиялык легендарлуу альпинист Сергей Богомолов “Эдуард, сенин бийик чокуларды багындырууга физикалык да, моралдык да мүмкүнчүлүгүң бар. Эверестти багындыра аласың, болгону өзүңө ишен” деген. Ленин чокусуна чыккандан кийин бир күнү кыялымды жүзөгө ашырам деген ишеним пайда болду. Андан кийин Аконкагуа (6961 метр), Эльбрус (5742 метр), Килиманжаро (5885 метр), Косцюшко (2228 метр) сыяктуу ар кандай бийик чокуларга жүрүш жасап, альпинисттик чоң долбоорлорго катыша баштадым. – Эверестке болгон сапарда кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуздар?
– Эки айга созулган экспедицияны көптөгөн кыйынчылыктар коштоду. Биринчиден, биздин экспедиция пандемия маалына туш келди. Алгач бизди коштоп жүрүүчү шерптер, андан кийин экспедициянын мүчөлөрү ооруп калышты. Экинчиден, бул жылы Эверестте аба ырайы өтө катаал болду. Эки айдын ичинде 3-4 күн гана чыгууга ылайыктуу учур болду. Ушул себептүү быйыл Эверестке чыгуучулардын саны анча көп эмес. Бул акыркы 10 жылдыктагы эң аз көрсөткүч. Башында Эверест чокусуна чыгууга кетип жатканым тууралуу эч кимге айткым келген эмес. Бирок биз социалдык тармактардын заманында жашап жаткандыктан сапар аларда кандайдыр маалымат тарап, элдин көңүл чордонунда болуп калдым. Элдин, жаштардын колдоосу мага дем-күч берип турду. Экинчиден, бул чоң жоопкерчилик. Тоскоолдуктар болбосо экен деп дайыма тынчсызданып жаттым. Аба ырайы, ден соолугум мүмкүнчүлүк берсе эч качан артка чегинбейм, чокуга чыгам деп чечим кылдым.
– Артка кайтуу мүмкүн эмес экенин билип, максатыңызга жакындаган сайын сизге кандай ойлор келип жатты?
– Мени Лакпа аттуу шерп коштоп жүрдү. Экөөбүз эң оор учурдан өттүк. 23-майда чокуга чыгып бара жатканда саатына 50 чакырымга жеткен шамал, –35 градус суук болуп жатты. 10 килограммдык жүктү артынып бараттык. 8500 метр бийиктиктеги Балкон деген жерден шерпимдин биринчи кычкылтек бет кабы тоңду. 8600 метрге көтөрүлгөндө экинчи бет кабы тоңуп калды. Лакпа көз алдымда эс-учун жоготуп баратты. Ага өзүмдүн запастагы бет кабымды тактым. Ал эми 8800 метрдеги Хиллари тектиринен менин бет кабым тоңуп, мен эс-учумду жогото баштадым. Лакпа мени көрүп дароо ага берген бет кабымды бере салды. Абалым оор болуп турду, себеби өлүмгө жакындаганымды сездим. Лакпа тез аракет көрбөгөндө, балким, аягы жаман болмок. Ошентип биз Жараткандын буйругу менен 8848 метр бийиктиктеги чокуга чыктык. Мен кыргыз калпагын кийип, Кыргызстандын желегин булгаладым. Бул маалда деле кыйналып турдум. Ага карабай элге маанилүү кайрылуумду жасадым. Абдан чарчаңкы абалда болгондуктан чокуда эч кандай кубаныч, эмоция, пафос болгон жок. Жөн гана Гималайга көз чаптырдым. Качан гана ылдый, 8000 метрге түшкөндө эмоциялар пайда болду. "Кандай болбосун максатыма жеттим жана аман-эсен түшүп келе жатам. Менде мекениме кайтууга, үй-бүлөмө жолугууга мүмкүнчүлүк бар" дедим.
Саясий, коомдук ишкерлерден, бизнес өкүлдөрүнөн, курулуш жана автомобилдик компаниялардан көптөгөн кайрылуулар болду, жеңишиңди бизге же мага арнап сүйлө деген. Жеңиш жеке тараптыкы болбошу керек. Бул жүрүштү балдарыма же дүйнөдөн өтүп кеткен ата-энеме эмес, мекениме, элиме арнадым.– Чокуну багындыргандан кийин өзгөрүү пайда болдубу? Кандайдыр бир ички күчтү сезе алдыңызбы?
– Менин жашоом эми Эверестке чейин жана кийин деп бөлүндү. Жашоону баалап калдым, эми убакытты майда-чүйдөгө коротпой, жакшы жашап өтүүгө аракет кылам. Өлкөгө, коомго пайда алып келүү, жаштарга туура багытта үлгү көрсөтүү мен үчүн маанилүү. Мындан ары өзүмө, балдарыма болгон мамилем, айтор, көп нерсе өзгөрөт.
– Күтүлүп жаткан кыйынчылыктарды билип туруп Эверестке чыгууга бел байладыңыз. Мындай күчтү, энергияны кайдан аласыз? Бул жүрүштү жакындарыңыз кандай кабыл алышты?
– Эвересттин өзү энергия берет. Анткени бул ар бир альпинисттин кыялы. Альпинисттер үчүн Эверест Олимпиада оюндары, Дүйнө чемпиондугундай эле мааниге ээ. Эверестке чыгуу – бул өлүм менен өмүрдүн ортосундагы нерсе. Азыркыга чейин ал жакта адамдардын сөөктөрү жатат. Көптөгөн альпинисттер өлөт. Балдарым кооптонуп, каршы болушту. Бирок мен аларга “кыялыңа карай аракет жасабасаң жашооң маңызын жоготот” деп түшүндүрдүм жана аман-эсен кайтарыма ишендирдим.
– Спорттун дагы кайсы түрү менен алектенесиз?
– 1989-жылы бокс боюнча СССРдин спорт чебери болгом. Андан кийин көк бөрүдө ойноп жүрдүм. Бул спорт мага абдан жагат. Накта кыргыздын жигиттери ойной турган оюн. 2012-жылы жеңил атлетика, 2014-жылдан тартып профессионалдык түрдө альпинизм менен алектене баштадым. 2017-жылдан бери триатлон менен алектенип, өзүмдүн жаш курагымдагылар арасында жакшы жыйынтыктарга жете алдым.
– Учурда эмне иш менен алексиз?
– 2004-жылга чейин Улуттук коопсуздук кызматында иштедим. Отставкадагы подполковникмин. 2005-жылдан тартып бизнес жаатында жүрдүм. Азыр эл аралык консалтинг менен алектенем. 2013-жылдан бери Индонезиянын Кыргызстандагы ардактуу консулумун. Жылына 2 ирет отчёт менен Жакартага барып турам.
– Маегиңизге рахмат. Мекенибизге жакшы келип алыңыз.
– Сизге да рахмат. “Супер-Инфонун” окурмандарына ийгилик каалайм.
Динара Акимова