14-ИЮНДАН 20-ИЮНГА ЧЕЙИН

.


КОЙ (21.03-20.04)

Бир окуядан улам үйдө чыңалган абал жаралат. Жакындарыңызга баш ийбей, өзүңүзчө аракет кылгыңыз келет. Эмнеси болсо да чектен чыкпаңыз, болбосо чоң чатак чыгат. Бирөөлөр сизге берген убадасын аткарып кубандырат. Мамлекеттик бийлик органына же юристтерге бир маселе менен кайрылууңуз ыктымал.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Башкалардын ишине кийлигишпей, убакытты туура бөлүп, өз ишиңизди бүтүрүү сунушталат. Ушактарга кулак түрүп, аларды талдоого катышсаңыз айрым тааныштарыңыз менен мамилеңиз бузулат. Жан дүйнөңүзгө үңүлүп, жаңылануу керек экенин сезесиз. Рулдагылар жолдо калбоо үчүн унаасын текшертип алуусу зарыл.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Айлыгынын көбүн же жарымын насыя акчаны төлөөгө жумшагандар каражаттан кыйналышат, анткени күтүлбөгөн чыгымдар чыгат. Маалыматтын аныгын тактамайын колдонбоңуз. Жакындарыңыздын ортосунда мүлк, турак жай, мураска байланыштуу маселе козголот. Айрымдар бир долбоордун артынан коомдук уюм менен иштешет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Өз кызыкчылык үчүн жашагыңыз келип, бир нерселерди сатып аласыз, убакыттын көбүн өзүңүзгө коротосуз. Бул үйдөгүлөрдүн нааразычылыгын жаратат. Максаттар ишке ашпай жатса, дүрбөлөңгө түшпөй тынчтаныңыз. Колдоого мүмкүнчүлүгү барларды өзүңүзгө тартыңыз. Диетаны сактап, өнөкөт оорунун козголушунун алдын алыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Үйдөгү иштерди бүтүрүүгө, жакындарыңыздын маселесин чечүүгө жетишесиз. Сизге жан тарткан адам чоң керегиңизге жарап берет. Чала тааныш адамдар бир иш-чарага катышууга чакырат. Балдарга көбүрөөк көңүл буруңуз, алар менен убакыт өткөрүү маанайды көтөргөндөн тышкары жан дүйнөңүзгө бейпилдик тартуулайт.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Сүйүктүүңүздүн туура эмес кылык-жоруктарын байкасаңыз ачык сүйлөшүңүз. Мүмкүн, анын ичинде сизге нааразычылыгы болуп атайын жасап жатуусу ыктымал. Ден соолукка көңүл буруп, мүмкүн, врачтын текшерүүсүнөн өтөсүз. Акчаны майда-чүйдөгө коротпой, зарыл болгон чоң нерселерди сатып алууга топтоону улантыңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Тагдыр кайрадан эркиңиз менен чыдамдуулугуңузду сынайт. Коркпой сыноолор менен бет келип, жеңүүгө бел байлаңыз. Артка чегинсеңиз абалыңыз мындан дагы начарлайт. Эски достор конокко чакыруусу ыктымал. Үйдү жасалгалоо үчүн керектүүлөрдү сатып алууңуз мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Апта сырдуу нерселердин ачыкка чыгуусун тартуулайт. Колуңузда керектүү фактылар болот. Кандай болгон күндө да ар ким менен урушууга жетпеңиз. Эмгек өргүүгө качан чыгууну пландап, ага даярдык көрө баштаңыз. Карыздарды кайтарууга убакыт келди. Акча ээлери менен урушуп калууга жетпей, кайдан болсо да таап бериңиз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жаңы максаттарга умтулуп, жаңы пайдалуу хобби табасыз. Интригаларга аралашпаңыз, сизге зыян гана алып келет. Туугандар менен той же кечеде жолугуп, алардын ичинен буга чейин урушуп калган адамыңыз менен жарашасыз. Акча табам деп жаман ишке кептелүүдөн сак болуңуз. Убакыт болсо табият коюнунда эс алууну пландаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Коомдо баркыңызды бекемдөөгө жана материалдык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Аракеттениңиз, тилектерди ишке ашырыш үчүн жакшы кеңешчиге таяныңыз. Үй иштери менен алектенүүдө денеңизге оор жаракат келтирип алуудан абайлаңыз. Орточо суммадагы акча колуңузга тийиши мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Апта ичинде баары ойдогудай болуп, жаңы күч менен алдыга умтуласыз. Тааныштарыңыздын ичинен чөнтөгүңүзгө карап мамиле кылгандар ким экенин билесиз. Жеке мамилени бекемдейм дегендер сүйүктүүсүнө жагымдуу сюрприз тартуулоосу кажет. Документ иштерине так болуп, мыйзам чегинен ашпай иш жасаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Айрымдар акча каражатын жумшап, жаңы иш баштоого киришет же башка жакка көчүүнү пландашат. Адамдарга ишене берүүнү азайтуу, чөйрөнү өзгөртүү керектелет. Иште атаандаш менен тил табышып иштешсеңиз гана кулак-мээңиз тынч болот. Аптанын аягы сюрпризди, кубанычты тартуулайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан