Баткен облусуна өзгөчө салык режими киргизилет. Тийиштүү мыйзам долбоору 7-июнда парламент комитетинде каралып, колдоо тапты.
Айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун айтымында, “Баткен облусунун өзгөчө статусу” мыйзамын ишке ашыруу алкагында бир топ мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Алардын айрымдары аталган аймакка өзгөчө салык режимин жана өзгөчө инвестициялык режимин киргизүү экени айтылды. Депутаттар өзгөчө шартты өлкөнүн чек ара аймактарында жайгашкан бардык райондорго түзүү керектигин белгилешти. Ошондой эле чек ара аймактарында айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү маселесин да карап чыгуу зарыл экенин айтышты.
Жолдубек Качкынбаев