14-июнда Чүйдүн Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй жана Камышановка айылдарынын тургундары сугат суу тартыштыгын айтып өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.
Чогулгандар эгин талаалары куурап баратканын, тез арада суу берилбесе дыйкандар түшүмдөн куру калышарын айтышты. Кыргызстан коңшу Казакстан жана Өзбекстан менен келишим түзүп, сууну электр энергиясына алмашып жатат деген маалымат боюнча да жооп талап кылышты.
Буга чейин суу жетпей жатат деп Чүйдүн башка айылдарынын тургундары да митингге чыгышкан.
Бул арада “Электр станциялары” ишканасы 1-июндан тарта Казакстан менен Өзбекстандан мурда алынган электр энергиясын кайтарып берүү башталганын ачыктады. Бул өлкөлөр ортосунда түзүлгөн келишимдин шарты экенин билдирди.
Аталган келишим быйыл март айында түзүлгөн. Ага ылайык, Казакстан 2021-жылдын март айынан ноябрь айына чейин Кыргызстанга 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Өзбекстан 2021-жылдын мартынан 2022-жылдын апрелине чейин 750 миллион киловатт-саат электр жарыгын берүүгө тийиш. Кыргыз өлкөсү жалпы 1 миллиард 650 миллион киловатт-саат электр жарыгын алат. Келишимге ылайык, Кыргыз тарап 2021-2023-жылдары июнь-август айларында аталган эки өлкөгө 550 миллион киловатт-саатка чейин электр энергиясын кайтарышы керек.
Үстүбүздөгү жылдын март-май айларында Казакстан менен Өзбекстандан өлкөгө 675,9 миллион киловатт-саат электр энергиясы алынганы айтылат.
Учурда Токтогул суу сактагычында 10 миллиард 843 миллион метр куб суу бар (15-июнга карата).
Жолдубек Качкынбаев