Рахмадил Жуманазаров, Мээрим Жуманазарованын атасы: “МЭЭРИМДИ АЛГАЧ ӨЗҮМ МАШЫКТЫРГАМ”

Олимпиада оюндарына жолдомо алып кыргыз элин кубандырган Мээрим Жуманазарованын атасы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Рахмадил Жуманазаров бүгүн биздин маек төрүбүздө. “Аккан арыктан суу агат” дегендей, агайдын учурда 3 кызы (Мээрим, Сезим, Бактыгүл) күрөш менен алектенип ийгиликтерди жаратып келет.

“МАШЫКТЫРУУЧУЛУК КЫЛГАНЫМА 40 ЖЫЛ БОЛДУ”

– Мен 1955-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Биринчи Май айылында төрөлгөм. Биздин айыл тоо этегинде жайгашкан чакан айыл. Айылдын ортосунда Балбан-Булак деген булак бар. Биздин айылдан көп балбандар чыккан. Бала кезде бизди спортко чакырган, жол көрсөткөн машыктыруучу жок болчу. Спорт мектептери тууралуу деле бизге айткан киши болгон жок. Өз алдыбызча эле күрөшүп жүрдүк. Кийин аскерге бардым. Аскерде да күрөшкө чыгып жүрдүм. Аскерден келгенден кийин Дене тарбия институтуна тапшырдым. 1980-жылы окууну бүтүрүп, айылда машыктыруучулук ишти баштадым. Эмгектенгениме 40 жылдын жүзү болду. Жалаң машыктыруучулук иш менен курсак тойбойт, жер иштетип, дыйканчылык да кылдым. Мектепте зал жок кезде башында окуучуларды үйдө машыктырып жүрдүм. Спорттук жабдыктарды ар кайсы жактан чогултуп келип, айылга күрөш секциясын ачканбыз. Азыр мектепте атайын зал ачылган.

“МАШЫГУУ ҮЧҮН КЕЛГЕН КЫЗДАРДЫН АРАСЫНДА МЭЭРИМ ДА БАР ЭКЕН”

– 2012-жылы күрөш боюнча Республикалык борбордун директору, СССРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбашев мени чакырып, “кыздарды машыктырбайсыңбы?” деп калды. Макул болорумду же болбосумду билбей туруп калдым. Себеби кыздарды мурда машыктырчу эмеспиз да. Ойлонуп калсам “анда балдарды да, кыздарды машыктыр” деди. “Мейли, иштеп көрөйүн” дедим. Келип айылдагы кыздарды машыктырабыз дегенде эле Мээримдин классынан 4-5 кыз келди. Арасында кызым да бар экен. Башында эле каалоосу, шыгы күч болчу. Каалоо, талант болбосо кыйнап спортчу чыгара албайсың. Кийин дагы кыздар кошулду. Бирок баары эле аягына чейин алып кеткен жок. Себеби “кыздар да күрөшчү беле?” деп тескери кабыл алгандар, ата-энелери каршы болгондор да болду. Ошентсе да жаман эмес. Олимпиадага бара турган үч кыздын бирөө өзүмдүн кызым Мээрим, бирөө окуучу кызым Айпери (ред.: Медет кызы) экөө классташ. Машыгууну чогуу башташкан.

“ОЛИМПИАДАГА КАТЫШУУ АР БИР ЭЛЕ КИШИГЕ БУЙРУЙ БЕРБЕЙТ”

– Мээрим кичинекейинде бир орунда турбаган тентек кыз болчу. Кийин абдан токтоо болуп өзгөрдү. Мүнөзү аябай жакшы, бирөөгө жаман сүйлөбөйт, орой мамиле жасабайт. Кичинесинен эле аябай мээнеткеч болчу. Биринчи эл аралык деңгээлдеги ийгилиги Таиланддан коло медаль алып келгени болду. Муну эч ким деле күткөн эмес. Себеби айылдан Бишкекке барганына бир жарым жылдай эле болгон. Ошол 2014-жылдан бери жакшы ийгиликтерди жаратып келе жатат. Дүйнөлүк кубокту утту, Азия чемпиондугунда жаштар арасында 3 жолу, чоңдор арасында өткөндө Алматыда чемпион болду. Эми, Кудай буюрса, Олимпиада оюндарын күтүп жатабыз. Олимпиадага катышуу ар бир эле кишиге буйруй бербейт. Бул чоң сыймык. Кыргызстандан эркин күрөш менен машыккан эркек балдар аябай көп, бирок бирөө эле жолдомо алып калды. Кыздар аз экенине карабай үчөө жолдомо алды. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Буюрса, кызымды коштоп барам.

“ЖУБАЙЫМ КЫЗДАРДЫН КҮРӨШҮҮСҮНӨ КАРШЫ БОЛГОН ЖОК”

– Сезим кызым болсо барба десек болбой залга барып алчу. Кыздарды машина менен алып кетип калсам, аркамдан чуркап барып калчу. Ошентип тырмышып жүрүп эле машыгып кетти. Жакында Түркияда өткөн турнирде 2-орунду алып келди. Негизи 4:0гө утуп жатып колун оорутуп алыптыр. Болбосо чемпион болуп келмек.

Мээрим, Сезим, Бактыгүл, үч кызым күрөшүп жүрөт. Мунара, Чынара деген эгиз кыздарым бар. Мунара Улукбекке (ред.: Жолдошбеков, балбан) турмушка чыгып, ал күйөө балам болуп калды. Жубайым менин көңүлүмө карадыбы, же өзүнө жактыбы, айтор, кыздардын күрөшүүсүнө жолтоо болгон жок. Өзү окууну Орусиядан бүткөн, сабаттуу адам. Мурун лаборант болуп иштеген. Медицина жаатын жакшы түшүнгөндүктөн менде машыккан кыздарга көп жардам берет. Аларга тамагын берип, кээде кир-кечегинен бери жууп коёт. Азыр күрөшүп жүргөн кыздардын баарын тааныйт.


Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Datka7777
2021-06-15 03:39:21
Суйом го ушул кызды
+1
Kuttubek8483
2021-06-16 01:02:11
Ийгилик калайм олимпиададан алтын утуп келесин кызыныз.
+1
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан