“ЧЕЛСИ” – ЧЕМПИОН! АРАКЕТТЕР ТЕККЕ КЕТКЕН ЖОК


30-майга караган түнү футбол айдыңында маанилүү беттеш өттү. Анда Лондондун “Челси” клубу “Манчестер Ситини” 1:0 эсебинде утуп, Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү аталды.

КАЙ ХАВЕРЦТИ БААТЫРГА АЙЛАНТКАН ГОЛ

Пандемияга байланыштуу көктөрдүн беттешин көргөнү келген күйөрмандардын саны аз болду. Порту шаарындагы “Драгау” стадионунун 30 пайызы гана күйөрмандарга толду. Оюн кызуу жүрдү. Чабуулдар голго айланбай жаткан учурда “Челсиге” ийгилик жылмайды. Оюндун 42-мүнөтүндө 21 жаштагы немис футболчусу Кай Хаверцтин киргизген голу “Челсини” жеңишке сүйрөдү. Бул голдон соң Пеп Гвардиоланын командасы бир нече ирет чабуулга өттү. Бирок жыйынтыкка жете алган жок. Оюн 1:0 эсебинде “Челсинин” пайдасына жыйынтыкталды. Муну менен “Челси” 3-ирет (2008-жылы финалда утулуп калса, 2012-жылы Чемпиондор Лигасын жеңген), “Манчестер Сити” алгачкы жолу Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты.

АКЖОЛТОЙ МАШЫКТЫРУУЧУ

“Челси” быйылкы сезондун башында жакшы көрсөткүч көрсөтө албай жатканы үчүн машыктыруучу Фрэнк Лэмпардды кызматынан бошотуп, германиялык Томас Тухель менен 18 айга келишим түзгөн. Томас Тухель өткөн сезондун финалында 0:1 эсебинде “Бавариядан” утулуп калган “ПСЖ” клубуна машыктыруучулук кылган. Башкача айтканда, Томас Тухель 9 ай аралыгында эки клубду (“ПСЖ” жана “Челси”) Чемпиондор Лигасынын финалына чыгара алды.

Буга чейин бир дагы машыктыруучу ар башка команданы удаасынан Чемпиондор Лигасынын финалына алып чыккан эмес. Бул көрсөткүчтөн кийин клуб Тухель менен болгон келишимди 2024-жылга чейин узартты.

КЕТКЕН КАРАЖАТТАР ӨЗҮН АКТАДЫ

Бул сезондо “Челси” трансферлерге эң көп каражат короткон. Жалгыз голдун жара­туучусу Кай Хаверцти 81 миллион еврого, Тимо Вернерди 64 миллион еврого, Бен Чилуэллди 50 миллион еврого, Хаким Зиешти 40 миллион еврого жана Эдуард Мендини
24 миллион еврого сатып алган. Бул суммалар жерде калбай өзүн актады көрүнөт. Айтор, аракеттер текке кеткен жок.

МЫКТЫ ОЮНЧУ

“Челсинин” жарым коргоочусу Н'Голо Канте Чемпиондор Лигасынын финалынын мыкты оюнчусу аталды. 30 жаштагы француз футболчусуна болгон күйөрмандардын сүйүүсү дагы да артты. Ал финалда эле эмес, бардык оюндарда мыкты болгондугу үчүн Алтын топко татыктуу экенин бүтүндөй футбол чөйрөсү кеп кылууда.


Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан