Президент Садыр Жапаров ИИМге жол кырсыктарын болтурбоо боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.
18-июндан тарта Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамы жүрүп баштайт.
УКМК: Ошто жарандан 400 000 сомдой пара талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.
Бишкек шаарынын вице-мэри Алмаз Бакетаев кызматынан бошотулду.
Саламаттыкты сактоо министрлиги: «Өлкөдө учурда коронавирустун 3-толкуну жүрүп жатат».
20-июнга чейин өлкөгө Sinopharm вакцинасынын экинчи дозасы – 150 миң доза келери расмий маалымдалды.
Бишкектин мурдагы вице-мэри Уланбек Азыгалиев “мыйзамсыз баюу” кылмышына шектелүүдө.
15-июнда Бишкек шаардык соту экс-мэр Азиз Суракматовду 2 айга камакка алуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Мурат Осмонов Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды.
Жаңы Кылмыш-жаза жана Кылмыш-процессуалдык кодекстеринин долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилгени айтылды.
17-июндан тарта Бишкекте көп кабаттуу үйлөргө ысык суу бериле баштайт.
Башкы прокуратура: "Баткенде 20 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды".
Өлкөдө ишкер Генрих Балян алдамчылыкка шектелип кармалды.
Улукбек Марипов “киреше алып келбеген мамлекеттик мүлктөр аукционго коюлат” деди.
15-июнда Сузак районунда шахта урап, 2 адам каза болду.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.