7-ИЮНДАН 13-ИЮНГА ЧЕЙИН

.


КОЙ (21.03-20.04)

Алдыга коюлган пландарды туура жана так аткаруу менен ишиңизди илгерилете аласыз. Жетекчилер менен мамилеңизди бузбаганыңыз оң. Жактырган адамыңызга сизди коргогонго, башкарганга мүмкүнчүлүк берсеңиз мамилеңиздер бир тепкичке көтөрүлөт. Мүнөздөп тамак ичип, ашказан-ичегиге жакшы көңүл буруу керек.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптанын башында сизди күтүлбөстүк, келишпестик күтүп турат. Абалды жакшылап байкагандан кийин гана иш-аракетке өтүңүз. Аптанын экинчи жарымында кыялыңызды ишке ашыруу менен чөйрөдөгүлөрдү таң калтырасыз. Жеке мамиледе бир чечимге келип, тандоо жасоочу маал. Китеп окуу, дүйнө таанымды кеңейтүү менен алектениңиз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Чечкиндүү кадамдар, алдын ала ойлонулган тобокелге салуулар өзүн актайт. Адилетсиздикке туш келсеңиз кысынбай оюңузду бетке айтыңыз. Эгерде жүрөгүңүздүн теңин тапканыңызды сезсеңиз артка кайтпаңыз, бактылуу үй-бүлөнүн ээси болосуз. Шейшембиде ооруп жаткан жакыныңыздын биринин абалын суроо үчүн үйүнө баш багасыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Куру кыялдарга жол бербей, реалдуу ишке гана энергия коротсоңуз, кирешеге ээ болосуз. Турмуш шартты жакшыртуу жаатында аракетиңиз ийгилик алып келе баштайт. Жеке жашоодо терс реакцияларды жаратуучу мүнөзүңүздү оңдобосоңуз бир чыккан чыр-чатак узакка созулуп кетет. Айрымдар иш менен сапарга чыгуулары мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Таасирдүү көрүнүш үчүн манераларды жана кийинүү стилди өзгөртүү сунушталат. Бир маселе боюнча укук коргоочуларга кайрылууңуз мүмкүн. Документтериңиз так болуусу зарыл. Төрт дубалдын ичине бекинип, стресстен чыга албай жаткан досуңузга колдоо көрсөтөсүз. Үйдө имарат же жер тилкесин сатып алуу маселесине аралашасыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Апта сизге бир топ татаал кырдаалды жаратышы ыктымал. Ага карабастан туура чечим кабыл алып, иштерди өз убагында бүтүрүү туура. Көңүлүңүз жайында болбой, жакын адамыңызды таарынтып алууңуз ыктымал. Эл алдында, мейли, кечеде болобу, мейли, чогулуштабы чыгып сүйлөп, элге жакшы пикир калтыра аласыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Айлыгы жогорулашын каалагандар жетекчисинин көрсөтмөлөрү менен болгону туура. Керексиз комплекстерден кутулуп, жашоого көз карашыңызды жаңыртсаңыз жакшы.Кокустан пайда болгон өзгөрүүлөрдөн зыяны жок майда каталарды кетирүүңүз ыктымал. Көпчүлүккө аралашууда чыр-чатактын алдын алып, ашыкча кеп козгобоңуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чыгармачылыгыңыз менен ой чабытыңыз өркүндөп турат. Андыктан жаңы милдеттерди аркалоодон коркпоңуз. Алар сизге ийгилик алып келет. Айрымдар өздөрүн башка иштен сынап, бизнес үчүн акча топтоп башташат. Кимдир бирөө сизди колдонууга, сезимиңиз менен ойноого аракет кылат. Буга жол бербеңиз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Кесиптештер менен мамилени жак­шыртуу үчүн амалкөйлүккө барууга туура келет. Жаңы таанышуулар күтүлөт. Сүйүктүүңүз тууралуу жагымсыз жаңылыктан улам иренжип калбоо үчүн ушактарга көңүл бурбаганыңыз оң. Кеченин коногу болууңуз ыктымал. Ийгилик жаратуу үчүн дем алышта таза абада сейилдеп, ой топтоңуз, план түзүңүз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Өзүңүзгө ишеним артып, ашыкча жүктү моюнуңузга алуудан качыңыз. Түйшөлткөн маселелерди өз алдыңызча чечем десеңиз, кесепети өкүнүчтүү болуп калышы ыктымал. Байланыш түзө баштаган адамыңыз сизге чындап жакпаса, мамилеңизди үзүңүз. Жакындарыңыз менен бир жакка барып келүүңүз күтүлүүдө.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жалкоолуктун азабынан көп ийгиликтен куру калуу коркунучу бар. Баштаган ишиңизди аягына чыгарыңыз. Капчык маселеси кыйла жакшырып, жаңы эмерек сатып алышыңыз мүмкүн. Эл арасында туура сүйлөңүз, болбосо айткан сөздөрүңүз өзүңүзгө каршы колдонулуп калат. Көптөн бери көрбөгөн досуңуздун абалын суроо үчүн үйүнө баш багасыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жашооңузду кызыктуу, мазмундуу кылганга аракетиңизди уланта бериңиз. Кесибиңизге байланыштуу жагымсыз жагдайлар акча каражатынын азайышын шарттайт. Жумушта жашыруун кастардын ким экени ачыкка чыгат. Башка бир жакка барып эс алып келүү тилегиңиз азырынча ишке ашпайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан