Зияш Турдубеков, актёр: «НУРЖАНАТТЫН АРТЫНАН 6 АЙ ЧУРКАДЫМ»

Бул жан шериктер биздин кесиптештер. Таланттуу актёр, каскадёр, тамашоучу, телеалпаруучу Зияш Турдубеков учурда Super.kg порталында оператор-монтажер болуп эмгектенет. Жубайы Нуржанат Медетбекова аталган порталда иштеп кеткен. 1-июнда баш кошуп, чакан мамлекеттин пайдубалын түптөй баштаган түгөйлөр жумуштан башталган сүйүү баянын айтып беришти.

– Зияш, куш боо бек болсун! Силердин да махабат баяныңарды угуу кызык болду. Нуржанатты биринчи жолу качан көрдүң деп сурайынчы.

Зияш: – 2018-жылы март айында Super.kg порталына жумушка орношком. Нуржанатты жумуштан көрүп жактырып калдым. Кандай кыз экенин билиш үчүн сыртынан карап, тымызын көз салып жүрдүм. Ошол учурда өзүмдүн адамымды издеп жүргөм. Бара-бара “ушул кыз менин адамым окшойт” деген сезимдер пайда болуп, “Кудай буюрса, ушул кызга токтолдум окшойт” деп жүрөк сезе баштады. Иш бөлмөсүнө келип ар кайсыны сүйлөп тийишип жүрдүм. Нуржанат “повод” берген жок. Жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, үйгө баратканда, уктаар алдында “Нуржанат азыр эмне кылып жатты экен?” деп ойлоном. Жумушта Нуржанатты жактырган менден башка жигиттер бар экен. Бир күнү ошолорду чогултуп, “Нуржанат мага да жагат. Ага барып бирибизди танда деп ачык айталы” дедим. Нуржанатка барып “ушул жигиттердин баарына жагат экенсиң. Азыр бирөөбүздү танда” дедим. Ал жылмайып “анда мушташып көргүлө” деп жатпайбы. Мен дароо эле “болду, меники экен” десем, балдар “эмнеге?” деп калышты. “Мушташып көргүлө” деп жатпайбы, демек, мен жеңем да” деп чыгып кеттим.

– Аркасынан канча чуркадың?

– 6 ай чуркадым окшойт.

– Көпкө чуркатыптыр.

Нуржанат: – Зияш жумушка велосипед менен келчү. Жумуш бүткөндө “үйүңө жеткирип коёюн” дегенде, “велик менен жеткиресиңби?” деп күлүп калчумун. Аны тамашакөй адам катары билгендиктен айткандарын олуттуу кабыл алчу эмесмин.

З.: – Чындыкты айтып жатсам да көпчүлүк тамаша катары кабыл алышат. 14-февралда белегимди бергенде сезимдериме ишенди окшойт. Сүйүү күнүнө карата белек алдым. 13-фераль күнү түндө жумушка бардым. Негизи жумуш бүткөндө барганга болбойт. Кароолчуга “бул жакта менин сүйүктүүм иштейт. Кирип сүйгөн кызым иштеген бөлмөгө белегимди коюп кетейин. Эртең кирип келип белектерди көрүп сүйүнсүн” десем, түшүнүп киргизди. Ошол белектен кийин баары сезимимди билди.

– Нуржанат, Зияшка болгон сезим качан ойгонду?

Н.: – Бир жолу командировкага кетти. Ошол кезде сөз айтып жүргөн. Күндө жаныма келип ар кайсыны сүйлөп зериктирбеген адам бир жума жок болду. Ошондо сагынып жатканымды сездим.

З.: – Анда августта ойгонуптур. Ошондо Көчмөндөр оюнуна кеткем. Күнүгө телефон чалып, жазышып турчубуз. Бир күнү “мени сагындыңбы?” деп жазсам, “сагындым” деген.

– Бири-бириңердин кайсы сапатыңарды жактырдыңар?

Н.: – Зияш кандай болсо ошондой, жасалмасы жок жөнөкөй адам. Башкаларга жагынайын дебеген, тартынбаган сапатын жактырдым.

З.: – Нуржанатты карасам тыкан, созулган, бүт жагынан төп келишкен кыз экен. Сыноолордон да өткөрүп көрдүм. Бир күнү актёр болуп калп эле мас болуп коём. “Тыйыным жок болуп жатат” десем, “канча керек?” деп берет. “Телефонумду жоготуп алдым, берип тур” дейм. Бир күнү “жүрү көңүл ачалы, сырадан болушунча ичели” дедим. “Мен ичпейм” десе да, “ичесиң, ичкендей эле көрүнүп турасың” деп катуу тамашалап көрдүм. Баарына чыдады. Ий, жаным, ушул чыдамкай сапаттарың үчүн жакшы көрөм да сени.

Н.: – Көңүлүмдү алганды билет. Башында “бул жарнамабы же чындап ушундайсыңбы?” десем, “жарнама эле, ишенип алып кийин үмүттөнүп алба” дей берчү. Бирок ушул күнгө чейин мамилеси өзгөргөн жок.

– Эсте калган белектер тууралуу айтып бергилечи?

Н.: – 8-мартта кечки тамактанууга чакырып, 2 жарым метрлик жумшак аюу белек кылган. Таксиге араң батырып салып жатсак айдоочу “сени чындап жакшы көрөт окшойт” деди. Ошондо чын эле жакшы көрөт окшойт деп ойлоп калгам.

З.: – Жумшак аюу менен үйүнө жеткирип бардым. Нуржанат аны көтөрө албагандыктан мен киргизишим керек болду. “Үйдүн эшигин ачасың, мен дароо ыргытам” дедим. Дарбазадан акырын өтүп үйдүн эшигин ачканда ыргытайын десем атам (ред.: кайнатасы) уктай элек экен, таң калып терезеден карап калды. Аюуну ыргытып, эшикти жаап, экөөбүз жетелешип качып баратып артты карасам, атам карап күлүп туруптур (күлүп).

Нуржанат мага 23-февралда Айфон 11 белекке берди. "Чын эле магабы?" десем "жаным, сага" дейт. Өзүнүн эски телефонун колума алып "ушуну эле колдоноюн, жаңысын сен ал" деп эки жолу айттым. "Атайын сага алдым го" деп көнбөй койгондо "3-жолу айтпайм" деп белегин кабыл алдым (күлүп).

– Зияш, бир адамга жоопкерчилик алып, моюнуңа каамыт илингени сезилип жатабы?

З.: – Ушул күнгө чейин “качан үйлөнөсүң?” деген сөздөргө маани берген жокмун. Бир кыздын тагдырын моюнуңа алып жаткандыктан жашоого бышыш керек. Экөөбүз тең быштык. Албетте, жоопкерчилик сезилип жатат. Сүйлөшүп жүргөндө эле Нуржанатка жооптуу экенимди билчүмүн.

Нуржанатка “качан турмушка чыгасың?” дегендерге маани бербе. Ошенткен адамдар тоюңа келип, эртеси жашооң кандай болуп жатканын сурап койбойт” дегем. Негизи кыргыздар жарга такай беришип адамдын тагдырын бузуп коюшат экен. Мисалы, бир кызга “качан, качан?” дей бергенде кысылып чала-була ойлонуп тааныбаган бирөөгө тийип алып, кайра ажырашууга жетип жатпайбы. Бул кейиштүү көрүнүш.

– Туура. Нуржанат, келиндик доор кандай башталды?

Н.: – Зияш үйлөнгөнгө чейин ата-энеси, бир туугандары менен тааныштырып көп нерсеге даярдап койгонуна ыраазы болдум. Ошондуктан мага үй-бүлөсүнө көнүү оор болгон жок. Ата-энеси, бир туугандары жөнөкөй, жумшак адамдар. Апам мени кызындай кучактап, эркелетип турат.

З.: – Жаңы келген күнү “жаным, эми таң атпай суу даярдайсың. Апам менен атамдын бөлмөсүн тыкылдатып “келин дааратка суу дайындады” деп 3 жолу кыйкырасың" деп тамашаласам ишенбей койгон (күлүп).

Н.: – Зияш “эртең менен туруп аларга суу даярдап, эшиктин алдын шыпырышың керек” деген. Бирок биринчи күнү той болуп кеч жатканга уктап калдым. Турсам атам короого суу чачып жүрүптүр, аябай ыңгайсыз болдум (күлүп).

– Жарашкан түгөйлөр, маегиңерге рахмат. Бактылуу болгула!

Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
"Жакшы көргөн адамыңды сүйүнтүш үчүн баарын жасап калат экенсиң" дейт Зияш Турдубеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
elmira.
2021-06-14 10:53:40
Озу эле ават беле
-2
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-06-14 11:06:36
Сонун пара болушуптур
-1
Alfiya
2021-06-14 15:37:50
Устудо жазгандар озунорду биир карап алсанар кузгудон.
+1
i-bilim
2021-06-15 09:37:26
Жагымдуу маек болуптууур :)) төп келген түгөйлөр экен, бактылуу-уу болушсун!
-1
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан