Артты карап өкүнбөгөн ДЕМЕТ ӨЗДЕМИР

Туулган жери: Түркия, Кожаэли шаары

Туулган жылы: 1992-жыл, 26-февраль

Бою: 170 сантиметр

Кесиби: бийчи, актриса, модель

Үй-бүлөдө: 3 бир тууган, агасы, эжеси бар

Тартылган белгилүү тасмалары: “Кулпунай жыты”, “Номер 309”, “Сүйүү бийи”, “Таңдагы куш”, “Менин үйүм”


ЭРКИН, ЭРКЕ КЫЗ

– Ата-энем бизди эркин чоңойтушту. Биз жашаган Кожаэли чакан шаар болгондуктан, жашоочулардын дээрлик баары бири-бирин тааныйт эле. Эртең менен үйдөн чыгып кеткен боюнча кечинде келмей, үйдөгүлөр болсо анча санааркашпайт, анткени шаар коопсуз экенин билишчү. Элди аралап жүрүп "чоңойгондо юрист, полиция кызматкери же учкуч болуп элге кызмат кылам, жардам берем" деп кыялданчумун. Кийин кыялым бийчи болууга ооду. Эжем Дерья менден 10 жаш улуу, анын үйдө бийлеп жатканын көрүп отуруп эле шилекейим агып, мен да ушундай кооз кыймылдаганды үйрөнсөм дей берчүмүн. Анан бий ийримине бара баштадым. Классташтарым болсо “сен актриса болсоң жарашат” дей беришчү. Ата-энем чечимимди колдоп, актёрдук кесипке ооп кеткем,- дейт Демет Өздемир. Дал ушул кыз бүгүнкү күндө түрк кино жылдызы, дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнө таанымал актриса, бийчи, модель жана биз бүгүн сөз кыла турган шайыр адам.

БИЙЧИ, МОДЕЛЬ

Деметтин ата-энеси Болгариядан Түркияга көчүп келип, биротоло отурукташып калышат. Тун уулу Волкан, андан кийин Дерья жана Демет аттуу кыздуу болушту. Кичүү кызы 8 жашка чыкканда түгөйлөр ажырашып, балдарын алып апасы Айше Стамбул шаарына келе берген. Эже-сиңди бийчилик өнөрүнүн аркасы менен “Efes Kizlari” бийчилер тобуна кошулушкан. Демет алгач популярдуу ырчы Мустафа Сандалдын клибине тартылган. Мектепти аяктагандан кийин жакындарынын кеңеши менен 2 жылдык театралдык студияга тапшырат. Арык, татынакай, дайыма жылмайып жүргөн сулууга жарнамага тартылууга сунуштар түшүп, анын аты, жүзү акырындан көпчүлүккө тааныла баштаган.

РОМАНТИКАДАН ДРАМАГА

“Мен сага сырымды ачам” деп аталган Деметтин эң алгачкы сериалы 2013-жылы чыккан. Испандардын “Корголгондор” аттуу сериалынын ремейки болгон фантастика жанрындагы тасмада Демет электр тогун башкара алган кыздын ролун аткарат. Кийинки эле жылы түрк-орустар биргеликте тарткан “Курт Сейит жана Александра” (“Курт Сейит жана Шура” аты менен да таанымал) сериалына тартылуу менен орус аудиториясына да таанылууга мүмкүнчүлүк алды. Ал эми Деметти ондогон өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга да тааныткан “Кулпунай жыты” сериалы болгон. Шайыр, тыкылдаган тың, сулуу, бир эмес, эки мырзанын жүрөгүн багындырган Аслы эсиңиздеби? Дал ушул сериалдан кийин Демет “Жылдын популярдуу актрисасы” аталган. Романтика, мелодрама жанрындагы тасмалардын жылдызына айланган Демет 2018-жылы “Таңдагы куш” сериалы менен кайрадан популярдуулугун арттыра алган. Бирок актрисага мындай жеңил образдар аз эле. Өзүн драма жанрында сынап көргүсү келген Деметтин каалоосу ишке ашып, 2020-жылы “Менин үйүм” сериалында жаңы образ жаратты. Эгер бул тасманы көргөн болсоңуз, анын талантына өзүңүз баа бериңиз.

“ЭЖЕМ – ЭҢ ЖАКЫН АДАМЫМ”

– Мен өткөнгө өкүнгөн адам эмесмин. Ар бир айткан сөзүмдү, кетирген катамды, чыгарган чечимимди кабыл алам. Кыймылды, жаңычылдыкты сүйгөн адаммын. Андыктан көп окуйм, үйрөнөм. Бий мени катуу тартипке, сахна алдындагы, адамдардын алдындагы жоопкерчиликке үйрөттү. Актёрдук кесип эмоциямды чыгарганга, кабыл алганга түрткү болду. Эмне жасасам да бүт энергиямды, жүрөгүмдү берип жасайм. Көпчүлүк мени “дайыма күлүп жүрөсүң” дешет. Чынында эле күлүп жүрөм. Азырынча чарчап, депрессияга түшкөнгө себеп жок. Башынан эле ата-энем менин чечимдериме кийлигишчү эмес. Эжем болсо жашоомдогу бардык маанилүү жаңылыктардан кабардар, эң жакын адамым. Ал дайыма “ички туюмуңа ишен” дейт. Чынында эле ички туюмум мени бир да жолу ара жолдо калтырган жок,- деген актрисанын жеке жашоосу да окуяларга бай.


СҮЙҮҮГӨ БАЙ ЖЕКЕ ЖАШОО

Эркектер жаратылышынан оюн түз айткан, кыла турчу иши белгилүү болгон жандар. Бирок аларда аялда кезиккен ишенимдүүлүк, берилгендик сапат жок” деп эсептеген актриса “Кулпунай жыты” сериалындагы өнөктөшү Юсуф Чим менен кыз-жигит болгону белгилүү. Бир урушуп, кайра элдешип жүргөн түгөйлөр акыры эки жолго түшүп, Деметтин жаңы жигити катары актёр Фуркан Палалынын аты аталды. Андан кийин футболчу Огузхан Озьякуп менен жетелешип жүрдү. Кийин өзүнүкүнө фамилиясы окшош актёр Сечкин Өздемир экөөнүн ортосунда да сүйүү оту тутанып, көп өтпөй жалп өчтү. 2019-жылдан бери актриса ырчы Огузхан Көч менен сүйлөшүп жүргөнү маалым. “Адам мени сүйгөнүн чындап сезгенден кийин гана менде сезим жаралат” деген актрисанын бул сүйүүсү үй-бүлө курууга жетеби? Аны эми убакыт көрсөтөт.

Кыскача кызыктуу фактылар

  • 2017-жылдан бери Түркиянын суроо-талапка ээ актрисаларынын ТОП-5тигине кирет.
  • 2019-жылы “Pantene” компаниясынын жүзү катары түзүлгөн келишимден Демет Өздемир 3 миллион түрк лира (орточо 30 миллион сом) гонорар алганы айтылат.
  • Демет кино сынчылар тарабынан да, көрүүчүлөр тарабынан да аз сынга кабылган актрисалардын катарында.
  • Актрисаны жаагына пластикалык операция жасаткан дешет. Бул маалымат боюнча өзүнөн “ооба же жок” деген жооп болгон эмес.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан