Президенттик администрация Кыргыз-Тажик чек арасында 28-30-апрелде болгон окуяга байланыштуу Кыргыздын айрым жарандарынын Эл аралык кылмыш сотуна кайрылганы боюнча билдирүү жасады.
Президенттик аппарат "Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо иши дипломатиялык негизде жүрүп жатат, ушундай учурда айрым күчтөр эки тараптуу мамилени начарлатууга кызыкдар болушу мүмкүн" деп билдирди. Чек ара маселеси кылдаттыкты талап кылат, Эл аралык сотко кайрылуу өңдүү демилгелер маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө зыянын тийгизиши мүмкүн деген пикирде президенттик администрация.
Буга чейин юрист Сания Токтогазиева Кыргызга куралдуу кол салган Тажикстандын аракети боюнча Эл аралык сотко арыз жолдогон.
Айта кетсек, апрель айында Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуяда 36 Кыргыз жараны каза болгон.
Жолдубек Качкынбаев