ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ

(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн сандарыбызда)

ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ ЫКМАЛАРЫ

  • Ыкманын бир түрү: Аял чалкасынан жатып, буттарын бири-бирине кысат же учкаштырат. Эркек аялдын үстүнө жатып, буттары менен аялдын сунулган буттарын сырт жагынан кысып алат.

Бул ыкманын жакшы жактары бар. Мисалы, аялдын жыныс кыны кенен болсо (көп бала төрөгөндөн кийин), мындай ыкмада жыныс кыны кысылып, кичиреет. Эгер эркектин “алигиси” катуу чыңалбай, бош болуп калса, аял жыныс кыны жана булчуңдары менен эркектин “алигисин” кысып, жыныс кынынан чыгарбай, ыйкоонун жүрүшүнө көмөк берет.
Кээ бир аялдар сандарынын жана жыныс кынынын ооз жагындагы булчуң эттери менен “алигини” улам-улам кысып, эркектин эсин оодарып, дене кумарына жакшы кандырышат.
Күндөрдүн биринде бизден кеңеш алуу үчүн 44 жаштагы эркек келди.
Менин жаш келин ойношум бар. Жыныс катнашы башталганда эле токто деп туруп, жыныс кыны менен меникин кол менен кыскандай катуу кыса баштайт. Бел суум атып чыкканда жаным чыгып кете жаздайт. Мен ал келинге абдан кызыгып калдым. Аны эстесем, “алигим” зыңкыйып туруп калат”,- деп көзү алайгыча таң калып айтып отурду.
Эгер эркектин “алигиси” өтө узун болуп, аялдын жыныстык катнаштагы тажрыйбасы аз болсо, бул ыкма аял үчүн өтө ыңгайлуу. Себеби жаш келинди жыныстык катнаштагы кокустуктан (жыныстык жактан жаракат алуудан) сактап калат. Бирок эркектин “алигиси” кыска болсо, бул ыкма жарабайт.

  • Эгер аялдын дүүлүгүүчү жери клиторунда болсо, аялдын бел көчүгүнө ныкталган жаздыкты же бүктөлгөн төшөктү коюу керек. Эми аялдын клитору эркектин “алигисинин” сүмбөсүнө тийип, такалып, ыйкаган сайын черин жазып, жыргатат.
  • Аял чалкасынан жатып, буттарын тизесинен бүгүп, колдору менен балтырын кармап, өзүнүн көкүрөгүн көздөй тартып, эки жакка керет. Эркек эки колу менен жерди таянып, аялдын үстүнө жатып, “алигисин” аялдын жан жерине киргизет. Ушул ыкмада аялдын жыныс кыны чоң ачылат. Ошондуктан эркектин “аспабы” жакшы чыңалып турбаса деле киргизип жиберүүгө болот. Эгер аялдын жыныс кыны төрөгөндөн улам чоң болуп калса, бул ыкманы колдонбоо керек.
    Бул ыкмада эркекке күч келип, бат чарчайт. Экөө бири-бирин сыйпалап, эркелете албай калышат. Болгону, ыкма аялдын боюнда болушуна жардам берет. Анткени эркектин бел суусу сыртка агып чыга албай калат.
  • Эми сөз кылар ыкмада аял эки бутун түптүз кылып асманга каратып көтөрөт. Эркек аялдын эки бутунун ортосуна кирип, көчүгүн салмактуу жана эптүү такайт. Колдору менен жерди таянып, көкүрөк жагын көтөрүп турат. Эркек “аспабын” аялдын жан жерине тикесинен ылдый терең киргизет. Аталган ыкмада аял менен эркектин делебелери жакшы козголот.
  • Аял буттарын көтөрүп, эркектин мойнуна асып коёт. Эркектин “аспабы” кыска болуп, аялдын жыныс кыны узун болсо, бул ыкмадан өтөрү жок. Анткени аялдын жыныс кыны жыйрылып, кыскарат. Эгер эркектин “аспабы” узун болсо, аялдын жан жерин жарадар кылуусу же жарып кетиши мүмкүн.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aminali
2010-11-08 03:04:41
Munun baarin azirki jawtar porno filimderinen korup uironup aliwkan boluw kerek.
+1
aruuke
2010-11-10 10:06:50
жакшы негизи ушундай кенештер керек.
+1
№ 418, 5-11-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан