САДЫР ЖАПАРОВ “КУМТӨРГӨ” БАРДЫ

Президент Садыр Жапаров 15-июнда “Кумтөр” кенине барды. Бул – президенттин “Кумтөргө” убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки алгачкы сапары. Жапаров кендин иши менен кеңири таанышып, ишкананын эмгек жамааты менен жолугушту.

Садыр Жапаров “Кумтөр” туруктуу иштеши керектигин, кендин аймагында экология маселесине олуттуу көңүл буруларын, аталган кендин эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлөрүн белгилеп өттү. “Кумтөр” толук түрдө Кыргыздын кызыкчылыгына иштеп баштады” деп билдирип, кызматкерлерди ишкананын мүлкүнө этият мамиле жасоого чакырды.

Расмий маалыматка таянсак, бир ай ичинде – компанияга тышкы башкаруу киргизилгенден тарта “Кумтөр Голд Компани” 40 миллион доллар дүң киреше тапкан.

Президент Балыкчы-Барскоон унаа жолун курууга тапшырма берди. Маалыматка таянсак, аталган трассаны куруу иши жакында башталып, 2022-жылы жазда улантылат. Ысык-Көлдүн тескей тарабын айланып өткөн бул жолду жаңылоо, Нарын облусун өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси коомчулукта жылуу пикирлерди жаратты.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан