Өлкөдө электр энергиясынын тарифин 1 сом 9 тыйын деп бекитүү сунушталууда. Бул тууралуу 15-июнда парламент комитетинин жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
– Калкка бирдиктүү тариф коюлат, 1 сом 9 тыйын деген тариф сунушталууда, бул азыркы баадан 32 тыйынга кымбат. Электр жарыгынын башка пайдалануучуларына тарифти 5 сом 4 тыйынга чейин көтөрүү каралат,- деди министр.
Документке таянсак, электр жарыгын берүүдө азыркы 700 киловатт-саат деген чектөө 1000 киловатт-саат деп өзгөртүлөт. Тагыраагы, эл 1000 киловатт-саатка чейин пайдаланган электр жарыгы үчүн 1 сом 9 тыйындан, андан ашкан ар бир киловатт-саат үчүн 2 сом 52 тыйындан төлөөгө тийиш. Демилге колдоо тапса, жаңы тариф 2021-жылдын сентябрь айынан тарта иштеп баштайт.
Быйыл апрель айында электр жарыгы боюнча жаңы тарифтер коюлары маалымдалган. Анда калкка 1 киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1 сом 48 тыйын, анын ичинде жакыр жашагандарга 74 тыйындан төлөтүү сунушталган. Бул демилге коомчулук тарабынан сынга кабылган эле.
Айта кетсек, учурда калк 700 киловатт-саатка чейин пайдаланган электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашкан ар бир киловатт-саат үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөйт.
Жолдубек Качкынбаев