Бир бала каймана аты менен таанылган Тикток жылдызы Бакыт Макеев менен маектештик. Ал 29-майда ырчы Кудайберди Айтбосунов менен рингде мушташып, жеңилип калды. Белгилүү интернет жылдызы ошол мушташ, өзүнүн оор тагдыры, кантип тиктокер болгону тууралуу айтып берди.
– Бакыт, кандайсыз? 29-майда рингден ырчы Кудайберди Айтбосунов менен беттештиңиз. Жеңилип калышыңыздын себеби эмнеде?
– Жакшымын, рахмат. Мен өзүмдү жеңилдим деп эсептебейм, ал мага атаандаш эмес. 1-раундда жеңиш мен тарапта болду. 2-раундда кулагыма Кубанын колдоочуларынын үнү угула берди. “Колдогондор ушунча көп экен” деп таң калып жатсам эле 3-раунд бүтүп калды. Жыйынтыгы 3:1 болушу керек эле. Эмнегедир 3:0 болуп калды.
– Сизди колдогон эч ким болгон жокпу?
– Болсо керек, мен уккан жокмун. Мушташ бүткөндө бир татынакай кыз келип, “сизди колдодум, жалгыз туруп алып аябай кыйкырдым” деп сүрөткө түшүп кетти.
– Кудайберди Айтбосунов байгесинин 100 миң сомун сизге берет деп күттүңүз беле?
– Жок, бирок гонорар болот дешкен. Кандай гонорар экенин айтышкан эмес. “Утсам акчанын жарымын кайрымдуулукка жумшайм” дегем. 100 миңдин 50 миң сомун муктаж үй-бүлөгө бердим. Алар камерага тартылганды жактырышпайт. Ошондуктан тартып чыгарган жокмун.
– Акча бербей койсо эмне кылмаксыз?
– Канатка (ред.: мушташты уюштурган Канат Шабданбеков) “видеоңо көрүүчү топтоп бердим, эмнеге акча бербейсиңер?” демекмин. Ал мага берем деген. Алдабай сөзүнө турду, азамат. Буга чейинки мушташтарда акча албай калгам. Тиктокер Аскат Осмонов менен мушташканда уюштуруучу “50 миң сом берем” деген. Бирок мушташтан 2 күндөн кийин Италияга учуп кетти. – “Видеоңо көрүүчү топтоп бердим” деп айтмак экенсиз. Демек, бул сүйлөшүлүп атайын уюштурулган, баары алдын ала белгилүү болгон мушташ болчу экен да?
– Куба менен көчөдөн эле мушташалы дегенбиз. Жалпы досторубуз “көчөдөн эмес, залдан мушташкыла” дешти. Анан Канат келип, “мушташыңарды уюштуруп берейин” деп калды.
– Мунун сизге эмне кереги бар?
– Акча үчүн мушташам. Акчаны жакшы көрөм. Хайп – шоунун ажырагыс бөлүгү. Ар бир мушташ хайп. Анан кантип “бул хайппы?” деп сурагандарга хайп эмес дейм. Мушкерлердин мушташы деле хайп. Мага гонорар коюп беришсе мушташа берем.
– Мушташ бүткөндөн кийин “жашоодо көп жеңилдим” дедиңиз...
– Балалыгым оор өттү. Көпчүлүк учурда көйгөйлөрүм менен жалгыз калчумун. “Бул көйгөйдөн чыгуунун жолу жок” деп ойлогон күндөрүм көп болду. Мындай маселелер менде гана бар деп ойлочумун. Кийин гана башкалар да меникиндей маселелерге кабыларын билдим. Негизгиси эч качан өзүмдү таштаган жокмун.
– Кандай көйгөйлөргө кабылгансыз?
– Бала кезде бирде апам менен, бирде каралбай калган балдардын реабилитациялык борборунда, кээде байкемдикинде, кээде көчөдө жашап калдым. Атамды көргөн эмесмин. Тамак жок ачка калганда 2-классымдан баштап базарларда коробка чогултуп, араба түртүп, майда-чүйдө нерселерди алып-сатып иштедим. Ошондуктан азыр базарларда бийлей берем. Бой көтөрүп кетсем базарга киргенде буга чейин ким болгонумду эстейм. Ачка калган кандай болорун билгендиктен муктаж адамдарга жардам берип турам.
– Азыр апаңыз менен мамилеңиз кандай?
– Жардам берип турам. Мушташтан кийин апама акча алып барып бердим. Ал “каяктан алдың? Уурдадыңбы?” деп сурады. Апам интернетти түшүнбөйт. – Эмнеге уурдап алат деп ойлоду?
– Мен кичинемде тентек болчумун. Дүкөндөн момпосуй уурдачумун. Базарда коробка чогултуп жүргөндө пирожки уурдачумун. Алар карызга беришчү эмес. Ошондуктан таза акчабы деп билгиси келди да.
– Атаңыз тууралуу апаңыздан сурап көрдүңүз беле?
– “Атам ким?” деп сурагандан уялчумун. Сурасам апам унчукпай койчу. Бир жолу ушул суроону бергенде көзү жашылданып кеткен. Андан кийин сурабай калдым. Кичине кезимде “башка балдардай болуп паркта ата-энем менен сейилдесем, аларга кыялымды көрсөтүп “муну алып бер, тигини алып бер десем” деп кыялданчумун. Бирок эч нерсеге нааразы эмесмин. Башымдан өткөн күндөр мени күчтүү кылды. Ошол себептен азыр хейтерлердин сөзүн жүрөгүмө жакын кабыл албасам керек.
– Классташтарыңыз менен мамилеңиз кандай эле?
– Тил табыша алчу эмесмин. Аларга мен башкача көрүнчүмүн. Классташтарым мультфильм тууралуу сүйлөшчү, аны түшүнчү эмесмин. Мени шылдыңдашчу. Ал кезде бирөө мени жамандап койсо “эмнеге антип айтты?” деп ойлоно берчүмүн. Баарына жагууга аракет кылчумун. Кийин ал нерседен чарчап кеттим. Баары бир баарына жага албайт экенмин деп каалагандай жашап калдым.
– Мектепти аяктагандан кийин эмне кылдыңыз?
– Мектепти аяктагандан кийин ЖРТ тапшырганга акчам жетпей калган. Жиним келип болгон акчама базардан көйнөк сатып алгам. Жолдо кетип баратып капыстан “Дене тарбия жана спорт жогорку окуу жайына ЖРТ жок эле алат экен” дегенди угуп калдым. Ошол жакка тапшырдым. Жакшы аяктап диплом алдым. Андан кийин мектепте балдарга сабак бердим. Ал жактан “Тикток тартканга болбойт” деп жумуштан кетирип салышты. Анан жүк ташуучу болуп иштеп жүрдүм. Кийин Тиктоктон акча тапса болорун билип, ушул жаатка өтүп кеттим. Азыр акчаны жарнамадан гана эмес, Тиктокту кантип алып барыш керектиги боюнча курстарды сатып, идея сатып, видео тартып берип да табам. Тиктокту өзүм окуучуларымдан үйрөнгөм. “Агай, Тикток тарталычы” деп келип калышчу. Анан көчүрүп көрүп, мен да колдоно баштагам.
– Азыр досторуңуз жокпу?
– Мен Кубанын досторунун көп экенин көрүп ичим күйдү. Бирок достукка ишенбейм. 18 жашка чейин бир да досум болгон эмес. Баары өзүн ойлойт. Акча үчүн баары эле сени сатып кетишет. Жашоодо бир гана досуң болот, ал – аялың.
– Аял деп калдыңыз, кыздар тууралуу сүйлөшөлү.
– Эч качан сүйлөшкөн кызым болгон эмес. Баарында эле мектептен сүйүү башталат го, менде болгон эмес. Анткени иштечүмүн. Ал кезде бул уят болчу. Балким, ошондуктан кыздарга жаксам да алар сезимдерин айта алышчу эмес окшойт. Бир жолу 14-февралда Каныкей деген кыз “Бакыт, сен мага жагасың, сүйлөшпөйлүбү” деген. Классташтарым мени ойнотуп жатышат деп ойлоп “жок” деп койгом. Жаккан кыздарга тийишсем ар кайсы шылтоону айтып жок болуп кетишет. Бирок унаасы, акчасы бар балдар чалса алар менен жакшы сүйлөшүп, баарына макул болушат. Мага "жок" дегенде “акчаң жок, катталуучуң аз, ошондуктан сүйлөшпөйм” деп бетиме эле айтышпайбы. Азыр “жакшы көрөм” деп жазгандар бар. Алар мурда кайда эле? Мени сүйүп жатышабы, же чөнтөгүмө карап жатышабы?
– Ошондо азыр чөнтөгүңүз жакшыбы?
– Мурункудан жакшы.
– Сизге кандай кыз керек?
– Менин жан дүйнөмдү сүйүшү керек. Анан өзүмө окшогон аракетчил болушу зарыл. Студент кезден бери ырчы Анжеликаны жакшы көрөм. Дайыма сырттан карап суктанып койчумун. Тикток тартып жолугууга мүмкүнчүлүк болду. “Жакшы бала экенсиң” деген. Бирок андан ары сөздү улантууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анжелика жашоодо сүрөттөгүдөн да сулуу экен. Мүмкүнчүлүк болсо азыр деле Анжеликаны жолугушууга чакыргым келет. Инстаграмдан жазсам жооп бербей жатат. Бул жактан окуп калса жооп берип калар.
– Жооп күтөлү анда. Маегиңизге рахмат. Бар болуңуз!
Перизат Музуратбекова