Айбек Касымов & Аида Сартбаева: “ДОСТОРУБУЗДУН КҮЧҮ МЕНЕН ҮЙЛӨНҮП КАЛГАНБЫЗ”

Жубайларга “Талым кыз менен Көбөктүн айтышы” ырынан улам үндөрүнө ашык болуп калгам. Экөө тең жандуу келиштире ырдайт. Таланттуу жубайлар менен маегибиз да өздөрүнө окшоп ачык, шайыр маанайда өттү.

– Саламатсыздарбы, Айбек, Аида? Таланттуу жубайлар кантип таанышып калды, айтып берсеңиздер?

Айбек Касымов: – Саламатчылык. Бизди чыгармачылык тааныштырды. 1998-жылы Балыкчыдагы Маданият үйүндө иштеп жүргөм. “Ыр кесе” болуп жаткан, сыртка чыксам үч кыз концертке кире албай жатышыптыр. Кесиптештеримдин бирин сурап калышты, киргизип койгом.

Аида Сартбаева: – Менин ырдаарымды биз издеп барган байке билчү эле, “ырдап бер” деп калды. Айбектин комузун алып ырдап берсем Маданият үйүнүн директору Эсен Думанаевге үнүм жагып калды. Ал кезде Ысык-Көлдүн Ананьево айылында мугалим болуп иштечүмүн. Эсен агай атамдан уруксат алып, мени Балыкчыга иштегенге чакырып калды. Айбек экөөбүз кесиптеш болуп жүрүп жакын болуп кеттик. 7 жыл кыз-жигит болуп жүрүп баш коштук.

– Бул кыз-жигит үчүн көп убакыт, ээ? Таарынышып кеткен учурлар болдубу?

Айбек: – Чыгармачылык менен алектенип жүрүп убакыт өтүп кетиптир. Жумуштан кол бошобой үйлөнө албай жүрдүк (күлүп). Азыр урушпаганга аракет кылабыз, өзгөчө мен (күлүп). Чыдап жүрө берем.

Аида: – Бул тажаал деп койбойсуңбу (күлүп). Айбек экөөбүз тең ак көңүлбүз. Аялдар көбүрөөк көңүл бурууну күтөт эмеспизби, “гүл берип койбойсуңбу, тиги деле аялын минтет экен” деп айтып калганым болбосо...

– Келинчегиңиздин колун кантип сурадыңыз?

Айбек: –Үйлөнгөнүбүз өзүнчө тарых, көпчүлүктүн күчү менен үйлөнүп калганбыз, болбосо дагы деле сүйлөшүп жүрө бермекпиз. Аиданы айылга ырдап бер деп чакырышыптыр. “Аиданы ошол жактан ала качышат экен” деп досторум айтып калды. Ал кезде чөнтөк телефон жок болчу, үйдөгү телефонго чалышты. Угуп бушайман болуп, досторумду чогулттум. Бир нерсе болуп кетпесин деп милицияда иштеген кошунамды кошуп алдык. Акчам да жок эле, жумуштан карызга таап чыктым. Эми чыгалы деп жатканда үйдөгү телефонуна чалсам, Кудай жалгап, айылдан келип калыптыр. Досторум “кебелбей ушинтип жүрө берсең алып кетет, үйлөн” деп эле жаалап кетишти. Коркуунун күүсү менен үйлөнүп калгам (күлүп).

– Сиз дароо макул болдуңузбу?

Аида: – 7 жыл күтсөм макул болом да (күлүп). Экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөндө айланчыктап эле кайтара берчү. Бирөө тийишип калса “күйөөсүмүн” деп салчу. Өзү албайт, же коё бербейт (күлүп). Көп убакыт сүйлөшүп жүргөн үчүн да достору опур-топур болуп кетип, айтор, кантип макул болгонумду билбей калдым.


– Аида, келиндин келгендегиси эстен кетпейт дейт. Эмне эсиңизде калды эле?

Аида: – Мен тарбияланган үй-бүлөдө ачык айрым сүйлөшүп, бака-шака түшүү кадимки көрүнүш болчу. Айбектердики андай эмес, олуттуу экен. Келин болуп барганда чай берип жатсам деле тыптынч, кашыктардын үндөрү, чайдын шорулдагы эле угулбаса, үн-сөз жок чай ичишет экен. Андайга көнбөгөн жаным бук болуп, таң калчумун. Катуу-катуу сүйлөгүм келип кетчү. Бабыраган жаным жаман болгом.

Айбек: – Мүнөзүбүздөгү айырмачылык бизди жакындатты окшойт. Мен түнтмүн, көп ойлоном, ичимден кээде ушуну айттым деп ойлоп алган болом, айтпай жүрө берем. Аиданыкы баары сыртында, ичине эч нерсе катпайт. Бири-бирибизди толуктап келе жатабыз. Улуу кызым мага окшош, бир нерсени сураш үчүн бир апта ойлонот. Аны көрүп өзүмдү көргөндөй болом. Кээде “катуураак сүйлөчү, өтүмдүү болчу” деп жиним келип кетет (күлүп).

Аида: – Балдарынан өзүн көрүп жини келип жүрөт, мен кандай сага жарылып кетпей жүрөм, ээ? 17 жыл жашап Айбек айта электе эле оюн окуп алганга үйрөндүм.

– Сиздерди баатыр ата-эне десек болсо керек? 5 балаңыздар бар эмеспи.

Айбек: – 3 кыз, эки уулубуз бар. Баары “ырчы болобуз” деп концерт коюп беришет. Улуу кызым бийлейт, өзүбүз менен сахнага чыгарып жүрөбүз.

Аида: – Үйлөнгөндөн кийин бир топ убакыт балалуу боло албай жүрдүк, ошого азыр көп балалуубуз. Айбек “7 балалуу болуп баатыр ата-эне бололу” деп жатат. Мен “тоок белем, кечке төрөй беремби?” деп тамашалап калам. Айбек менен теңдер кайната болуп калды, биз кеч үйлөнгөнүбүз үчүн балдарыбыз кичине.

– Чоң сахнаны кечирээк багындырдыңыздар окшойт?

Айбек: – Көптөр үнүмө кызыгып Бишкекке чакырып жүрүштү. Өзүм кетенчиктеп жаттым. “Кантип оокат кылабыз, машинаны кантип айдайм, ызы-чуу” деп эле бушайман боло берчүмүн. Аскат Сулайманов “ой барчы, өлбөйсүң. Бир-эки тоюмду сага берем, ошону менен улантып кетесиң” деп айтып жүрдү. Келдик, жакшы эле экен.

Аида: – Мен мурун эле айтып жүргөм, убакыт ошондо келди окшойт.

– Айбек мырза, жубайыңыздын сонун үнү бар экен. Жылдыз болуп кетсе кандай сезимдер болот? Эркектерге өзүнөн да аялынын популярдуу болгонун көтөрүү кыйын болсо керек?

Айбек: – Мен балдар менен үйдө кала берем (күлүп). Акча таап турса болду.

Аида: – Мен башынан эле чыгармачылык эмес, үй-бүлөнү тандагам. Жылдыз болом десем турмушка чыкпай калмактырмын. Турмушка чыккандан кийин мен дагы, балдар дагы Айбектин чыгармачылыгы деп калдык. Бул киши уруксат берсе ырдап коёбуз. Чыгармачылыктын жолу оор, экөөбүз тең ал жолду тандасак үйдө балдарды ким карап калат? Бирибиз тылда калышыбыз керек, мен тылда калууну тандагам. Жолдошумдун жылдыз болгону – менин жылдыз болгонум.

– Бири-бириңиздерге баалуу белек бергениңиздерди эстесеңиздер?

Аида:– Кыз-жигит болуп жүргөн кезибиз болчу. 14-февралда курбу кызым экөөбүз жигиттерибизге белек даярдамак болдук. Айбек менен курбумдун жигити дос болчу. Базарга бардык, “зажигалка” ошондо жаңыдан чыгып жатса керек, же арзан беле, иши кылып тандап жатып ак түстөгүсүн алдык. Үйгө алып келип ийнени ысытып ага жүрөк тартып алганыбызды айтайын. Жарылып кетсе эмне болмок десең. Аны кутуга салып койгонбуз. Ал күн келип экөөбүз белегибизди алып чыксак, жигиттерибиз куру кол келишиптир. Бир тал гүл да жок. Кийинки майрамда “булар бербейт экен” деп бербей калганбыз. Негизи бири-бирибизге берген баалуу белегибиз балдарыбыз го.

Айбек: – Майрамыңар менен десек керек (күлүп). Ушул белек бергенге жок окшойм. Туулган күнүмдө балдар менен Аида сөзсүз сюрприз жасашат.

– Бири-бириңиздерге айта албай жүргөн таарынычыңар бар болсо айтып алганга мүмкүнчүлүк берели...

Айбек: – Менин таарынычым жок. Сеникичи?

Аида: – Меники деле жок, суранычым бар (күлүп). Мени мактап турчу. Бир туугандардын улуусу болуп ата-энем “Аку билет, ушул чечет” деп мактай беришип көнүп калган окшойм. Турмушка чыккандан кийин мени эч ким мактабайт. “Сонун кылдым окшойт. Эми мактайт” деп күтсөм да жок го.

– Айбек мырза, бул кулагыңызга күмүш сырга болду. Маегиңиздерге рахмат! Жандуу үн менен элдин дилин кубантып жүрө бериңиздер.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
alaialaibekov
2021-06-07 14:37:38
Сонун маек болуптур.экоо тен жакшы ырдашат .бактылуу болгула!
+2
akmanai
2021-06-07 21:45:31
Айбек мырза талантынызды баалайм бирок жубайынызга коп конул бурбаганыныз мени капалантты. Аялды мактап, белек берип туруу эмне кыйынбы. Бул биринчиден жигиттиктин белгиси, экинчиден адамгерчилик, баалоо, суйуу. Мунун баары шариятта да адабиятта да адамдын денгээлин, эркектин жигиттигин далилдейт.Катуу тийсе кечириниз. Сиз милдеттуусуз балдарыныздын апасын ардактоого.
0
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан