СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Талант кайсы жерде болсо да катылбайт эмеспи. Айдананын элине кайтып келиши көптөрдү кубантып, ал өзүн чексиз бактылуу сезип жүрдү. Өзүн эстеген, ырларын сагынган күйөрмандары бар экенин билгенден улам кубанычы койнуна батпай жатты. Кезектеги басылмалардын бирине интервью берип жатып, өзү да күтпөгөн окуяга туш болду. Столдун үстүндө Рустам экөө ырдап жүргөндөгү сүрөттөр жаткан эле. Абайлай колуна алды. Экөөнүн тең көздөрүнөн шаттык төгүлүп, кучакташып турган сүрөттөр экен. Биринчи жолу көрүп жаткансып көпкө тиктеп калганын журналист кыз да байкап калды.
– Сиздерди биринчи көргөндө түгөйлөр деп ойлочу элек. Сахнада бири-бириңерге жарашып турчусуңар. Рустам агайдын аялы, баласы бар экенин, сиздин түрк жигитке турмушка чыгып, кыздуу болгонуңузду кийин билдим.
– Ооба, биздин турмушубуз эки башка. Ыр дүйнөсүндө экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнчүбүз. Ошондуктан ырларыбыз эл жүрөгүндө сакталса керек.
– Рустам Исаевдин ырларын азыркыга чейин сүйүп уккандар да бар. Анын музыканы таштап кетишине эмне себеп болду?
– Аны Рустамдын өзүнөн сурашыңар керек го. Ачыгын айтсам, мен бул тууралуу билбейт экем.
Суроолор... Суроолор... Канчадан бери өзү жообун таба албай жүргөн суроолорду бергенде Айдананын ойлору таруудай чачылып, шаштысы кете түштү.
– Кантсе да таланттуу адамдын орду унутулбасын түшүндүм. Бирок Рустам сахна менен биротоло кош айтышты деп бүтүм чыгарбай коё туралы. Балким, баарыбызды сүйүндүрүп кайтып келер.
– Азырынча сиздин кайтканыңызга сүйүнүп туралы.
Журналист кыз жагымдуу жылмайып алды.
Мекенине кайткандан кийин Айдана жерин катуу сагынганын туйду. Эки билегин түрүнүп, күнү-түнү катуу иштеп жатты. Иштебегенге аргасы да жок эле. Бир аз убакытка эле иштебей койсо, кызын, Абдулду ойлоп туюкка кептелчү.
Ушул күндөрдүн биринде ага күтүү­сүз телефон чалынды.
– Алло.
– Кандайсың? Бүгүн убактың болсо кезигели деп ойлодум эле...
– Кайсы жерден?
– Сейил бакта бизге эч ким тоскоол болбосо керек. Ошол жерге барайын...
– Макул.
Телефонду койгон Айдана бир саамга ойлоно калды. “Үнү негедир чарчаңкы... Неге көргүсү келип калды экен?

ххх

Иман ордунан чарчаңкы козголуп, көз айнегин издеди.
– Чоң ата, көз айнегиңди издеп жатасыңбы? Мынакей...
Айдин чуркап келип, текчеде турган көз айнекти алып, чоң атасына сунду.
– Тентегим, эми менин көзүм сен болосуң. Чоң атаң эми карый баштайт. Анан мени жетелеп жүрөсүң.
– Жетелеп бакчага алып барам, ээ?
Иман наристенин сөзүнө жыргап күлүп калды. Эшиктен кирип келген Айша мээримдүү жылмайды.
– Чоң атасы менен небереси эмне кылып жатышат? Тим эле күлкүлөрү таш жарат го. Келгиле, чай ичкиле.
Ойноок бала курсагын тойгузуп алып чуркап кетти. Айша оор үшкүрүп алды.
– Ии, эмне болду сага?
– Рустамдан санаам тынчыбай жатат. Негедир өңүнөн азып, арыктап кетиптир. Анан калса өлөр-тирилерине карабай катуу иштейт эмеспи. Кичине ден соолугуна караса боло.
– Менин оюмча, келиниң арыктап, өңүнөн кетип калгандай. Анын үстүнө Айдананын келиши экөөнүн мамилесине жарака кетирбесе болду. Бирок келиниң азамат, сыр билгизбей зымпыйып койду. Айданага деле жеңил эмес. Ийненин үстүндө отургансып араң отурду курган кыз. Турмушка чыгыптыр. Эми жаранын картын кайра сыйрыбай өз турмушу менен эле болсо болмок. Эми кандай болот деп менин да акылым айран.
– Койчу, Иман, Айдана келе электе эле экөө май-көл, сүт-көл болуп жашап жатышкансыйсың да. Жаңылыштыкты биз тээ башынан кетирдик. Экөөнү ажыратпаш керек болчу.
– А баланы кантет элең? Эгерде ошондой курмандыкка барбаса, Айдин азыр экөөбүздүн маңдайыбызда болот беле?..
Ата-эне сөздөрүн уланта албай отуруп калышты. Ооба, чындыгында, уулу да, келини да бактысыз экенин тымызын сезишип, ошого көңүл бөксөрүп, коомайланып турушчу. Көпкө ушинтип отурушту.
– Чоң ата, чоң апа, мени карагылачы.
Сырттан шаңдуу чыккан наристенин үнү экөөнү тең ойготуп жибергендей жүздөрү шаттана сыртка обдулушту.

ххх

Күздүн мээримдүү күндөрүнүн бири эле. Таман алдындагы жалбырактарды абайлай баскан Айдана өзүн күтүп турган караанды көрөрү менен ылдамдай басты. Сиз таң калбаңыз, окурман.
Айдананы күткөн караан Рустамдын аялы Айнура эле. Тагдырдын тамашасы менен экөө минтип жолугууга да аргасыз болчу. Жука пальто кийип, өңү кер сары болгон Айнура Айдананы беттеп басты.
– Кызык, ушул бакта сейилдегенди жакшы көрчү элем. Азыр акыркы жолу качан келгенимди да унутуп коюпмун,- деди Айнура теребелди кусалуу тиктеп.
– Билесиңби, Түркияда жүргөндө Кыргызстандагы ушундай күздү, ушинтип отурганымды элестетип, аябай бактылуу болор элем. Түшүмө да көп кирчү. Балким, башка адам көнүп кетсе керек. Бирок мен шорума көрүнүп, көнө албай койдум. Кумдуу жээги, көгүлтүр асманы, думуктурган абасы, деги эле бардык нерсеси мага жат сезиле берди. Эч көнө албай койдум. Көкүрөгүмдөгү сагынычты жашырып канча жүрдүм? Сенин катыңды алгандан кийин Кыргызстан деп дегдедим да калдым. Баары бир келбесем болчудай эмес. Келе жатып, сүйүнгөнүмдү айтпа.
Айнура жылмайып койду.
– А мен сени мени аягандан келди деп ойлоп жүрбөйүмбү...
Айдана оор үшкүрүп алды. Экөө бир топко чейин унчукпай калышты.
– Рустамга жолуктуңбу?
– Жок, жолуга элекмин.
– Жолугушуң керек. Ал сени күтүп жүрөт.
– Күтсө чалат эле го. Негедир аябай өзгөрүлүп кеткендей.
– Өзү чалганга адамгерчилиги жол бербейт.
Айдана Айнураны жалт карап, башын чайкап алды.
– Балким, суроом орунсуз сезилер. Бирок эмне үчүн мен?
– Анткени окуянын баары сенден башталган. Эгерде сен Рустамдын жүрөгүндө жашабасаң, мен мынчалык кыйналбайт элем. Башында катуу кызганчумун. Сенин ордуңду ээлеш үчүн эмнеге гана барган жокмун?! Акыры жеңилип бердим.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
sadagasi
2010-11-07 11:33:53
Эмне буну Нуржамал Жийдебаева жазчу беле? Мурун автору башкадай сезилди эле. Соз жок. Сонун чыгарма.
0
sadagasi
2010-11-07 11:35:50
Эхх, ушундай сонун жазган адамдар жонокоой гезитте иштеп жургону окундурот. мындай адамдардын денгээли гезиттен да ойдо турат бирок копчулук учурда озунун баркыны биле беришпейт.
0
aminali
2010-11-08 02:31:26
Emi, Ainurasi Rustamin Aidaiga berip salabi ai ai erkekter ozun4o ele podarka boldunar go.
0
SweetFlower
2010-11-08 15:35:29
Чындыгында эле аябай сонун чыгарма. Ар бир санын калтырбай окуйм. Чыныгы суйууго баары бир эч нерсе тоскоол боло албайт экен.
0
Expert
2010-11-12 16:45:26
Башында мен да аябай кызыгып окучумун,бир да санын калтырбай. Азыр эми кызыгы кетип калгандай,жомок сымал болуп баратат сандан-санга. Чыныгы жашоого дал келбейт,жашоодо мындай окуялар аз кездещет. Жаш оспурумдор учун жазылган чыгарма деп айтар элем.
0
№ 418, 5-11-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан